Кызылча илдетин кантип жеӊебиз?

  • 16.02.2015
  • 0

child

      Кичинекей бөбөктөр жана өспүрүмдөр арасында “кызылча” илдетинин күчөп баратканы коомчулуктун көӊүл чордонунда болууда. Бул илдет адам топтошкон жерлерде аба аркылуу жугуштуу   мүнөзгө ээ болгондуктан, дарыгерлер бала бакча мекемелеринде, мектептерде өзгөчө этият болууну сунуштап жатышат.Ушул максатта медициналык кызматкерлердин жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин катышуусунда мектептерде кызылча илдетине кабылгандарды аныктоо боюнча текшерүүлөр байма-бай жүргүзүлүп, андан сактануунун жолдору тууралуу маалыматтар таркатылып жатат. Дарыгерлердин айтымында, сактануунун жана ооруну алдын алуунун бирден бир жолу – бул баланы эмдөөдөн өткөрүү. Эмдөө бала 12 айлык кезинде жана 6 жашында акысыз жүргүзүлүүгө тийиш.

Диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүүдө

Кызылча илдети аймактарга салыштырмалуу борбор калаада көбүрөөк катталууда. Айрыкча шаардын чет жактарында жайгашкан жаӊы конуштарда басым-дуу болуп жатканы байкалат. Жаӊы конуштарда ички миграциянын агымы менен келип каттоосуз жашаган тургундар арбын болгондуктан, санитардык-гигиеналык абалга көзөмөл жүргүзүү да талаптагыдай жүрө бербейт. Буга кошумча балдарын эмдетүүгө ачык эле макул болбогон ата-энелердин көбөйүп баратканы да жугуштуу илдеттердин жайылышына шарт түзүп жатканын адистер тынчсыздануу менен белгилешүүдө. Республикалык иммундук-профилактика борборунун директору Жолдош Калиловдун айтымында, акыркы эки-үч жыл аралыгында инфекциялык илдеттерге каршы эмдөөдөн баш тартышкандардын саны көбөйүп баратат.

— Ар бир бала вакцинация жүргүзүү, башкача айт-канда, эмдөө жолу аркылуу жугуштуу оорулардан кор-гонуу укугуна ээ экендигине карабай, кийинки жылдары эмдөөдөн баш тарткан жарандар көбөйүп баратат. Алардын катарына диний көз карашка берилген жаш үй-бүлөлөр кирет. Бүгүнкү күндө 6 миӊ 374 баланы ата-энелери эмдетпеген болсо, анын ичинен 4 миӊ 408 диний көз карашка дал келбейт деп баш тарткандар. Андай жаш ата-энелер балдарын эмдөөгө алып барбай жаткандарынын себебин баласынан кан алуу күнөө болот деп түшүндүрүшөт, — дейт Ж.Калилов. Ошол эле учурда диний ишенимди бекем туткан Сауд Аравиясына жыл сайын Мекеге ажылыкка ат-танышкан биздин жарандарга коюлуучу талаптардын бири – менингит жана сасык тумоо оорусуна каршы эмдөөдөн өтүү талабы экендиги маалым. Тагыраак айтканда, алар да өз демилгелери менен вакцинация жүргүзүү жолу аркылуу коомчулукту түрдүү жугуштуу оорулардан сактоого кызыкдар экендигин билдиришет. Ал эми биздин кээ бир жарандардын сабатсыздыгынан улам келечекте өзү үчүн эӊ баалуу баласынын ден соолугуна зыян келтирип жатканын азыр түшүнбөй жатканы өкүндүрбөй койбойт. Себеби жаш курагына байланыштуу кичинекей бөбөктөр эмдөөдөн өтүү же өтпөөнү тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондуктан, алардын белгисиз келечеги үчүн ата-эне катары өздөрү жооптуу экендигин толук аӊдап билбей жатышкан өӊдүү. Ушундай диний көз караштан улам кайгылуу аяктаган окуялар жок эмес. Бишкектеги жаӊы конуштардын биринде жашаган жаш үй-бүлөлөрдүн бири — Жума-дилдин үй-бүлөсү. Эки жаш адеп өздөрүнө болочок жар издегенде, түгөйлөрү диний жолдогу адам болсо экен деп тилешкендерин жашырышпайт. Ыйман жолун-дагы Жумадилге Нурзаттын жоолук салынып жүргөнү чечүүчү ролду ойноду. Ушундай бири-бирин түшүнүү жолу менен үйлөнгөн алар арадан көп өтпөй удаа эки кыздуу болушту. Бирок бирөөнү да эмдеттиришкен жок. Алардын мындай чечимин Нарындан атайын келген кайын энеси да колдоду. Тилекке каршы, экинчи кызы төрөлгөндө эле чабалыраак болуп төрөлгөндүктөн, көп ооручу. Колунда жогорку окуу жайдын диплому бар Нурзат эне катары ичинен тымызын догдурга алып барууну канчалык кааласа да, үй-бүлө башчысынын айтканынан чыга албай чайналып жүргөндө, кызы бир жашка толгондон көп өтпөй чарчап калды. Бул маалыматты бизге берген анын эжеси Нуркан кызынын күйүтүнөн чүнчүп жүргөн сиӊдисине кандай жардам берээрин билбей жаткандыгын билдирди.

— Сиӊдим ансыз да кызынан айрылып кан сыздап турганда, “сен туура эмес кылдыӊ” деп айтууга оо-зубуз да барбайт. Балким кызын убагында эмдетип турса, мындай болбойт беле. Жок дегенде догдурларга көрсөтүп турушса эмне? Кантели, Кудайдын жазмышы экен, бирок мен ушундай диний көз карашка өтө берилип кеткендерге бирде боорум ооруса, бирде кыжырым кай-начу болду. Диндин жакшы жактары көп эле, ошолорду ылгап, иргеп тутунуп, ал эми ден соолук, билим алуу сыяктуу өтө маанилүү иштерде коомдун талабынан чыгышпаса деп ойлойм, — дейт Нуркан.

Илдеттин тарашын эмдөө гана токтото алат

Кызылча илдети өткөн жылдын аягында эле баш көтөрүп, ага каршы ыкчам чаралар көрүлө баштаган эле. Расмий маалыматтар боюнча Жаӊы жылдын алгачкы эки жумасында эле инфекциялык ооруканага 550 бейтап кайрылып, алардын 360тан ашыгы ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер билдиришкендей, кызылча илдетине илешкендердин басымдуу көпчүлүгүнүн жаш өзгөчөлүгү – 10 жаштан 19 жашка чейинки эмделбегендер.Бул илдетти жеӊүүнүн жана ага кабылбоонун бирден бир чарасы – эмдөө экендигине карабай, жогоруда белгиленгендей, түрдүү себептер менен өз убагында медициналык талаптын чегинде эмдөөдөн өтпөй калган-дардын катарына ички жана тышкы миграция агымы менен жакынкы жана алыскы мамлекеттерге иш издеп аттанышкан өзүбүздүн жарандар менен кошо кеткен кичинекей балдар да кошулат. Анткени алардын басымдуу көпчүлүгү балдарын же убактылуу бирөөлөрдүкүнө таштап кетишет же өздөрү менен алып кетишет. Ал жакта деле туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнүнө эч ким кепилдик бере албайт. Тилекке каршы, акыркы учурларда билимдүү эле жаштар Интернет булактарынан эмдөө тууралуу ар түрдүү маанидеги маалыматтар менен таанышкан соӊ, кайчы пикирлерге кабылышууда. Ошондуктан дарыгерлер ата-энелер балдарына түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүп, так маалымат алуу үчүн жашаган жерине караштуу үй-бүлөлүк медициналык борборлорго барып, кеп-кеӊеш угууну сунушташат. Дарыгерлерден алган маалыматтарга таянсак, өз убагында паротитке каршы эмделбеген эркек бала келечекте тукумсуз болуп калуу коркунучу менен жашайт. Ал эми аял боюнда бар кезде кызамыкка чалдыкса, ал төрөгөн балдар тубаса илдеттер менен төрөлүшү толук ыктымал. Илимий жактан изилденгендей, кызылча илдети көп учурда көрүү, угуу органдарына терс таасир тийгизет жана өпкөнүн сезгенүү процессине (пневмония) жол ачат.

Сактыкка кордук жок

Ушул жуманын башында КР вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева катышкан атайын жыйында Кыр-гызстанга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан эксперт чакырылгандыгы, ал кызылча илдети боюнча абалга өз көз карашын билдирээри айтылган. Ал адистин берген баасына жараша да дагы башка кандай чаралар көрүлөөрү маалым болмокчу. Д.Ниязалиева ошондой эле учурда абал толук көзөмөлдө тургандыгын, Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү катышкан жыйында билим берүү мекемелерине карантин кийирүүгө эртелик кылаарын билдирген. “Адистер абалды көзөмөлдөшүүдө. Мындан тышкары дарыгерлер мугалимдер менен тыгыз иштешип, балдарга, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ата-энелер балдарынын абалына кылдат карашып, кандайдыр бир белгилердин пайда болгонун байкаар замат дароо ооруканага кайрылуулары керек экендигин өтүнүп жатабыз”, – деди вице-премьер министр.

Кызылча илдетинин белгилери кайсылар?

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти кызылчага каршы эмдетүүүчүн ата-энелерди Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылууларын өтүнүүдө. Ант-кени эмдетүү жолу аркылуу гана бул илдеттен кутулууга болот. Мындан тышкары, ата-энелер кандай белгилерге маани берүүсү керек? Биз Бишкек шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун балдар дарыгери Чынара Сатаровага кайрылып, ушул тууралуу маалымат алдык.

— Урматтуу ата-энелер! Эӊ оболу айтаарыбыз – жашаган аймагыӊарга жараша үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылып, жаш курагы боюнча балдарыӊыздарды эмдөөдөн өткөрүүнү кечеӊдетпеӊиздер. Эмдөө — биринчи кезекте баланын ден соолугу үчүн пайдалуу болсо, экинчиден, дарыгерлерге да жеӊилдик берет. Бул илдетке каршы бала бир жашка чыкканда жана алты жаш курагында эмделүүгө тийиш экенин унутпаӊыздар. Азыр эпидемия күч алып бараткандыгына байла-ныштуу өтө этият болууӊуздарды суранабыз. Эгерде балаӊыздын дене табы жогорулап, жөтөлүп, тамагы ооруп, алсырап жаткандыгын байкасаӊыздар, дароо дарыгерге кайрылыӊыздар же болбосо аны үйүӊүзгө чакырыӊыздар. Дайыма санитардык-гигиеналык норманы сактоо менен өзүӊүздүн жана жакындарыӊыздын саламаттыгын кор-гой аласыздар. Жугуштуу оорулар негизинен илдетке чалдыккан адамдан аба аркылуу жуккандыктан, өтө эти-ят болуӊуздар. Вирус сүйлөшүү учурунда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө шилекей аркылуу жугат. Адатта, мурда мындай оору менен ооруган адам башка оорубайт. Ал эми мурда оорубаса жана ага каршы эмделбесе, ал адам өмүр бою жуктуруп алуу коркунучунда жашайт жана бардык жаш курагында ооруп калышы ыктымал.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии