“Санарип кампа” — билим берүүнүн жаңы баскычы

  • 30.01.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин «Санарип кампа» санариптик билим берүү платформасы пилоттук режимде иштей баштады. Бул платформа Кыргызстанда улуттук билим берүүнүн жаңы модели кирип жатканда мыкты табылга. Ал мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде жеткирет.

“Санарип кампа” - билим берүүнүн жаңы баскычы

“Санарип кампа” деген эмне?

«Санарип кампа» санариптик билим берүү платформасы 5-11-класстар үчүн арналган. Анда мугалимдер табигый илим предметтери (STEM) — математика, физика, биология, химия жана география боюнча кошумча окуу материалдарын тапса болот. Бул платформа билим берүү процессин санариптештирүүгө, жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле мугалимдер жана окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү маанилүү кадам. Мугалимдин убактысын үнөмдөп, ишин жеңилдеткен акысыз кампа.

Платформа эмнелерден турат:

  • Видеосабак;
  • Презентация;
  • Интерактивдүү симуляторлор;
  • Инфографика;
  • 3D-моделдер;
  • Тесттик көнүгүүлөр.

Мугалимдер платформадагы маалыматтарды колдонуп гана тим болбостон, окуу пландарын, тесттерди, үй тапшырмаларын жасалма интеллекттин жардамы менен даярдоого мүмкүнчүлүк алат.

“Санарип кампа” - билим берүүнүн жаңы баскычыБилим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева бул платформа дайыма жаңыланып турарын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду:

“Учурда «Алтын Казык» программасынын алкагында ар бир мугалимге акысыз ноутбук берилип жатат. Бул ноутбуктарга «Санарип кампа», «Электрондук күндөлүк» тиркемелери киргизилүүдө. Бул жерден мугалимдерге түшүндүрүп айта кетүү керек, “Санарип кампа” платформасында миңге жакын окуу материалдары кыргыз тилинде жайгаштырылган. Ал чоң ресурс, бир терабайтка жакын. Андыктан толук версиясын ноутбукка жүктөй албайбыз. Мугалимдер биздин серверге кирип, керектүү материалдарын ачып пайдалана алат. Бул платформа дайыма жаңыланып тургандыктан, мугалим бир көчүрүп алуу менен чектелбеши керек”.

Ноябрдан тарта платформанын бир тутуму катары иштеп жаткан Э-Күндөлүк мектептерге тест-режиминде киргизилди. Бул жакта мугалимдер бааларды онлайн режимде коёт. Мунун негизинде алдыдагы окуу жылында кагаз журналдар толугу менен жоюлат. Андан сырткары мугалимдер бардык отчётторду электрондук түрдө тапшыра алат.

“Мугалимдер платформаны колдонуу менен сабактарды кызыктуу, жеткиликтүү жана интерактивдүү өтүп, берилген тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөп, жыйынтыктарды баалай алат. Окуучулар болсо темаларды өз алдынча үйрөнүп, тест аркылуу билимин текшерсе болот. Бул мугалим менен окуучунун ортосундагы карым-катышты жакшыртып, окуу процессин өркүндөтүү үчүн кайтарым байланышты камсыз кылат”, – деп кошумчалады Лира Самыкбаева.

Бул платформа жүктөлгөн ноутбуктарды алгач Ысык-Көл облустук Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейинин  STEM багытындагы 21 мугалими алды.

— “Санарип кампада” предметтик мугалимдер үчүн презентациялар, окуу китеби, симуляторлор, 3d моделдер, пландар жана көнүгүүлөр жүктөлгөн. Мугалимдин сабакка даярдануусу жеңилдеп, сабакта санарип каражаттарын колдонууга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлдү, — дейт лицейдин директору Айзада Апазова.

Белгилей кетсек, бул ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулган. Ата мекендик ноутбуктардын техникалык жарамдуулугун Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия тыкыр текшерүүдөн өткөргөн.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Комментарии