Казандагы ийгиликтер
- 12.07.2013
- 0
Казань шаарында өтүп жаткан студенттердин ХХVII Дүйнөлүк жайкы универсиадасында Кыргызстандын курама командасы 9-орунда келе жатат.
Универсиада 6-июлда Казань шаарында башталган. Дүйнөлүк спорттук мелдеште Кыргызстандан 63 спортчу спорттун 12 түрү боюнча өз күчүн сыноодо. Анын ачылышына кыргызстандык спортсмендерди коштоп Билим берүү жана илим министри Канат Садыков да барган. Ачылыш салтанатында Кыргызстандын желегин Азиянын чемпиону, бел күрөш боюнча команданын мүчөсү Нурбек Аканов көтөргөн. Универсиаданын биринчи күнүндө эле Нурбек Кожобеков жана Нурбек Аканов бел күрөш боюнча өздөрүнүн салмак категориясында эки алтын медаль жеӊип алышкан. Кыргызстандын курама командасына ушул эле күнү эки коло медалды Канимет Барпыбеков жана Бекбосун Кушубаков алып келген.
Универсиаданын төртүнчү күнүндө БатМУнун студенти Кадыр Келсинбеков, Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери Дуулат Сапарбек уулу жана Нуржан Рыскул уулу күрөштүн классикалык түрү боюнча үчүнчү орунду алып, Кыргызстандын эсебине дагы үч коло медаль кошушту.
Ошентип, Кыргызстандын курама командасынын эсебинде азыр тогуз медаль бар. Анын экөө алтын, бири күмүш жана алты коло медалы менен Кыргызстан 166 команданын ичинен 9-орунда. Жалпысынан Россиянын курама командасы 1-орунда келатса, 2-орунда Түштүк Корея, 3-орунда Япония алдыда келүүдө.
Универсиаданын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги 1 млн. сом бөлүп берген. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк универсиадага Кыргызстан мындай чоӊ команда менен биринчи жолу катышууда. 2011-жылы Кытайда өткөн мелдешке болгону алты спортчу катышкан.
Нурия КУДАЙБЕРГЕНОВА
Комментарии