КЫРГЫЗДЫН «ЖЕТИ» САНЫ

  • 16.04.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде жума сайын өтүп туруучу куратордук-тарбиялык ачык саатты ЭА-18 тайпасынын студенттери менен куратор Чынара Алыбаева ZOOM платформасын колдонуп өттү. Жалпы тайпада 17 студент болсо, алардын ичинен бир гана студент белгилүү себептер менен катыша албай калды, калган 16 студент катышып активдүүлүктөрүн көрсөтө алышты.

КЫРГЫЗДЫН «ЖЕТИ» САНЫОкутуучу Чынара Алыбаеванын берген малыматына таянсак, аралыктан окутуу менен аудиторияда окутуунун өтө чоң айырмачылыгы бар.

— Жакшы жагы буга чейин билбеген программалар менен иштөөнү, убакыттын үнөмдүү болот экенин билдик. Тескери жагы кээ бир студенттер ар кандай себептер менен ар бир сабакка убагында катыша албай калгандыгы, биринин шарты болсо, кээ бириники жок болуп артта калып жатышат. Ушундай оор шартка карабастан, биздин студенттерибиз куратордук-тарбиялык саатка активдүү катыша алышты. Студенттерибиз мындан ары дагы аралыктан окутууга көнүп, ийгиликтерди жаратышат деп ишенебиз, — дейт куратор.

Ал эми өткөн сабактын максаты — студенттер кыргыздагы сан маанилери эмнени түшүндүрөөрүн чечмелей алууга, студенттер «жети» санынын кыргыз элинде ээлеген ордун дайыма билип жүрүүгө, элдик каада-салттарды сактоого, аларды сыйлай билүүгө тарбияланышат.

Сабак учурунда куратор кыргыздагы «жети» саны эмнелерди билдирет? Биз байыркы көчмөн элдин урпактары, азыркы кезге чейин жети ыйык нерсени баалайбыз, алар кайсылар? Жети жок нерсе бар, алар кайсылар? «Манас» эпосунун жети осуяты; Жети ата; Бир жумада жети күн; Жетинин бири кыдыр; Асмандагы Жетиген жылдызы ж.б.у.с. суроолорду берип, студенттерден абдан кызыктуу жоопторду алганга үлгүрдү.

— Сабакта ата-бабаларыбыздан бизге калган «7» санынын кандай мурастары менен таанышып, эмне үчүн «7» деген сан ыйык сан катары таанылат экенин билдик. Берилген суроого ар бир студент активдүү катышып, өз ойлорун билдиришти, — дейт Ч.Алыбаева. — Жети саны кыргыз элинде дагы төмөнкүдөй мааниге ээ экен: калпак — бул жөн гана баш кийим эмес, бул — ыйык символ; «Манас» — кыргыз элинин руханий мурасы; комуз — элдин жаны; боз үй — мамлекеттин негизги символу; ат — адамдын канаты; Ысык-Көл — кыргыз бермети; сөз — кыргыздын санжыралуу казынасы.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии