Кенже класстын окуучуларын кантип тамактандыруу керек?
- 22.11.2013
- 0
БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (мындан ары ДАП) кенже класстарда окуган балдарга азыктык баалуулугу жагынан жетиштүү жана сапаттуу тамак берүү үчүн мектеп окуучуларына тамак берүү программасын оптималдаштырууда колдоо көрсөтүп жатышат. Мектеп окуучуларына тамак берүү жаатында тажрыйбасы зор БУУ ДАП Кыргыз Өкмөтү менен бирге мамлекет тарабынан балдардын тамактануусуна бөлүнгөн каражатты колдонууда эффективдүү механизмдерди да иштеп чыгууга жардам берүүдө. Кечээ Кой-Ташта өткөн ведомстволор аралык өкмөттүк жумушчу топтун мүчөлөрү менен БУУ ДАПтын кызматкерлери улуттук концепциянын долбоорун талкуулашты.
Жолугушууга келген Кыргызстандагы БУУ ДАПынын өлкөлүк директору Рам Сараванамуттунун сөзүнө таянсак, ушул жылдын башында БУУнун ДАП жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мектепте тамактандыруунун улуттук программасын оптималдаштыруу боюнча программаны ишке ашырууга киришкен.
— Келечек муундар үчүн анын жогорку натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн биздин алдыбызда мектепте тамактандыруу боюнча улуттук саясатты иштеп чыгуудан баштап, мектеп ашканаларында окуучулар үчүн уюштурулган түшкү тамактарды сапаттын минималдык стандарттарына алып келүүгө чейинки чоң милдеттер турат. Аларды биз бардык кызыкдар болгон тараптардын активдүү катышуусу менен гана аткара алабыз, — деди Рам Сараванамутту.
Андан соң, пилоттук долбоордун биринчи агымындагы натыйжалар жана кетирилген кемчиликтер тууралуу долбоордун директору Надежда Франк абдан түшүнүктүү кылып жумушчу топко айтып берди.
— Биздин бүгүнкү жолугушуубузда биринчи агымдын натыйжасын, экинчиден, мектеп тамактануусунун улуттук концепциясынын долбоорун талкуулайбыз. Учурда программанын алкагында иштелип жаткан бардык индикаторлор боюнча сандык көрсөткүчтөр жок, бирок акыркы эки айдын көрсөткүчү боюнча 7 жана 10 сомго мектептерде сапаттуу тамак берүүгө болоорун көрдүк, — деди Надежда айым.
Андан ары сынакка катышып жаткан 59 мектеп БУУ ДАП аркылуу 348 миң долларлык технологиялык каражат жана байытылган ун менен камсыз болгонун, бул долбоорго активдүү катышып жатышкан айрым жергиликтүү бийликтер тарабынан 813 миң сом, ата-энелерден 709, 6 миң сом жана демөөрчүлөрдөн 226,2 миң сом чогултулуп, ага ашканага керектүү идиш-аяктар алынганын айтты. Өзгөчө Ысык-Көл жана Жалал-Абад областтарынын ата-энелери бул долбоордун келечегин көрүп, активдүү катышып, балдарынан аянбастан өз ыктыяры менен каражат салып жатышканы да белгиленди. Ошондой эле алыскы Баткен областындагы мектептин ата-энелери, мугалимдери жергиликтүү бийликти карап олтурбай, өздөрү арык казып, тоодон жердин алды менен труба аркылуу таза суу алып келишкен. Анткени 59 мектептин ичинен 6-7 мектепте таза суу маселеси орчундуу турат. Бул мектептерде суу жок болгонуна байланыштуу балдарга жакшыртылган сүт берилип жатканы айтылды. Эң башкы маселелердин бири ысык тамак берүүгө бардык жагынан шарты бар мектептерде ашпозчунун штаты каралган эмес. Болгону ашкана кызматкери деген штатта иштеген адам 1200-1400 сом алып иштейт. Эми ал жалгыз 300-400 балага ысык тамак даярдаганга жетише албасын, ошондуктан бул маселени Каржы министрлиги тез арада карап чыгышын БУУ ДАПнын өлкөлүк директорунун кеңешчиси Айгүл Рыскулова баса белгиледи.
— Эл аралык уюмдар келип бизге жардам берип жатканда, бири бирибизге шылтабай эртерээк бул маселени чечишибиз керек. Эмне, балдарга тамакты мугалим даярдап бериши керекпи? Ошондуктан бул жерде олтурган өкүлдөр жетекчилериңерге маселени кабыргасынан коюңуздар. Эң башкысы, концепцияны иштеп чыгып, эрте өкмөткө сунушташыбыз керек. Балдардын тамактануусуна эч ким кийин асыла албагандай кылып, мыйзамдаштырыбыз зарыл, — деди Айгүл Рыскулова.
Концепцияны талкууга койгон долбоордун директорунун орун басары Олег Шишовдун айтымында, бул долбоордун жыйынтыгында 2017-2020-жылдары кенже класстардын окуучуларынан сырткары, жогорку класстагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары да ысык тамак менен камсыз болоорун айтты. Буга айрым жумушчу топтун мүчөлөрү каршы чыгышты. Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде балдар бай, кедейге бөлүнбөйт, тегиз таалим-тарбия берилээрин белгилешти. Ошентип, кызуу талкуудан кийин ведомстволор аралык жумушчу топ кошумча-алымчасы менен Улуттук концепцияны Өкмөткө жөнөтүү керектигин белгилешти.
Абдиманнап Муратов, Өкмөт аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы:
— Премьер-министрдин буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Бир жылдан бери иштеп жатабыз. Кенже класстарда, т.а. 1-4-класстын окуучулары милдеттүү тамактанышы керек деген бул өкмөттүн саясаты. Ар бир баланын тамактануусуна 7 сомдон бөлүнгөн, жылына 480 миллион сом каралган. Ушул каражатка ушул күнгө чейин кээ бир жерде жөн эле булочка берилсе, кээ бир жерлерде пирожки эле берилет, бирдиктүү стандарт жок. Айрым жерлерде бөлүнгөн каражат балдарга жетпей, талаага кетип жатат. Бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу колдонуш үчүн эмне кылуу керек? Мисалы, Ош, Бишкек шаарларында ошол бөлүнгөн 7 сомго дотация кылып, балдарга нормалдуу тамак бергенге аракет кылып жатышат. Бүгүнкү талкуулап жаткан концепция керек, бул программдык документ. Мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясаты каякка өнүгүш керек, эмне болуш керек, мамлекет бөлүп жаткан 7 сомду сарамжалдуу пайдаланабызбы деп ошол документке алымча-кошумчасын киргизип, мыйзамдаштыралы деп жатабыз.
Балдарга мамлекеттен атайын пособие берилет го, ошондой эле мектеп окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн каражатка эч ким тийише албагандай болуш керек. Көп жерде балдарга тамак бериштин кереги жок, начар жашаган үй-бүлөлөрдүн баласына гана бериш керек деп айтылып жатат. Бала деген бала. Мунун атасы бай, мунуку кедей деп карабашыбыз керек, мектепте бирдей билим-тарбия берилет. Мисалы, дүйнө жүзүндө миллионерлердин балдары деле эл менен кадимкидей барып мектепте окуп, эл жеген тамакты жеп жүрүшөт. Алар бөлүнүп жаткан жок. Ошон үчүн тарбия балдардын баарына бирдей берилиши керек.
2017-жылы окуучулардын баары жалпы тамак ичип калат деп эч ким айта албайт. Азыркы иштер баары этап этабы менен жүргүзүлөт. Буга чейин берилип келген булочка, чайдан акырындык менен ысык тамакка өткөрүп жатабыз. Россия мамлекетинен келген 10 миллион евро грантына сынак жарыялап, ошонун негизинде эффективдүү жана сапаттуу тамак берсе болот деп эл аралык уюм бизге көрсөтүп жатышат. Биринчи агымда 59 мектеп, экинчи этапта 120, анан 250 чейин барат. Билим берүү жана илим министрлигинин заказы менен бул иш аткарылып жатат.
2015-жылы, 2016-жылы эмне болот деп жатпайбызбы? 2022-жылдан нары Концепция боюнча биздин планыбызда, кенже класстын балдарына булочка эмес, ысык тамак бергенге жетишишибиз керек. Бала бир жолу мектепте ысык тамак ичип калса, анын ден соолугуна, билим алганына жакшы түрткү болот. Андан кийин жогорку класстын окуучуларын да кошуш керек. Азыр биз мектептерди гана карап жатабыз. 2017-2018-жылдардан кийин бала бакчаларды, жатак-үйлөрдү, атайын музыкалык мектептерди, жалпылап айтканда республика боюнча 110 атайын окуу мекемелери бар, ошолордун баарын ысык тамак менен бергенге киргизебиз.
Жергиликтүү уюмдар аркылуу мектептердин потенциалын көбөйтүш керек. Ал үчүн жергиликтүү бийликтерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Себеп дегенде жергиликтүү бийликтер да өз салымдарын кошуш керек. Бала өкмөткө да бала, жергиликтүү бийликке да бала. Жергиликтүү бийлик ошол айылдын өкмөтү, ошондуктан балдарга кам көрүп, издениш керек.
Айгүл Рыскулова, БУУ ДАПнын өлкөлүк директорунун кеңешчиси:
— Кенже класстын окуучуларына 7 жана 10 сомго тамак берүү боюнча Жогорку Кеңеш сунуш менен чыгып, аны Өкмөт кабыл алган. Жыл сайын 500 миллионго жакын каражат бөлүнүп, ишке ашырылып келатат. Болгону ал каражатка чай менен булочка берилет. Бирок тиешелүү министрликтер аны бир системага алып келбегендиктен, айрым райондогу мектептерде балдардын уулануулары катталган. Ошондо көп сөздөр болду, бул эффективдүү эмес экен деп. Анан калса, айрым жерлерде бөлүнгөн каражатты мугалимдер, директорлор чөнтөктөрүнө салып жатат деген сөздөр чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин нормативдик акт жок, мектеп, ата-энелерге көзөмөлдөө функциялары берилген эмес. Ушундай көп маселелер бар. Азыр БУУ ДАП ошого жардам берип, ошол механизмди көрсөтүп берели деп жатат. Ошол эле убакта Россия Өкмөтү Кыргызстанга 10 миллион долларды бөлүп берди. Эми ошол дүйнөлүк практиканы Кыргызстанга алып келип, бөлүнгөн каражатты эффективдүү пайдаланып, окуучуларга ысык тамак берүүгө болоорун көрсөтүп жатышат.
Бүгүнкү мектеп директору мыкты администратор да болушу зарыл. Андай директорлор бар, бирок аз санда. Директорлорду менеджмент, башкаруу системасы боюнча кандай оңдош керек, кандай жол менен мектепти алдыга алып кетиш керек деп окутуу зарыл. Балдардын тамак берүү системасына өзүм деле көп ишенчү эмесмин. Учурунда бул депуттардын популисттик чечими деп ойлогом. Бирок көп айылдарга барып, өзүмө өзү тыянак чыгардым, тамактандыруу керек экенин. Болгону жолго салыш керек. Эл аралык уюмдар келип, жолго салып берели десе, аларга өкмөт жардам берип, өзүбүз жасап алышыбыз керек. Анткени бул жөн эле тамактандыруу эмес, жөн эле акча эмес, бул жерде социалдык-экономикалык кластерге жол салып жатышат. Анткени, ошол мектепке жергиликтүү фермелер, дыйкандар өстүрүп жаткан азык-түлүктөрүн алып келишет. Бул жергиликтүү бийликтин экономикасына да салым кошуп жатат. Анткени кээ бир айылдарда мектептен башка бир дагы мекеме жок. Бүт айыл ошол мектепти карап турат. Бир сөз менен айтканда жашоо ошол мектептин тегерегинде жүрөт деген сөз.
Анара Сатыбалдиева, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин адиси:
— Бул долбоордун башкы демөөрчүсү Россия Федерациясы. Алардын бирден бир шарты – бул долбоорго алардын мамлекетинен чыккан байытылган унду пайдалануу болчу. Байытылган ун кандай болуш керек? Дыйкандар буудайды майдалап, ун кылганга чейин аябай элешет, ошондо кебектердин баары кетип, ун эч кандай витамини жок калат. Ошондуктан жогорку жана 1-сорттогу ундарга керектүү примекстерди кошуу зарыл. Кыргызстанга примекс (атайын витаминдик-минералдык кошумча) келди, эми кошо башташат, бирок 100% баары байытылбайт. Анткени бирөө байытылган унду пайдалангысы келет, кээ бирөөлөр жөнөкөй эле унду алышат.
Менин сунушум, долбоорго кирген 250 мектепти тамактандырууда Кыргызстандан чыгарылган азык-түлүк пайдаланышы керек, сырттан келбеши зарыл. Анткени Кыргызстан 100% керектүү азыктар менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн атайын укуктук-нормативдик документ керек, ата мекендик гана азык-түлүктөр менен мектептин ашканасын камсыз кылынсын деген. Сөзсүз байытылган ун менен нандар жасалышы керек. Анткени акыркы жылдары кош бойлуу келиндер анемия оорусу менен оорушат, албетте, алар төрөгөн балдар менен да оорулуу болуп калууда. Мисалы, йоттошкон тузду мыйзамдаштырдык эле, азыр базарда жалаң йоттошкон туз.
Аида Абарбекова, Каржы министрлигинин башталгыч чыгымдарды каржылоо департаментинин начальниги:
— Биринчи жолу мектептеги кенже класстардын окуучуларын тамактандыруу боюнча Жарыя чыкканда бир стакан чай, булочка болчу. Ошон үчүн квалификациялык штат каралган эмес. Азыр эми бардык шарттары бар мектептерде ысык тамак бериле баштаганда, т.а. ботко, суп жасалып, нан бышырылып жатканда сөзсүз кесипкөй адис керек. Ошондуктан азыр ашпозчу штаты керек деген маселе чыгып жатат. Мага Билим берүү жана илим министрлигинен кайрылышкан, мен аларга түшүндүрүп бердим, 2013-жылга бекитилген 18 миллиард сомдон бирден мектепке бирден ашпозчунун штатын ачканга каражат тапса болот, эң башкысы чыгымдарды оптималдаштыруу керек.
Асылбек Сыдыканов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы
— БУУ ДАП берген унду текшерүүдөн өткөрдүк. Биздин лаборатория келген унда темирдин курамы азбы же көппү деп изилдесе, айрым ундардан темир нормадан аз экени чыгып калган. Ун шектүү болгондуктан, бардык мектептерге түшкөн ундардан алдырып, текшертсек темирдин курамы боюнча туура эле экен. Же тегирменденби же ун чыгарган заводдордонбу, айтор, витаминдүү комплекс ун менен тегиз аралашпай калган окшойт.
Бизде Кыргызстанда ундан витаминдүү комплекстер менен байытылсын деген мыйзам бар. Жогорку жана 1-сорт ундарды мурда 30 тегирмен байытуу менен алектенсе, азыр 55 тегирмен иштейт. Негизи Кыргызстанга байытылган ун керек. Анткени 80% боюнда бар аялдар, 70% мектеп жашындагы балдар анемия менен оорушат. Оорунун алдын алуу үчүн унга темир кошуп, элдерге сатуу керек. Тегирмендерди көбөйтүш керек. Кыргызстандан чыккан ун келечекте 100% витаминдер менен байытылышы керек.
Былтыр донорлор аркылуу 25 тонна примекс сатып алганбыз, быйыл 55 тегирмен пайдаланып жатат. Быйыл дагы 25 тонна заказ бердик келээрки жылга. Бул маселени мамлекет өз мойнуна алыш керек, эртели-кечпи донор кетет да. Ошондуктан азыр бул маселе ачык турат. Донор кеткенден кийин мамлекеттик бюджет байытылган унду мектептерге алып бере алабы же ун чыгарып жаткан бизнесмен мойнуна алалабы деген сөз ачык бойдон турат.
Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”
Комментарии