Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиадасы жөнүндөгү ЖОБО

  • 13.02.2015
  • 0

Буйрук №109/1, 2015-жыл, 06-февраль

9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүү жөнүндө“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”Мыйзамына ылайык окуучулардын кыргыз тили жана адабияты сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана балдардын инсандык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатында

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. 2014-2015-окуу жылында 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча «Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде» темасындагы республикалык олимпиада өткөрүлсүн.

  1. Республикалык  олимпиаданын  өткөрүү  баскычтары  жана  мөөнөттөрү төмөндөгүдөй:

— I баскыч — Кыргыз Республикасынын ар бир райондорунда /шаарларында 2015-жыл-дын 4 — мартында;

— II баскыч — Кыргыз Республикасынын областтарында, Бишкек жана Ош шаарларында 2015-жылдын 4-апрелинде;

— III жыйынтыктоочу баскычы — Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» лицейинде 2015-жыл-дын 15-майында өткөрүлсүн.

3. «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында 9-10-11- класстардын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча өткөрүлүүчү респу-бликалык олимпиадасы жөнүндөгү» Жобосу, олимпиаданын III баскычынын уюштуруу комитетинин, методикалык комиссиясынын жана командалардын сан курамдары 1- 2 — 3- тиркемелерге ылайык бекитилсин.

4. Олимпиаданын III жыйынтыктоочу баскычына сарпталуучу каражаттар Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин эсебинен жүргүзүлөрү эске алынсын.

5. Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, областтык билим берүү институттарынын, билим берүү усулдук борборлорунун жетекчилери:

5.1. I жана II баскычтардын катышуучуларынын жана команданын жетекчилеринин иш сапарына сарпталуучу каражаттары жөнөтүүчү тараптын эсебинен жүргүзүүнү камсыздашсын;

5.2. Олимпиаданын бардык баскычтарындагы катышуучулардын ден соолугуна жана өмүрүнүн коопсуздугуна тиешелүү иш-чаралар кабыл алынсын.

6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкары билим берүү башкармалыгына (М. Усеналиев) жүктөлсүн.

Негизи: Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин (2015-жылдын 26-ян-варындагы №01-6/55 каты.

Министрдин орун басары Т.А. АШЫМБАЕВА

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиадасы жөнүндөгүЖОБО

1.1.  Бул  республикалык  олимпиада окуучулардын кыргыз тили жана адабия-ты сабагына болгон кызыгуусун арттыруу, жөндөмдүү балдардын инсандык чыгарма-чылыгынын өнүгүшүн камсыз кылуу жана мамлекеттик тилдин маанисин, кадыр-бар-кын жогорулатуу максатында өткөрүлөт, олимпиаданын  уюштуруу  жана  өткөрүү тартибин аныктайт.

1.2. Олимпиада “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” деген темада өткөрүлөт.

1.3. Олимпиаданын максаты жана милдети:

—  окуучуларды  кыргыз  тилин,  өзүнүн мамлекетин сүйүүгө, руханий улуттук баалуулуктарын билүүсүнө үндөө;

— предмет боюнча окуучулардын тилди тереӊ өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзүү;

—  окуучулардын  коммуникативдик компетенттүүлүктөрүнүн калыптанышына өбөлгө түзүү;

— окуучулардын чыгармачылыгын жана ой-жүгүртүүсүн өркүндөтүү;

— адабий тилдеги оозеки жана жазуу нормасынын калыптанышын, сабаттуулук деӊгээлин өнүктүрүү;

— окуучулардын ой-жүгүртүү чабытын кеӊейтүү, кыргыз адабияты, маданияты, искусствосу, тарыхы, географиясы боюнча би-лимин өстүрүү, машыгууларын тереӊдетүү;

— окуучулардын тапкычтык, жаратмандык, ишмердүүлүк сыяктуу сапаттарын ачуу жана илимий көз карашын,көркөм–эстетикалык шыгын өнүктүрүү.

  1. Олимпиаданы  уюштуруу  жана өткөрүү тартиби

Олимпиада окутуу кыргыз жана орус /өзбек/тажик тилдериндеги 9-10-11-класстар-дын окуучуларынын арасында өткөрүлөт. Орус/ өзбек/тажик тилдериндеги класстарынан кыргыз улутундагы эмес башка улуттардын окуучуларынын катышуусуна басым коюлат.

2.1. Олимпиада үч баскычта өткөрүлөт:

—  I  -баскыч  –  Кыргыз  Республикасынын ар бир райондорунда (шаарларында) 2015-жылдын 4-мартында өткөрүлөт. Бул баскыч республика боюнча бир күндө, бир убакытта башталып, райондун жалпы орто билим берүү уюмдарынын 9-10-11-клас-старынан 6 окуучу катышат. Олимпиада-нын 1-баскычын өткөрүү жайы райондук/шаардык уюштуруу комитети тарабынан бекитилет;

— II — баскыч – Кыргыз Республикасы-нын  областтарында,  Бишкек  жана  Ош шаарларында 2015-жылдын 4-апрелинде өткөрүлөт. Бул баскычта райондук (шаар-дык) олимпиадалардан байгелүү орундар-ды ээлеген 6 окуучу катышат. 2-баскычтын өткөрүү жайын областтык усулдук билим берүү борборлорунун жана Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын уюштуруу комитеттери белгилейт жана жетектейт;

— III — жыйынтыктоочу баскыч — Биш-кек  шаарындагы  “Айчүрөк”  лицейинде 2015-жылдын  15-майында  өткөрүлөт.

Жыйынтыктоочу баскычына катышууга об-ласттык, Бишкек, Ош шаардык олимпиада-ларынан 1-байгелүү орунду ээлеген, алты окуучуну камтыган командалары чакырылат (командалык курам буйрукка тиркелет).

Олимпиаданын уюштуруу комитетинин курамына билим берүү бөлүмдөрүнүн кыз-маткерлери, республикалык жалпы билим берүү уюмдарынын жана Эл аралык “Себат” лицейлеринин мугалимдери кирет жана анын төрагасы, төраганын орун басары, катчысы аныкталып, буйрук менен бекитилет.Уюштуруу комитети курамы 5-7 кишиден турган компетенттүү адистерден калыстар тобун бекитет.

3. Олимпиаданы өткөрүү эрежелери

3.1. Олимпиада төмөндөгүдөй талап-тардын негизинде үч багытта жүргүзүлөт:

Биринчи багыт — Билим сынагы эссе (жазуу иши) формасында өткөрүлөт:

1) Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 9-10-11-класстары үчүн эссе формасындагы жазуу иштеринин болжолдуу темалары:

Өмүр шамын өйдөлөтүп кармагын,

Ар күнүӊдү эл журтуӊа арнагын.

Текке кетпес асыл эмгек жасасаӊ,

Ошол болот өлбөс болуп калганыӊ.

(М. Алыбаев)

Улуттук намыс болбосо — улуттук тил кайдан болсун?!

— Сен күйбөсөӊ, мен күйбөсөм, анда ким көөдөй түндү жарык кылат?

(Назим Хикмет)

— Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,

Ы р ы  ж о к  ө м ү р ү м ө  к а н а а т т а н б а й м .

(А.Осмонов)

— Ак иш кылып, ак сүйлөөгө сен көнүп,

Ашыгып жет адам деген жакшы атка!

(С. Жусуев)

— Айнектей арабыздан адам издейм,

Абийирин, ар намысын бийик койгон.

(Мирлан Самыйкожо)

2) Окутуу орус /өзбек/тажик тилдеринде жүргүзүлгөн 9-10-11-класстары үчүн эссе формасындагы жазуу иштеринин болжол-дуу темалары:

— Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

(А.Осмонов)

— Улут болсом -тилим менен улутмун.

(Э.Ибраевдин чыгармасынан);

— Айылым — алтын бешигим.

— Абийир тапса баласы, атасына бак конот.

— Ынтымак түбү – ийгилик.

— Бактылуу балалык балдардын баарында барбы?

Катышуучуларга коюлуучу талаптар:Кыргыз тилинде окуган катышуучулар-га 250 сөздү, орус/өзбек/тажик тилдеринде окуган катышуучуларга 200 сөздү камтыган жогоруда көрсөтүлгөн болжолдуу темалар-дын тегерегинде эссе жазуу сунушталып, ар бир окуучунун жазуу иштериндеги текст менен иштөө чеберчилигин көрсөтүүсү, теманы ача билүүсү, сабаттуулугу, тил байлыгы жана ой жүгүртүүсү бааланат. Тексттин мазмуну менен формасын туура жана так айкалышуусуна негизделип, темага карата ар бир окуучу белгилүү жанрда өз көз кара-шын чыгармачылык менен билдиргенине артыкчылык берилет. Эссе жазуу үчүн 120 мүнөт берилет.

Экинчи багыт — Билим сынагы көркөм окуу жана фольклордук чыгарманы ат-каруу формаларында өткөрүлөт. Катышуучуларга коюлуучу талаптар:бир эле окуучу көркөм окуп, фольклордук чыгарманы аткарат. Адабият жанрынан кыргыз тилинде окуган катышуучуларга 40 сапты, орус/ өзбек/тажик тилдеринде окуган катышуучулар-га 30 сапты камтыган, поэзия, проза жана драматургия жанрларынан кыргыз тилинде окуган катышуучуларга 300 сөздөн, орус/ өзбек/тажик тилдеринде окуган катышуучуларга 200 сөздөн турган көркөм текстти көркөм окуп берүү талабы белгиленет. Бул талаптарды аткарууда акындардын жана жазуучулардын чыгармаларынын катарында өзүнүн жеке автордук чыгармасын аткарууга мүмкүнчүлүк берилет. Олимпиадада окуучунун дикциясына, теманын мазмунун көркөмдүү окуу менен жеткире аткаруусуна басым коюлат. Фольклордук чыгарманы аткарууда катышуучулар элдик чыгармаларынан (айтыш, дастан, санжыра, чечендик, куудулдук, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосу менен элдик ырларды, бийлерди) аткарат. Орус/ өзбек/тажик тилдериндеги класстарынан кыргыз улутундагы эмес башка улуттардын окуучуларынын катышуусуна басым коюлат.

Үчүнчү багыт — Долбоорду жактоо формасында өткөрүлөт. Катышуучуларга коюлуучу талаптар: берилген тема боюнча өзүнүн долбоорун түзөт жана жактайт. Окуучулардын сүйлөө речинин тактыгы, илимийлүүлүгү, жеткиликтүүлүгү, учурдагы коомдун өнүгүүсүнө дал келүүсү белгиленген 20 мүнөт менен өлчөнөт. Кыргыз/ орус/ өзбек/тажик тилдериндеги окуган катышуучуларга долбоордун төмөнкү болжолдуу темалары сунушталат:

— Билбейм неге жаным сыздайт мынчалык,

Бүт мөмөсүн курт кемирген дарактай.

(А. Исмаилов)

Бүгүӊкү экологиялык маселеси.

— Эне тилин өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек?

— Кыргыздар сөз өнөрү менен дүйнөгө таанылган эл экендигине сыймыктанам.

— Кыргыз каада-салттарындагы оӊ-терс тараптар.

— Ааламдашуу, азыркы жаштар жана элдик тарбия.

— Бейпилдик болмоюнча береке жок.

3.2.  Бардык баскычтар үчүн тапшыр-маларга коюлган критерийлерди республи-калык методикалык комиссия иштеп чыгып, уюштуруу комитетине жөнөтөт.

  1. Олимпиаданын  жеӊүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу

4.1. Олимпиаданын жыйынтыктоо баскычынын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо 2015-жыл-дын 16-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясы-нын жана Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусу ме-нен өткөрүлөт. Жеӊүүчүлөр министрликтин, Мамлекеттик тил комиссиясынын жана Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин грамоталары, баалуу белектери менен сый-ланат.

4.2. Олимпиаданын жыйынтыктоо баскычынын жеӊүүчүлөрү үч багыт боюнча сыйланат.

Ар бир багыттын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо:

— Биринчи орун алты окуучуга берилип (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар жана окутуу орусөзбектажик тилдеринде жүргүзүлгөн класстар арасында), ар бир жеӊүүчүгө 12000 сомдон ыйгарылат;

— Экинчи орун алты окуучуга берилип (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн клас-стар жана окутуу орусөзбектажик тилде-ринде жүргүзүлгөн класстар арасында), ар бир жеӊүүчүгө 8000 сомдон ыйгарылат;

— Үчүнчү орун алты окуучуга берилип (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн клас-стар жана окутуу орусөзбектажик тилдеринде жүргүзүлгөн класстар арасында), ар бир жеӊүүчүгө 6000 сомдон ыйгарылат;

4.2.1.  Биринчи  орунду  ээлеген жеӊүүчүлөрдүн мектептерин сыйлоо:

— 1 орунду ээлеген алты окуучунун мектептерине лазердик принтери тапшырылат.

— Бардык катышуучуларга олимпиадага катышкандыгы жөнүндө сертификат берилет.

5. Олимпиаданы каржылоо.

5.1. Олимпиаданын I, II баскычтарында окуучулардын жана жетекчилердин жол киреге сарпталган каражаттары жөнөтүүчү тараптын эсебинен уюштурулат, олимпиаданы өткөрүү үчүн каражат Эл аралык «Себат» билим берүүмекемесинин эсебинен каржыланат.

5.2. Олимпиаданын III баскычында окуучулардын жана жетекчилердин иш сапары-на сарпталуучу каражаттар,олимпиадага керектелүүчү каражаттар, областтардан келген командаларды жайгаштыруу, тамак-тандыруу Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин эсебинен каржыланат. Эл аралык «Себат» билим берүү ме-кемесинин дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 219, 6-кабат, тел: 61-45-80/61-45-95/61-13-24/61-13-62

Тиркеме № 3 Республикалык олимпиаданын III жыйынтыктоочу баскычынын катышуучуларынын сан курамы

Областтардыншаарлардын аталышы Катышуучулардын саны
  9-10-11 класстардан бирден окуучу 
  Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар-дан

 

Окутуу  орус/өзбек/тажик тилинде жүргүзүлгөн класстардан

 

1Чүй областы33
2Ысык-Көл областы33
3Нарын областы33
4Талас областы33
5Ош областы33
6Жалал-Абад областы33
7Баткен областы33
8Бишкек шаары33
9Ош шаары33
Жалпы2727

Эскертүү: III жыйынтыктоочу баскычка II баскычта биринчи орунду ээлеген окуучулар катышат (ар бир багыт боюнча бир катышуучудан: эссе, көркөм окууфольклор жана долбоорду жактоо).

Поделиться

Комментарии