Мугалим – мөмөлүү дарак
- 12.07.2013
- 0
«Окуу – билим азыгы, билим-ырыс азыгы» дегендей, «А» тамгасын таанытып, 10 жыл билим, таалим-тарбия берип, эрезеге жеткирген – бул мектеп. Ал эми ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, баланын жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, турмуш жолуна салган албетте, бул мугалим. Төмөндө туурунан миӊдеген окуучуларды учурган алтын уянын бири Бишкек шаарындагы №55 мектеп жана анын жетекчилиги жөнүндө сөз болмокчу.
Бул мектепте кыргыз, орус, түрк, азербайжан, немец, казак, татар, корей жана өзбек сыяктуу көп улуттуу окуучулар окушат. Мектепти 30 жылдык тажрыйбасы бар Замира Токтогулова жетектейт. Ал «Менин айтканым айткандай болсун» дебестен мугалимдердин дагы оюн угуп, алардын пикирин сыйлап, аларга тарбиячы дагы, өнөктөш жана насаатчы болуп келет. Мектептин жаш мугалимдерине усулдук көрсөтмөлөрдү берүүдөн эч тажабайт. Илимди, билимди баалап-барактаган жана жакшылыкты көрө билген, бар күчүн, убактысын ак эмгекке салган инсан. Көп улуттуу мектепти жетектөөдө биримдиктин, достуктун, ынтымактын өрүш алышына өбөлгө түзүп келет. Кандай гана мекеме болбосун анын ийгилиги жетекчиликтин жасаган ишине жараша болот эмеспи. Бул мектепти дагы бир топ ийгиликтер коштоп жүрөт. Тил – бардык нерсенин башаты, тарыхы, тамыры жана өзөгү. Тилсиз эл жок, тил элди эл кылып турган эӊ ыйык касиет. Мектепте дагы эне тилине жогорку деӊгээлде көӊүл бөлүнүп келет. Мамлекеттик тил боюнча мугалимдердин «Тил чебери» аттуу райондук сынагында Айтбаева Нурия алдыӊкы орунга татыктуу болсо, Курманжан Датканын өмүрү боюнча (театр сценка) райондук конкурста 7-класстын окуучулары үчүнчү орунга ээ болушкан. Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн декада күндөрүндө ачык сааттар, кечелер байма-бай өткөрүлүп турат. Райондук олимпиадага 42 окуучу катышып, эки окуучу алдыӊкы орунга ээ болду. Мугалим Д.Исанова «Окуучуларды куррикулум аркылуу эне тил жана адабиятын окутуунун негиздерин окутуу» деген методикалык темада иштеп, бир топ ийгиликтерди жаратып келет. Сүрөт мугалими Н.Савченко «Кыргыз орнаменттери» деген теманын үстүндө иштеп, окуучуларды өзүнө тартып, кол эмгеги менен алгылыктуу иштерди жасап, окуучулардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө аракет кылат. Аларды эмгек кылууга үйрөтүп, улуттук кол өнөрчүлүктү да аркалап келет. Колунан келген ар кандай иштерди аткарууга көндүрүп, алардын зарыл чеберчилигин, жөндөмдүүлүгүн байкап, тапшырган ишти тыкандык менен ак ниеттүү аткарууга үйрөтүп, жоопкерчилик сезимин тарбиялоодо адам канчалык туруктуулук менен иштесе бактылуу, таалайлуу жашай туугандыгын дайыма айтат.
Улуттук каада-салтты үйрөтүү боюнча адеп сабагынан Ажымамбетова Венера боз үйдүн тигилиши, аттын токулушу, койдун союлушу, улуттук оюн-зооктор боюнча мактоого татырлык ачык сабакты өттү.
Мектептин директору Замира Токтогулова жетекчи катары өз ишин мыкты билет жана талапты да катуу коет. Бирок эч качан өкүм сүйлөбөйт. Тескерисинче, жагымдуу, жумшак ак үнү менен эӊ жакшы түшүндүрөт. Окуучуну окуучу катары эмес инсан катары көрө билген, баланын кызыгуусун арттырып сыйлоосу да маанилүү болуп эсептелет. Мугалим, ата-эне, окуучу бирин- бири түшүнүп иштешкенде гана чоӊ ийгиликтер жаралаарын ата- энелер менен болгон маегинде баса көрсөтүп айтат. Дайыма бир калыпта, улуу кичүүгө бирдей өзгөрбөгөн сылык-сыпаа мамилеси анын бийик адамгерчилигинин күзгүсү. Замира Токтогулова — моралдык-нравалык турпаты, интеллектуалдык деӊгээли өтө бийик адам. Адамга пайдалуу иш үйрөткөн устат урмат-сыйга татыктуу. Илим-билимдүү, оор басырыктуу, токтоо, сабырдуу, салабаттуу, дайыма бир калыбынан жазбаган тулку бою тунук, акылдуу, көрөгөч адам.
Мектепте спорт зал ойдогудай. Өз Ата мекенин коргоого дайыма даяр турган эр жүрөк жана кайраттуу, дене жагынан чымыр адамдар керек. Ошондуктан билим берүүдө дене тарбия менен спортко зор көӊүл бурат. Дене тарбия сабагынан Болот Токтогулов жетектеген «Эр жигит» командасы райондук конкурста биринчи орунду алды. Мектептин китепканасын Попова Наталья жетектейт. Фондунда 1400 нуска китеп, 12000 нуска адабий китептер бар. «Манас» эпосу, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча бурч уюштурулган. Мектептин окуучулары жана мугалимдери китепканадан китеп гана албастан, руханий байлык да алышат.
Мугалимдин талбаган эмгегин айтып отурса эч түгөнбөгөн дастан болот. Бул макалада мугалимдин түмөндүү ишинин кичинекей гана бир үзүмү камтылды.
Күлүйпа МАМБЕТОВА, эмгекке үйрөтүү мугалими, Эл агартуунун отличниги.
Комментарии