Пилоттук мектептердин окуучулары ысык тамак менен камсыз болушту

  • 15.11.2013
  • 0

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) мектеп окуучуларынын тамагын жакшыртуу боюнча долбооруна республиканын он эки районунда жайгашкан 59 мектеп тандалып алынган. Бул мектептер 322 миң долларлык технологиялык жабдыктар менен камсыз болушту. Жакында Өкмөттүн алдында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ долбоорго кирген Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө типтүү орто мектепке жана А.Абдыкеримов атындагы типтүү эмес орто мектепке барып, окуу жайлардын керектүү техникалар менен камсыз болгонун жана окуучулардын тамактануусунун уюштурулушун көрүп келишти.

Долбоорго кирген беш облус
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаеванын берген маалыматына таянсак, 2012-жылдын сентябрында чыккан Өкмөттүн тескемесинин негизинде вице-премьер-министр К.Талиева башында турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун максаты – Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасынын (мында ары ДАП) мектеп тамагын жакшыртуу боюнча долбооруна жардам берүүнү көздөйт.
— Тескемеде каралган критерийлердин негизинде 12 райондон 59 мектеп пилоттук деп тандалып алынган. Долбоорго Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары кирбей калды. Анткени бул областтар тандалып алынган критерийлерге туура келбей калган. Алыскы, дотациялык райондордо жайгашкан мектептер долбоорго киргизилсин деп сунуштадык, себеби ошол жактагы мектептердин тамактануусун да жакшыртуу зарыл. Анткени 2010-жылдагы Өкмөттүн токтому менен алыскы тоолуу райондордогу башталгыч класстардын окуучуларына берилүүчү тамакка 10 сом бөлүнсө, калган жерлерде 7 сом каралган. Чүйдө деле, Таласта деле мындай мектептер бар. Ошондуктан бул областтарды да кийинки агымга (поток) кошкула деп жатабыз. Учурда долбоорго 59 мектеп кирген. Долбоордун алкагында республика боюнча 250 мектеп тандалып алынат. Азыр биринчи гана этабы ишке ашырылууда. Калган этаптарга карата тармактар аралык топ аркылуу критерийлер толукталып жатат, — дейт Назгүл Мусаева.

Мектеп маселесин чечкен айыл өкмөттөрү
Долбоордун биринчи этабына кирген мектептерге айыл өкмөттөрү ысык, муздак сууларын киргизип беришкен. Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн эсебинен тамакка кошумча беш сом каралган. Себеби Өкмөттүн токтомунда окуучуларга ысык тамак даярдаган ашпозчу штаты каралган эмес, болгону тамак берүүчү кызматкер (кухработник) деген штат бар. Ошондуктан айыл өкмөтү кошуп берген акчанын эсебинен ашпозчунун штаты чечилип, азыр пилоттук мектептерде ашпозчулар иштеп жатышат. Бирок бул дагы туруктуу эмес. Эгерде айыл өкмөтү эртеңки күнү кошумча каражатты кандайдыр бир себеп менен бөлүп бербей койсо, анда бул мектептерде кайра бул маселе көтөрүлөт. -Ашпозчу штатын ачып берүү маселеси өкмөттүн деңгээлинде көтөрүлүп жатат.
Тамактын тазалыгын, сапаттуулугун караган медициналык да айым керек болуп жатат. Ошондуктан ата-энелер деле сыртта калышкан жок, айрымдары өз ыктыяры менен каражат кошуп, т.а. кээ бир жерде 10 сомдон, айрымдары 5 сомдон, болбоду дегенде бир сомдон кошуп, демөөрчүлүк кылышууда. ДАП тарабынан 59 мектеп тең керектүү технологиялык буюмдар менен жабдылды, т.а. муздаткыч, газ плита, нан бышырган печка, картошка тазалагыч, камыр жууруган машина, электрондук тараза, ботко жасоочу мискейлерден бери камсыз болушту, — дейт министрликтин башкы адиси.

Азык-түлүк тендер менен алынат
Долбоор үч жарым жыл иштейт. Ушул аралыкта пилоттук мектептер бекер байытылган ун менен камсыз болушат. Унду ДАП камсыздайт. Анткени Кыргызстанда байытылган ун жок экен.
— Байытылган ундун курамында балдардын ден соолугун чың кылуучу витаминдер бар. Ошол ундан балдарга булочка, пирожки жасап берип жатышат. Өкмөт берген 10 сомго бардык эле мектептерде ысык тамак уюштурса болот. Кээ бир мектептерде мурда эле ысык тамак уюштурулган. Бирок бул жерлердин санитардык абалы талапка жооп бербейт. Маселен, айрым мектептерде суу, ашпозчу маселеси чечилген эмес. Ар кандай шартта тамак даярдаган учурлар кездешет. Мындай мектептерде балдардын тамактан уулануу коркунучу бар, — дейт Назгүл Мусаева.
Өкмөттүн токтому боюнча башталгыч класстын окуучуларына булочка менен чай берилет. Бирок он сом булочка менен чайга көптүк кылып, айрым мектептерде ботко (каша) жасап берген учурлар бар. Андыктан биринчи кезекте ошол тамак даярдалчу жайды санитардык эрежеге тууралаш керектигин адистер айтышууда. Ошондо гана коркунучсуз, балдарга толук кандуу тамак берсе болот.
Пилоттук 59 мектептин 5-6 мектебинде суу чыгарыла элек. Анткени кээ бир мектептер суу чыккан жерден алыс жайгашкан, же болбосо айылдын өзүндө дегеле таза суу жок. Андыктан бул мектептерде келечекте суу чыгарып берүү маселеси каралып, учурда ысык тамак эмес, жакшыртылган сүт берилип жатат. Ысык тамакка деп бөлүнгөн 10 сомдун эсебинен ал жердеги окуучулар булочка менен чай ичпестен, бир күнү айран, бир күнү сүт, бир күнү компот ичет.
— Сүт маселеси мындай чечилген. Айыл жеринде ую бар адамдар болсо, ошол уйду мал доктур текшерип, алты ай сайын прививка жасап турат. Сүттүн сапатын санитардык эпидемиологиялык станция текшерет. Иштелип чыккан Программада жергиликтүү дыйкандардан азык-түлүктөрүн сатып алуу каралган жана ошолорго көбүрөөк басым жасалат. Балдарга тамак бергенде тамактардын сапатын карашыбыз керек. Ал сапатын биз кантип текшеребиз? Ошондуктан сөзсүз түрдө сатылып алынган азык-түлүктүн сапатын тастыктаган сертификат болуш керек. Мисалы, Кочкорду алалы, ал жерде дыйкандар картошка сатышат. Мектептин ашканасына бир жылга бир эле тонна картошка керек. Бирок аны сактаганга мектептин кампасы жок. Бул дагы проблема. Анткени дыйкандар жыл бою кампасын бошотпой, мектеп үчүн ай сайын сертификат алып турууну каалабайт. Андан көрөкчө арзан болсо да товарын дүңүнөн сатып, кампасын бошотуп алганы оң, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери.
Иш бар жерде, кемчилик бар
Ведомстволор аралык жумушчу топто бир топ министрликтердин өкүлдөрү бар. Ошол өкүлдөрдү, депутаттарды чакырып, Билим берүү жана илим министрлиги Кочкор районундагы пилоттук мектептерге алып барып, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде тааныштырышты.
— Жолугушууну уюштуруубуздун себеби – башка министрликтерди, эл өкүлдөрүнүн көңүлүн мектептерге бургубуз келди. Жетишкендиктер менен көйгөлөрдү көрсүн дедик. Программанын алкагында мектептер кандай технологиялык жабдыктар менен жабдылганын, балдар кандай тамак ичип жатышканын көрсөттүк. Жолугушууда мектеп директорлору көйгөйлөрүн ортого салышты. Эң башкысы, ашпозчу штатын чечип берүүнү өтүнүштү. Анткени тамак бергенден кийин, ошол жерде жумуш орду туруктуу болуусу зарыл экенин, ал штат ата-энелердин же айыл өкмөттөн эмес Өкмөттөн каржыланыш керек экенин айтышты. Экинчиден, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү пилотко жаңы кирген балдардын ден соолугун текшерип, бир нече убакыт өткөндөн кийин кайра текшерип, ошол бала ичип жаткан тамак анын өсүшүнө таасир бергенин карашы зарыл экенин баса белгилешти. Мектептин тамагын жакшыртуу боюнча “Тамакты жакшыртуунун улуттук концепциясын” иштеп чыгуу максаты турат. Окуучуларга сапаттуу тамак берүү үчүн түзүлгөн топтогу өкүлдөр ар бири өз тармагы боюнча жоопкерчиликти көтөрүүсү зарыл. Анткени долбоордун ишин текшерип барганда жеринде бир топ маселелерге бар экенин көрдүк. Учурда пилоттук мектептерде тамак берүү үч этапка бөлүнгөн: жакшыртылган сүт, ботко (каша), ысык тамак. Таптакыр суусу жок мектептерде жакшыртылган сүт берилип жатат. Ал эми суусу кирген, бирок кандайдыр бир себептер менен санитардык абалы толугу менен туура келбеген мектептер, т.а. ашканасы кичинекей, же болбосо азык-түлүктү сактаганга кампасы жок көйгөйлөрү бар мектептерде ботко (каша) берилүүдө. Анткени кашанын түйшүгү ысык тамакка караганда жеңил. Бардыгы туура келген, шарты ылайыктуу мектептерде толук кандуу ысык тамак бериле башталды. Бир күнү гречка менен суп, экинчи күнү картошка менен, үчүнчү күнү кесме менен суп берилип атат, — дейт министрликтин кызматкери.
“Чтобы пилот не остался пилотом”
Надежда Франк, директор проекта ВПП ООН:
— Цель проекта – помочь Правительству Кыргызской Республики улучшить существующую программу школьного питания. Мы планируем достигнуть это двумя путями: первое – в первую очередь оказание помощи на центральном уровне технической поддержкой, разработки концепции и документы национальной программы школьного питания, в которых бы было описано каким образом будет выполняться программа и какие перспективы есть для выполнения программы, кто и за что ответственный, и каким образом будет организовано механизмы выполнения этой программы.
В настоящее время существует ряд законов, распоряжений и постановлений, но нет единого документа, которая описывала бы все технические детали и направления этой программы. Т.е. ВПП ООН основываясь на свои 45-летнем опыте реализации программы школьного питания более чем в 65 странах мира, готова оказать подобную техническую поддержку для того, чтобы направить этот процесс и помочь, естественно, Правительству, и в первую очередь, Министерству образования и науки Кыргызской Республики, которая сейчас ответственна за программу школьного питания, а также сформулировать эти документы, и внести изменения в нормативно-правовую базу если будут таковые необходимости. Это первый компонент. И второй компонент, мы хотим не просто говорить теорию, как должна развиваться школьное питание в Кыргызской Республике, а на практике и на примере пилотных школ показать каким образом эта программа может развиваться.
Полгода назад нам говорили, что невозможно организовывать горячее питание на 7 или 10 сомов. Сегодня в конце октября мы видим, что возможно это делать на выделяемые средства Правительства, потому что полгода назад основным аргументом наших оппонентов было то, что единственный путь улучшения школьного питания – это увеличение государственного бюджета. Мы говорили, если эффективно использовать существующие средства выделяемые Правительством Кыргызской Республики, то возможно организовать горячее питание. И мы оказались правы.
18 октября с представителями межправительственной рабочей комиссией во главе заместителем министра образования Догдуркуль Кендирбаевой ездили в три школы Кочкорского района, две из них были пилотные. Обе школы получают 10 сомов на ребенка в день на питания. В первой школе был вариант улучшенное школьное молоко, а во второй школе был вариант предоставление горячего питания с выдачей первого блюда. В пятницу дети могли кушать борщ приготовленный на мясе, свежую выпеченную булочку, которая была сделана из обогащенной муки, и компот.
ВПП ООН дает только муку, и 60 граммов муки на ребенка в день, это где-то 1.8 сомов. Это небольшая сумма, и она не повлияет на устойчивость проекта впоследствии. Родители пока не выделяют дополнительные средства, но уже понятно на 11.8 сомов возможно делать подобное горячее питание. И более того скажу, что не только умудряются на 11.8 сомов делать горячее питание, но у них остаются средства на которые закупают печенье, т.е. к существующим средствам Правительства вполне достаточно организовать более качественное питание. Пусть это будет два раза в неделю каша, один раз суп, пусть 3 раза в неделю суп, это все равно лучше, чем булочка и чай. А чай вообще не рекомендуется детям давать, поскольку они способствуют усвоению железа.
ВПП дает не только бесплатную муку, мы предоставили технологическое оборудование на 59 школ стоимостью 322 тыс. долларов. И плюс дополнительно дозакупаем оборудование тестомешалки, т.е. средняя сумма выделенного оборудования на школу сейчас 5, 5 тыс. долларов, и вариьируется она в зависимости от модели питания и от зависимости количество детей питающихся в школе от 2,5 тыс. до 8,5 тыс. долларов на школу. Это первый момент.
Второй момент ВПП ООН будет оказывать поддержку в решении инфраструктурных вопросов. Есть школы, что где нет в селе вообще воды, существуют проблемы с электросетью, тяжело этим школам самостоятельно решать эти проблемы. На данном этапе мы выбрали 9 школ, и ВПП поможет решить инфраструктурные вопросы, и они весьма дорогостоящие. Третий момент, что касается муки. Дети получают качественную, обогащенную муку, с точки зрения вкладов качество питания. Изначально проект был рассчитан на шесть видов продуктов. Но Правительство Кыргызской Республики, в том числе Министерство образования и науки была обеспокоена, тем, что это может поставить под угрозу устойчивость проекта. Т.е. если ВПП ООН теоретически будет давать продукты на дополнительное 10 сомов, потом когда через 3,5 года закончится проект, каким образом будет Правительство замещать эти средства. Поэтому мы совместно с межведомственной рабочей комиссией под председательством вице-премьера-министра К.Талиевой и с Министерством образования пришли к выводу, что необходимо пересмотреть наш рацион для того, чтобы самое главное обеспечить устойчивость проекта.
Мы планируем плотную работу по двум компонентам, но для нас самое главное, чтобы пилот не остался пилотом. Те усилия, которые предпринимаются всеми, и в первую очередь, школами, родителями, органами местного самоуправления, районо, гигантскими усилиями, которые сейчас предпринимаются Министерством образования и науки, Министерством здравоохранения, чтобы они не остались на уровне пилота, поэтому мы в рамках технической поддержки будем разрабатывать план перехода от пилотирования, потому что эта программа должна внедряться и в других школах страны.
Критерии по отбору пилотных школ были разработаны межведомственной рабочей комиссией и они включали ряд критериев, которые соответствуют как мандаты ВПП, так и критериям подходящим к контексту Кыргызской Республики. В первую очередь это области с высоким процентом семьи, где низкий статус продовольственной безопасности, во-вторых, это уровень бедности, потому что по мандату ВПП ООН мы должны оказывать поддержку, именно, наиболее уязвимым селам и слоям населения. Далее также были критерии по опыту работы ВПП ООН за определенными органами местного самоуправления, потому что у нас большое количество программ, которое мы выполняли на основании того, насколько активно некоторые айыл окмоту выполняли эту работу, мы также выбирали по этому критерию. Школы не должны были входить в проект Мерсико по школьному питанию, которые сейчас выполняется в республике. Мы также выбирали школы, которые могут совпадать с проектом ЮНИСЕФ по обеспечению водоснабжению и санитарии на юге, и школы, которые проводят, а также участвуют в проекте Корпуса Милосердия.
На первом этапе мы не учли вопросы коммуникации. И это один из уроков первого потока. Почему мы сразу не стали брать все 250 школ? Надо было посмотреть выбранные школы и изучить наработанный опыт, и придти ко второму, и последующим потокам. Коммуникацию мы будем учитывать в выборе следующих школ, потому что иначе этот проект может превратиться не в оптимизацию школьного питания, а в инфраструктурный проект. Однако, принципиально мы считаем, что было бы неправильно исключать вообще из этого пилота школ, где нет воды, и где нет канализации. Если мы хотим, чтобы эти примеры потом внедрялись и в других школах, мы должны разработать пути решения этих проблем и показать как пример. Мы однозначно будем учитывать вопрос коммуникации на втором потоке, но в любои случае, ВПП ООН будет рассматривать возможность оказания поддержки с точки зрения инфраструктуры водоснабжения и санитарии, потому что этот вопрос во многих школах Кыргызстана стоит остро. Мы не хотим исключать эти школы из проекта, только из-за того только что нет воды. Горячее и правильное питание нужно абсолютно всем детям, независимо в какой школе они учатся.
Сыдыков Жайдарбек, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси:
— ДАП республика боюнча 59 мектепти тамак жасоочу, сактоочу буюмдар менен камсыз кылды. Райондук билим берүү бөлүмү, райондук мамлекеттик администрация, жергиликтүү айыл өкмөттөрү ошол жабдыктарды алуу үчүн ириде суу түтүктөрүн мектепке киргизип, электр трубаларын орнотуп беришибиз керек болчу. Алардын баарын биз орнотуп берип, даярдап бүткөндөн кийин жабдыктарын алдык. 1-сентябрдан баштап 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак бере баштадык. Календеров атындагы жана К.Молдобасанов атындагы орто мектептерде ысык тамак бериле башталды. Жакшыртылган сүт, гречка менен жасалган ботко берип жатабыз. Ата-энелер дагы бул долбоор башталганы балдардын толук кандуу тамактануусуна кам көрүшүп, эки сомдон ыктыярдуу чогулутуп жатышат. Маселен, бюджеттен 10 сом бөлүнсө, ата-эне 2 сом кошуп, т.а. тамак ичкен 50 бала болсо, 2 сомдон күнүнө 500 сом чогултулат. Ата-эне өздөрү айтышат, балдарга бул тамактарды алып бергиле деп. Компот, айран, булочка ж.б.у.с. тамактарга заказ беришет. Тамак ата-эненин макулдугу менен жасалат, ал эми мектеп директору чогултулган каражатты максатсыз жумшай албайт.
Каражатты жумшоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн, анын курамына мектеп жамаатынан, ата-энелер комитетинен, жергиликтүү кеңештен, айыл өкмөтүнөн киргизилген. Ошол комиссия акчаны чечишет. Декабрга чейин долбоордун уюштуруучулары ун менен камсыз кылышты.
Бүгүнкү күндөгү олутутуу маселе — ашпозчунун жоктугу. Программада ашкана кызматкери (кухработник) деген гана штат бар. Ал болгону тамак таркатып гана бериши керек, айла жоктон ал ысык тамак да жасап берип жатат. Бул боюнча биз министрликке, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөтүнө дагы кайрылганбыз. Анткени кээ бир мектептерде 300-400 бала тамак ичет, аларга бир киши жетишпейт экен.
Молдош Чакиев, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
— Бириккен Улуттар Уюмунун ДАПнын долбооруна биздин райондон беш мектеп кирген. Бул программага биздин мектептердин 50% катышууга конкурска арыз жазышкан болчу. Ошолордон беш гана мектеп өтүп, азыр иштеп жатышат. Балдарга тамак берүү кийинки үч айда жакшы уюштурулуп, азыр окуучулар ысык тамак ичип жатышат. Эки мектеп биринчиси, экинчиси менен тамак ичет, эки мектеп ботко (каша), бир мектептин балдарына жакшыртылган сүт берилет.
Мен көтөрүп жаткан маселелердин бири, Ак-Чий айылында 50-60 түтүн жайгашкан. Ал жердеги толук эмес орто мектепте 56 эле бала окуйт, анын 23-24 чай ичет. Бул айылдын мектебине суу кийирүү абдан кыйын, анткени айылдын өзүндө таза суу жок. Эгер ушул маселе чечилсе, берген жабдыктарына ылайык ботко же суп жасап бергенге болмок. Суусу, базасы бар мектептерге Ак-Чийге берилген жабдыктарын которуп койгула десем, суу чыгарууга жардам беребиз деп болбой жатышат.
Бул долбоорду өнүктүрүү керек, эң жакшы долбоор экен. Балдарга тамак берет дегендин өзү эле жакшы, жаш муундун келечегине, ден соолугуна пайдасы зор. Тамактануу окуучулардын сабакка тартылышына таасирин берет экен. Ата-энелер менен чогулуш өтүп, бул долбоорду алар колдоп, керек болсо балдарынан аянбай 1-2 сомдон жардам бере башташты. Ата-энеден түшкөн каражатка идиш-аяк алышса айрымдары, кээ бирлери картошка, пияз, сабиз сыяктуу азык-түлүк менен жардам берип жатышат. Бул жакшы ишти бардык мектептерге жайылтуу керек, бөлүп жарбай. Дагы бир сунушум, чоң, кичинекей мектептер бар. Ошолордун баарын борборлоштуруп, советтер союзундагыдай складдарды, базаларды түзүп, эт, картошка, сабиз, пияздарды даярдап, бир жерден өтүнмө (заявка) менен берүү керек. Ушуну уюштурса, көп деле чыгым кетчүдөй эмес. Өкмөт берген 10 сомго жакшынакай ысык тамак берсе болот.
Алтын Ураимова, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиялык көзөмөлдөө департаментинин бөлүм башчысы:
— Алыскы райондогу, эч кандай шарты жок, биздин оюбузга келбеген, мисалы, ушул жерге ысык тамак берүүгө болот деген жердеги балдарга камкордук көрүп, ошондой мектептерди тандап алышты. Мисалы, суусу жок жерлерде ысык тамак бергенге уруксат бербейбиз. Ушул мектептердин көбүндө ысык суу жок. Тамак берчү жерде ысык суусу, идиш-аяк жууганга канализациясы болуш керек. Ошондуктан сентябрга чейин ошондой талаптарга жооп беришин аракет кылып иштеп жатышты. Кээ бир мектептер каражатынын аздыгынан, жергиликтүү бийлик жардам бералбагандыктан кыйналып жатышат. Мисалы, 59 мектептин ичинен суу маселеси чечилбеген мектептер бар. Бул мектептерде ысык тамак бериле элек, бирок жакшыртылган сүт берилип жатат.
Жакшыртылган ун Россиядан келгенде бир сыйра текшердик. Кээ бир ундарда темир нормадан азыраак болуп калууда. Жалпы алганда ундар нормада.
Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии