ИЗДЕНГЕН ЖЕТЕКЧИНИН ИЙГИЛИГИ

  • 17.02.2015
  • 0

Алыскы Аксы районундагы Ж.Мамытбеков атындагы №10 мектептин директору Аман ЭРГЕШОВ тууралуу айылдаштары жылуу пикирде. Анткени ал жогору тараптан буйрук күтпөй эле, ата-эне, мугалимдер менен биргелешип алгылыктуу иштерди жасап келатат. Окуучулардын сапаттуу билим алуусуна, мугалимдердин чыгармачылык менен иштөөсүнө бардык шарттарды түзүп келет. Анда сөз башынан болсун.

Биргелешип иштөөнүн натыйжасы

Аксы районундагы Ж.Мамытбеков атындагы №10 жалпы билим берүүчү мектептин директору Аман Эргешовдун ою боюнча, ар бир мугалим, мектеп жетекчиси жүрөгү менен билим-тарбия берсе ийгилик жаралат.

— Билим-тарбия берүү тармагында чечүүгө муктаж болгон маселелер бүтүндөй өлкөнүн алдында турган маселе. Анткени бакубат жа-шоого умтулган коомчулук, өлкө келечек муундарды тарбиялап, билим берүүгө өзгөчө көӊүл буруусу зарыл. Мектепке директор болуп кел-генден баштап жүргүзүлүп, аткарылып жаткан иштерге баа берүүдө теӊ укуктуу байкоо, көзөмөлдөө, көмөктөшүү зарыл болгондуктан, предметтик усулдук бирикменин башчыла-рынын, насаатчы мугалимдердин, мектеп-тин ата-энелер комитетинин төрайымынын, мүчөлөрүнүн жана мектеп жетекчилеринин анализдөөсүнө көӊүл буруу менен иш алып барууну туура көрдүм. Натыйжада биргеле-шип иш алып баруудан жагымдуу маанай түзүлүп, ушул эле окуу жылында орус тили жана орус адабият мугалимдери Жаанбаева, Г.Мамытбекова, П.Анарбаева, С.Тойгонбаева, З.Кенжебаева жана М.Мамытовалардын де-милгеси менен «Достук» залы, Момбекова Гүлнаранын демилгеси менен математика каанасы, Чымырбаев Абдинасирдин демил-геси менен орус тили каанасы, Жакыпбеков Мырзакеримдин демилгеси менен мугалим-дер бөлмөсү, Ботоев Кулубайдын демилгеси менен Балдар жана өспүрүмдөр аянтчасы жабдылды, — дейт жетекчи.

Мугалим жана окуучу

— Окуучунун предметке жана предмет аркылуу  кесипке  кызыгуусун  арттыруу багытында мектептик предметтик олимпиадаларды өткөрүү менен окуучуларды райондук олимпиадага даярдоодо дагы окуучу менен мугалим биргелешкен аракеттен  ийгиликтер  жаралды.  Маселен, 2013-2014-окуу жылынын аралыгында му-галимдер С.Кенжебаева, Ж.Надырбекова жана Молдомырзаевдердин окуучулары физика, химия, география предметтери боюнча райондук олимпиадада 1-орунга ээ болушуп, областтык олимпиадада жак-шы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Ал эми 2014-2015-жылында «Кара Кыргыз автоно-миялуу областка 90 жыл» темасы боюнча өткөрүлгөн олимпиадада тарых предметинен Ч.Дубанаева, А.Тургунбаевалардын окуучулары райондо 1-3-орунду ээлешкен, — дейт сыймыктануу менен А.Эргешов.

 Ал  эми  быйылкы  окуу  жылындагы райондук  олимпиадада  С.Кежебаева, А.Тургунбаеванын  окуучулары  физи-ка, тарых предметтери боюнча 1-орун-га,  Ж.Надырбекованын  окуучулары химия  предмети  боюнча  2-3-орунга, Г.Момбекованын окуучусу математика бо-юнча 3-орунга ээ болушкан.

Жогоруда  белгиленген   ийгиликтерден  улам,  Аксы  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн башчысы А.Шырдаков жана методист Ы.Абдыгапарованын сунушу менен аталган мектептин ынтымактуу жамааты билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн, тажрыйба алмашуу багытында класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу, социалдык педагогдун, ошондой эле директорлордун райондук семинарын өткөрүшкөн. Бул семинарда Б.Момбекова жетектеген башталгыч класстар усулдук бирикмесиндеги мугалимдер «Мен жана оку-учум» темасында билим, тарбия берүүдөгү өздөрүнүн отчетторун беришти.

Мыкты мектеп

— Жагымдуу бөлмө жагымдуу маанайды түзөт эмеспи. Ал эми жагымдуу маанай учурдун талабындай сабакты жаратаарын эске алуу зарыл. Бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, мектепти жаӊы окуу жылына сапаттуу даярдап, 2012-2013-окуу жылында райондо «Мыкты мектеп» аталып башкы байгеге ээ болдук. Мугалим качан гана өз предмети боюнча тереӊ, ар тараптуу би-лимдин ээси болуп жана усулдук жактан күчтүү куралданганда гана сапаттуу би-лим-тарбия бере алат. Бул багытта муга-лимдердин сабактарына катышып, усулдук жактан чебер мугалимдерди аныктап, бул мугалимдерди мектептик, аймактык, райондук «Мыкты мугалим», «Мыкты класс жетекчи» сынактарына катышууга жолдомо бердик. Натыйжада 2011-2012-окуу жылын-да Акмарал Сарбекова райондо «Мыкты класс жетекчи» сынагында 1-орунга, 2013-2014-окуу жылында райондо Кубан Сагы-налиев «Мыкты класс жетекчи» сынагында 1-орунга, тарых предмети боюнча мугалим Айгүл Тургунбаева «Мыкты мугалим» сы-нагында 2-орунга ээ болушкан. Мектепте 57 мугалим болсо, анын ичинен усулдук жактан чебер, чыгармачыл мугалимдерди издөө жана алардын изденип иштөөсүнө дем берүү, калган мугалимдердин чыгар-мачылык менен иштөөсүнө өбөлгө түзүүгө бардык аракеттерди жасап келатамын, — дейт мектеп директору.

Мектептин өнүгүшүнө ата-эне күч берет

— Мугалимдердин чыгармачылык менен изденип иштөөсүндө мамлекеттин экономи-калык абалына таянып, олтура берүүнүн өзү ийгиликти жаратпайт. Ал эми биздин колдогу күч — ата-энелер менен ар тараптуу иш алып баруудан окуу бөлмөлөрү, спорт аянтчасы жабдылды, мектепке баруучу жол оӊдолуп, айлана-тегерек көрктөндүрүлдү. Мектептин 300 метр аралыктагы короосу оӊдолду. Айтмакчы, 2013-2014-окуу жылын-да Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Шырдаковдун демилгеси менен математика, биология, физика, химия, гео-графия предметтери боюнча тереӊдетип окутуу класстары ачылган. Бул класстар — мектептеги таяныч класстар болуп эсепте-лет. Эгерде ар бир мугалим усулдук жактан чебер болуп, жүрөгү менен билим-тарбия берсе, мектеп да таяныч мектебине айлана алат. Бул үчүн алдыда пландаштырылган бир топ иштер бар. Бул иштерди аткаруу үчүн шарт бар, ийгилик үчүн өбөлгөлөр түзүлгөн. Ар бир ишке коомчулуктун пи-кирин, баалоосун, сын-сунушун эске алуу менен, башкача айтканда теӊ укуктуу ба-алоону ишке ашырсак 2014-2015-окуу жы-лында да иште ийгиликтер жаралат, — дейт А.Эргешов.

Эмгекчил директор

Ардагер мугалим Кулубай Ботоевдин пикиринде, мектепте аткарылган иштер абдан  арбын.  Мурунку  иштеген  мектеп директорлоруна  салыштырмалуу  Аман Эргешов сырттан келген демөөрчүлөрдүн, бүтүрүүчүлөрдүн берген акчалардын бир сомун да коротпой, өз нугу менен ар бир ишке туура пайдаланат. Маселен, 2014-жылы мектепке 20 жылдык жолугушууга келишкен бүтүрүүчүлөр алгачкылардан бо-луп 20 метр аралыкта мектептин короосун оӊдоп, түбүнө фундамент куюп, темирден решетка жасап беришкен. — Ошол жылдагы окуучуларга эл, мектеп-тин мугалимдер жамааты абдан кубанычта болушту. 20 жылдыктарга улай, эстафета катары 10 жылдыкка келишкен бүтүрүүчүлөр «Манастан Чубак кем бекен» дегендей, 20 метр жерге фундамент куюп, темир ре-шетка жасап, коюп беришти. Жогорудагы 20 жылдыктагы бүтүрүүчүлөрдүн ичинен Ильяс өз каражатынан 1-4-класстардын окуу куралдарын мектепке белек катары берди. Аксы районунун акими Айдаралиев Медеттин демөөрчүлүгү менен 40 миӊ сом акча берилди. Аны ошол замат 90 кв. метр жерге гүл бакчага түбүнө фундамент куюп, темирден решетка жасатып, кооздоп ко-юшту. Директор, окуучулар менен бирге өз үйлөрүнөн 400 түпкө жакын кайнаалы (кара өрүк) көчөтүн алып келип, отургузушту. Мек-тепте 3,5 га. жер болсо, анын 1 га. айдоо. Калган бөлүгүндө 50 түптөн ашык жаӊгак, 60 түп арча, 100 түп туя, 300 түп терек жана ар түрдүү роза гүлдөрү өстүрүлүп жатат. Мектепти көрктөндүрүп, жашылдандырууда директордун эмгеги зор. Аман айылдык кеӊештин депутаты, өзүнүн айылы үчүн талыкпай эмгектене берет деп ишенебиз, — дейт ардагер мугалим.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «КБ»

Поделиться

Комментарии