Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды
- 27.02.2015
- 0
25-февралда КР Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөдөгү жогорку окуу жайларды оп-тималдаштыруу жана илим тармагын реформалоо бо-юнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар менен таанышты.
Президент АлмазбекАтамбаев менен министр Эльвира Сариева ошондой эле ушул жылы пландашты-рылып жаткан мектеп муга-лимдеринин эмгек акыларын жогорулатууну талкуулашты.
Мамлекет башчысы би-лим берүү тармагын жана илим системасын модерни-зациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар өлкөнүн кызыкчылыгына жана мезгил талабына толугу менен жооп берүүгө тийиш экендигин белгиледи.
“Өкмөт Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын ре-алдуу жогорулатуу боюнча иштиктүү кадамдарды жасо-ого тийиш, жарандарыбыз реформанын жыйынтык-тарын иш жүзүндө сезиши керек”, — деди Алмазбек Атамбаев.
Эске салсак, жаӊы жыл-дын алгачкы жумасында Президент Алмазбек Атам-баев каржы министри Оль-га Лаврованы кабыл алып, мугалимдердин эмгек мая-насын 50 пайызга көтөрүүнү тапшырган эле. Каржы ми-нистри мугалимдердин ма-янасы ушул жылдын экинчи жарымында жогорулаарын, алдын-ала эсептөөлөр бо-юнча ал үчүн 6 млрд. сом керектелээрин, ага сарпта-луучу каражат май айында Бажы биримдигине кирген-ден кийин түшкөн каражат-тан алынаарын билдирген.
Эмгек акылары окуу жүктөмүнө жараша анык-талган мугалимдердин көпчүлүгү орто эсеп ме-нен 4-5 миӊ сом алыша-ары маалым. Инфляция күндөн-күнгө өсүп жаткан мезгилде аз айлык алган мугалимдердин абалына ЖК депутаттары, агартуу-чулардын профсоюз уюму да көптөн бери тынчсыз-данышып, алардын айлык маянасын көтөрүү жолдорун кантип тапсак болот деген ой-сунуштарын билдирип келишкен. Алсак, агартуу тармагынын профсоюз уюму билдирген маалыматтарда белгиленгендей, 2011-жылы мугалимдердин эмгек акы-сы эки же эки жарым эсеге көбөйөт деген убада эмди-гиче аткарылбай, ал болгону 1,8 эсе гана көбөйгөндүгүнө, керек болсо, минималдык керектөө баштыгына да жет-пей келатканы тууралуу ой-пикирлер айтылууда.
А.КАШЫБАЕВА,
“Кутбилим”
Комментарии