КАРАНТИН АРАЛЫКТА ОКУГАНГА ҮЙРӨТТҮ

  • 06.04.2020
  • 0

Сүлүктү шаарындагы Балдар чыгармачылык борборунда карантинге байланыштуу ийрим жетекчилерге коронавируска байланыштуу лекция окулуп, алдын алуу чараларын көрүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Балдар чыгармачылык борборунун корпусу Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан дезинфекциялоодон өткөрүлдү. Андан сырткары борбордун ийрим жетекчилери эшиктердин туткаларына хлорлонгон нымдуу марлилерди ороп, күнүнө эки жолудан нымдуу тазалыкты жүргүзүп турушту. Эң башкысы педагогдор онлайн режиминде сабак өтүүнү тез өздөштүрүштү.

Балдар чыгармачылык борборунун ийрим жетекчилеринин арасында окуу усулдук иштери тынымсыз жүргүзүлүп турду. Борбордо “Креативдүүлүк эмне?” деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Ошону менен бирге иш кагаздарын мерчемдерин жүргүзүүдө 517-токтомдун негизинде алынган слайд-шоу көрсөтүлдү. “Компьютердик сабаттуулук” ийрим жетекчиси А.Джураева тарабынан multiurok видеосабактарын өтүү жолун видеослайд аркылуу көрсөтүп берди.

— Биздин балдар чыгармачылык борборунда үч багыт боюнча ийримдер өздөрүнүң иштерин алпарышат. Бул усулдук бирикмелер карантин учурунда окуучуларды аралыктан окутуу иштерин да жүргүзүп турушту. “Өнөр” усулдук бирикмесинин “Манас таануу” ийрим жетечиси Разыкова Жылдызай окуучуларга телефон аркылуу (Рыспай Исаковдун “Манас баяны”) уктуруу сабактарын жөнөттү. Ал эми “Бий” ийриминин жетечиси У.Акботоева тарабынан окуучуларга бийдин музыкасын, позицияларын, кыймылдарын видео аркылуу жөнөтүп жатат. “Мурас” усулдук бирикмесинин ийрим жетекчилери тарабынан да карантинге байланыштуу аралыктан окутуу иштери жүргүзүлүүдө. Ийрим жетекчилер тарабынан окуучуларга тапшырмалар берилип, теориялык билимдерине да көзөмөл жүргүзүлүп турулду, — дейт Сүлүктү Балдар чыгармачылык борборунун директору С.Казакбаева.

“Багыт” усулдук бирикмесинин ийрим жетекчилери тарабынан да аралыктан окутуу видеосабактар окутуу жүргүзүлүп жатат. ”Англис тили” ийрим жетекчиси А.Абдурахманова тарабынан окуучуларга тесттер жөнөтүлүп, көзөмөлгө алынды. “Тогуз коргол” ийриминин жетекчиси М.Садыков тарабынан окуучулардын үйлөрүнө шахмат, тогуз коргол берилип, “Мама, папа и я — шахматная семья” деген үй-бүлөлүк оюндарды өткөрүп турушту. Андан сырткары “Спорт стекинг” ийриминин ийрим жетекчиси С.Казакбаева да аралыктан окутуп жатат.

— Окуучулардын үйлөрүнө стаканчик, таймерлер берилип, оюнду апасы же атасы катышкан жуп оюндар (3-3-3 3-6-3 цикл) ойнотулду. Менталдык арифметика ийриминин ийрим жетекчиси К.Кудаяров тарабынан да “Балдар үчүн тапшырма” (өзүңдү текшер) деп окуучулардын тапкычтыгына, ыкластуулугуна жана логикага тесттер берилди. Айбанаттарды жана сандарды тартууда сүрөт тартуунун 30 амалын пайдалануу видеосабактары аралыктан окутулуп жатат. Өтүлгөн ар бир видеосабактар борбордун жетекчиси жана окуу бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынган, — дейт жетекчи.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии