«МЕКТЕПКЕ ЭРКЕК МУГАЛИМДЕР КЕРЕК»

  • 16.02.2015
  • 0

 Үзен АТАКАНОВ, Аксы районундагы №36 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин директору:

Элет мектептеринин жетекчилери болобу, мугалимдери болобу, айтор, борборго келишкенде сөзсүз «Кутбилимге» кайрылмайынча кетишпейт. Жаӊы жыл алдында жол арытып, жол карытып борбор калаага келген алыскы Аксы районундагы №36 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин директору Үзен агай редакцияга башбагып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мектепке эркек мугалимдерди тартуу, ошондой эле мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү тууралуу чакан маек куруп берди.

— Билим берүү тармагына эркек муга-лимдерди көбүрөөк тартуу керек. Анткени окуучулар агайлардын тарбиясына муктаж. Мектепке эркектин тону, үнү, тарбиясы ке-рек. Биздин мектепте эмгектенип жаткан 76 мугалимдин 15и эркек мугалимдер. Ошондуктан балдарды тарбиялоо үчүн «Балдар кеӊешин» түзгөнбүз. Эркек бал-дардын сабакка активдүүлүгүн арттыруу үчүн «Мырза жигит», «Сулуу кыз» сынакта-рын өткөрөбүз. Мындан сырткары, жалаӊ гана балдар аралык «Акыл ордо» сынагын өткөрүү адатка айланды. Мисалы, кээ бир эркек балдардын билими жакшы, бирок кыздардан, мугалимдерден тартынып, кол көтөрүп жооп бергиси келбейт. Ошондой эле мектептен качкан, шок балдарды да мектептен тышкаркы иштерге тартсак, кандайдыр бир аларда ишеним пайда болот экен. Айрым мугалимдер тентек, сабактан качкан, билими начар балдардын жалаӊ гана тескери жагын көрүп, айтып туруп алышат. Ал эми ошол балдарга эки сап ырды жаттатып, элдин алдына чыгарып, мактап турса балага стимул болот. Окубаган, сабакка кызыкпаган бала дагы мектепке тартыла баштайт. Ал эми билим сапатын арттыруунун жолу — мугалим, ата-эне жана окуучунун ортосундагы байланыш тыгыз болушу ке-рек. Мугалимдердин жөндөмү, ишке болгон мамилеси жогорулаганда гана билим сапаты жогорулайт. Кээ бир учурда теория жагынан күчтүү мугалим болушу мүмкүн, бирок практикада ал аксап калышы ык-тымал. Андыктан мугалимдерге усулдук өзгөчөлүктөрдү окутууда курстардан өткөрүп, мектеп ичинде семинарларды да өткөрүп турабыз. Эӊ негизгиси, оку-учунун билим сапаты эмне үчүн төмөн болуп жатат деп талкуу жүргүзүп, чындыгын жашырбай айтышыбыз керек. Кээ бир окуучунун дээринде аз болот, аны эч нерсе билбейсиӊ деп таштап койбош керек. Үчкө окуган баланы төрткө сүйрөш керек, төрткө окуганды бешке сүйрөш керек. Үчкө окуган балага мектеп программасынан сырткаркы тапшырмаларды да берсе болот.

— Сиздин баамыӊызда мугалим ким?

— Мектепте иштеп жаткан мугалим эӊ оболу — Дүйшөндүн шакирти деп ойлойм. Ошол кездеги шартта дагы Дүйшөн иш-теген экен. Азыр биз балдардын сапаттуу билим алуусуна күрөшпөсөк болбойт. Ошондуктан Дүйшөндү устатыбыз катары карап, анын жасаган ишинен үлгү алып, шыктанып иштешибиз керек. Мугалимди мен Күн деп элестетем. Ал баарына тегиз тийет. Баары мугалимден азык, тарбия алат. Күндүн астында баары өскөн сыяктуу. Экинчи, мугалимди Айга теӊейт элем. Анткени караӊгыда жарыкка карай жол көрсөтүп, окуучуну жарыкка жетелейт. Ошол эле учурда, мугалимди Жер деп айтат элем. Жер сыяктуу ал баарына чыдайт, кыйынчылыкты деле көтөрөт. Баарына мээрим төгөт, азык берет. Муга-лим — Тоо. Анткени ал тоо сыяктуу бийик жана улуу. Окуучуну бийиктикке алып чы-гат жана кылымдарга жашайт. Мугалим — Көл. Анткени ал окуучуга тереӊ жана бекем, кенен билим берет. Суу сыяктуу баарын жууп кетирет. Коомдогу бардык жаман нерселерди мугалим тазалайт. Эгерде коомду айыктырууну баштасак, анда мектептен башташ керек. Мугалим — Көгүчкөн. Мугалим бардык учурда, бардык жерде ынтымакты, тынчтыкты жактайт. Тынчтык үчүн күрөшөт. Мугалим — Ак куу. Бул аруулуктун, тазалыктын үлгүсү. Му-галим — Мөмөлүү дарак. Жайдыр-кыштыр мөмөсү салаалап бышып турат. Мугалим-дин мөмөсү кылымдарга жашай турган, эл үчүн кызмат кыла турган мөмө. Мугалимдин мөмөлөрүнө такыр курт түшпөсө экен деген тилек. Мөмө канчалык таза болсо, ал мугалимдин ишинин натыйжасы деп бааласа болот.

Мугалим — кесиптердин төрөсү,

Жайдыр-кыштыр  бышып  турган мөмөсү.

Мугалим — кесиптердин атасы,

Бардыгына тийип турат батасы.

— Эмгек акы көтөрүлгөнү менен муга-лимдер эмнегедир нааразы болушууда. Азыркы эмгек акы элетте жетеби?

— Менин келинчегим дагы мугалим. Беш балабыз бар. Айлык акы көтөрүлгөнү ме-нен ал каражат бала-бакыралуу үй-бүлөгө жетпейт. Мисалы, менин айлыгым жарым ставка сабагымды кошкондо 9300 сом, келинчегим бир ставка менен беш миӊ сом алат. Ал акча эмнеге жетет? Мамлекет ойлоно турган кез келди. Айрымдар сурап калышат: «Мектепте шабашкаӊар барбы?», — деп. «Эгерде мугалим беш минута кеч кирип, беш минута эрте чыкса — бул шабашка» дейм.

— Сиз жамаатыӊызга өрнөктүү жетекчимин деп ойлойсузбу?

— Мен жетектеген мектеп үч кабаттуу. Анда 1070 окуучу билим алат. Жаӊы окуу жылына даярдоо боюнча биздин мектеп район боюнча 1-орунду ээледик. Райондук олимпиадага 16 окуучу катышты. Алар облустук турга өтөт деген ишеничтемин. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына кара-та район аралык иш тажрыйба өткөрдүм. Менимче, сынактарга жалаӊ гана мугалим-дер катышпай, мектеп директорлору да катышканы туура деп эсептейм. Анткени бирде болбосо бирде айрым мугалим-дердин сезимин ойготот. Мисалы, мен мугалимдерди чакырып атайын ачык са-бак, класстан тышкаркы иштерди өтөм. Антпесе өзүм эч нерсе өтпөй туруп му-галимден кантип талап кылам? Албетте, менин сабагымды көргөн мугалим тыры-шып иштейт. Мен дагы алардан уялбай талап кыла алам. Берген ачык сабагыма анализ беришет. Анткени анализ бергенди үйрөнсө, ал жакшы мугалим. Мен ачык сабак өтсөм, албетте, окуу бөлүмүнүн башчысы да өтөт. Жакында эле «Акыл ордо» сынагын өткөрдүм. 8-класстын окуучуларынан се-гиз окуучуну тандап алып, анын башчы-сы кылып жаш мугалимди дайындадым. Суроо-жоопторду  өзүм  түзүп  келдим. Капитан болгон жаш мугалим командага эки жолу гана жардам бергенге укуктуу дедик. Ошондо окуучулар айтышты «чын эле окуучу менен мугалимдин ортосунда байланыш болот экен» деп. Максатына жетип, жакшы болду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии