КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫН РЕФОРМАЛОО КАНДАЙ БОЛОТ?

  • 29.06.2015
  • 0

29-июнда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева мугалимдердин билим берүү жана окуу китептеринин сапатына жоопкерчиликтүү болгон орган — Кыргыз билим берүү академиясын реформалоо варианттарын карап чыкты.

Талкуу жыйынга билим берүү тармагындагы ыйгарымдуу органдардын жана Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилери, мектептик мекемелердин жана коомдук кенештин өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, мурда билим берүү тармагындагы системалык паракорчулукту токтотуу боюнча Коргоо Кеңешинин чечими менен аталган академияны реформалоо же жабуу зарылдыгы белгиленген. Министрде болгон кеңешменин жүрүшүндө министрлик атайын түзгөн комиссиянын жыйынтыгына негизделген билим берүү академиясын реформалоо варианттары көрсөтүлдү.

Мындан тышкары кызматтарды бөлүштүрүү, мугалимдердин билим берүү сапатын жогорулатууда педагогикалык окуу жайларга жана башка уюмдарга кызматтык мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү шарттаган дагы варианттар сунушталды.

Талкуунун жыйынтыгында министр билим берүү тармагындагы, айрыкча мектептеги билим берүү тармагындагы илимий-методикалык ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Кыргыз билим берүү академиясынын башкы максаты билимди өнүктүрүүнүн илимий-теоретикалык багыттарын иштеп чыгууда илимий педагогикалык жана илимий уюмдарды бириктирүү, республикадагы билим берүү системасынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу жана дүйнөлүк билим берүү ааламына чыгууга багытталган прикладдык милдеттерди чечүү болуп саналат.

Поделиться

Комментарии