ИЛИМДЕГИ ЧЫРМООКТОРДОН АРЫЛА АЛАБЫЗБЫ?

  • 27.02.2015
  • 1

Мамлекеттүүлүктүн пайдубалына коркунуч туудурган коррупция илдети коомдогу ар кайсы чөйрөлөрдө тамыр жайып, эӊ эле кадыр-барктуу, ыйык дегидей билим менен илимге да кесепетин тийгизип жаткандыгы бүгүн жалпыга белгилүү. «Баары эле ушинтип атпайбы», — деген шылтоо эми жарабайт, акыр түбү ар бир адамга зыян келтире турган бул балээден арылуунун жолдорун биргелешип издеп, ага каршы чечкиндүү күрөштү ырааттуу, дайыма жүргүзүү зарылдыгын аӊдап билгидей эле болдук го. Бул ирет илимдеги коррупцияны жоюу багытында кандай иштер болуп жаткандыгы жөнүндө сөз козгоп, жалпы окурманды, биринчи кезекте илим адамдарын талкууга чакырабыз.

ЖАК: «КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ ЖОК БОЛОТ»

Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларын аттестациялоо тутумун 2020-жылга чейин өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯсынын долбоорунан үзүндүлөр

4. Диссертациялык иштерди даярдоо, жактоо жана аттестациялоонун жүрүшүндө коррупциялык схемаларды чектөө максатында изденүүчүнүн, аспиранттын, докторанттын илимий ишинин бардык баскычтардан өтүүсүнө көзөмөл жүргүзүү, докторлук жана кандидаттык диссертацияларды аралыктан экспертизалоо Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен маалымат тутумун (Электрондук ЖАК) түзүү;

…….

5. Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону оптималдаштыуу үчүн жаӊы ченемдик-укуктук документтерди дайыма өркүндөтүп туруу, жаӊыларын даярдап, кабыл алуу, иштеп чыгуу;

6. Жарыялануучу материалдардын санына талап коюудан аларды балл менен баалоого өтүү;

7. Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо иши-нин сапаты үчүн илимий иш аткарылган уюмдардын жана окумуштуулардын абройлук жана тартиптик жоопкерчилигин киргизүү;

8. Диссертациялык иштердин маалымат базасын кеӊейтүү жана «Антиплагиат» тутумун өркүндөтүү;

9. Илимий коомчулукка аттестациялоодон өтүп жаткан диссертациялык иштер жөнүндө эӊ толук маалымат берип туруу максатында КР ЖАК сайтын дайыма жаӊылап, техникалык жактан өркүндөтүп туруу;

10. КР ЖАК Жоболорун эл аралык билим берүү интеграция процессине мындан ары да ыӊгайлаштыруу иштерин жүргүзүү.

Корутунду

…..

Мамлекеттик аттестациялоо тутумун (МАТ) мындан ары интеграциялоо жана өркүндөтүү ишинде жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого жооптуу эл аралык органдар менен кыйла тыгыз кызматташуу зарыл.

Иштеп жаткан ЖОЖдорду жана илимий мекемелерди илимий-кадрлык дареметине жана материал-дык-техникалык ресурстарына жараша макулдашылган түрдө даражалоо зарыл. Бул жаатта КР ЖАК, КР УИА жана КР БИМ кыйла тыгыз кызматташууга тийиш.

Мамлекеттик аттестациялоо тутумунун бардык тогошторунун иш стилин мындан ары да демокра-тиялаштыруу зарыл. МАТтагы коррупциянын пайда болушуна өбөлгө түзүүчү бардык шарттарды түп тамырынан жок кылуу зарыл. ЖАКтын диссертациялык, эксперттик кеӊештеринин ишмердигин ачык айкын кылуу үчүн «Электрондук ЖАК» бирдиктүү маалымат тутумунун долбоору иштелип чыгууда. Муну жүзөгө ашырганда диссертанттын илимий ишти жактоо жана бекитүү жол-жоболоруна даярдануусу кандай жүрүп жаткандыгына көз салуу мүмкүндүгү түзүлөт. Диссертациялык кеӊештер, илимий жетекчилер, илимий консультанттар жана жетектөөчү уюмдар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле авторефераттарды, аларга жазылган сын пикирлерди, диссертациялык кеӊештердин окумуштуу даража ыйгаруу боюнча тигил же бул чечиминин апелляцияланышы боюнча маалыматтарды Интернетке ачык жайгаштыруу илимий кадрларды даярдоонун жүрүшүнө толугу менен көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Диссертациянын негизги жоболорун чагылдыруучу илимий макалаларга коюлуучу талаптарды кайра карап чыгуу зарыл: эми алардын санына (докторлук – 25, кандидаттык – 7) эмес, Scopus, Web of Science, РИНЦ ж.б. сыяктуу базаларга кирүүчү эл аралык жана ата мекендик рейтинг журналдарында жарыяланган эмгектерди балл тутуму боюнча бааланышына маани бериш керек.

….

Диссертацияны караштыруу жана экспертизалоо баскычтарында жаӊы технологияларды колдонуу зарыл. Мында МАТ бардык тогошторунун талдоо жана илим өлчөө ишмердигин ургаалдаштыруу,

ЖОЖдон кийинки билимдин сапатын, аспирантура жана докторантуранын ишмердигин көзөмөлдөөнүн жана баалоонун жаӊы механизмдери менен усулдарын киргизүү керек.

КР Жогорку аттестациялоо комиссиясынын төрага орун басары  Бакыт ТЫНАЛИЕВА:

“АНТИПЛАГИАТТАН ТЕКШЕРҮҮ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКА АЙЛАНТЫЛЫШЫ КЕРЕК”

— Антиплагиат тутуму негизинен жакшы эле иштеп жатат. Илимдин кадыр-баркын сактап калыш үчүн бул абдан керек. Былтыр тогуз дис-сертация кайтарылган болсо, мунун жетөөнүн талапка жооп бербестиги дал ушул тутум аркылуу аныкталды. Эч ким 100 пайыз жаӊы сөз айта албайт, илимде ар бир бийиктикке мурункулардын келген жетиш-кендиктерин өздөштүргөндөн кийин гана көтөрүлүүгө болот эмеспи. Ошондуктан изденүүчү башкалардын эмгектерине таянат. Диссертация жазуу, жактоо абдан татаал иш. Илимий этикага ылайык, колдонулган адабияттарды, башка авторлордун тезистерин дайыма так белгилеп көрсөтүү керек. Ошондо да башкалардан алынган текст изденүүчү өзү жазган тексттин 10-15 пайызынан ашпоого тийиш. Гуманитардык багыттардагы илимий эмгектер үчүн бул көрсөткүч бизде 15 пайыз деп белгиленген, анткени буларда формула, графикалык тиркемелер ж.б. эмес, текст көп колдонулат.

— Бул тутум машина болгондуктан, пайдаланылган тексттердин көлөмү механикалык түрдө көп деп көрсөтүлүп калат дегендер бар, бул канчалык жүйөлүү?

— Эгер иштин сереп (обзор) бөлүгүн да ушул тутумга салса, албетте, дээрлик баарын плагиат деп көрсөтүшү мүмкүн. Себеби бул бөлүмдө изденүүчү тема боюнча негизги теорияларды, башка окумуштуулардын эмгектеринен цитаталарды келтирет эмеспи. Ошондуктан бул бөлүмдү антиплагиатка салбайбыз.

— Бул тутум да кошумча коррупцияга жол ачышы мүмкүн, анткени машина бөтөн текст ченемден ашыкча деп көрсөткөндө, диссертант мээнетим күйүп кетпесин деп текшерүүнүн жыйын-тыгын тариздегендерге пара берүүгө макул болот дегендер бар. Антиплагиатка диссертация бардык баскычтардан өтүп баргандан кийин салынабы?

— Эӊ аягында текшерсе, башкалардан алынган текст ченемден ашыкча чыгып калса, изденүүчү катуу сынат, мээнети күйөт. Ошон-дуктан биз азыр бул ишти мамлекеттик кызматка айланталы деп жатабыз. Изденүүчү жазган, жазып жаткан ишин каалаган баскычта алып келип, расмий белгиленген акысын төлөп, ушул тутумдан тек-шертип алса болот. Ошондо ал ашыкча кеткен жерлерин кыскартып, талапка тууралай алат. Ал эми антиплагиаттан кийин талаш жагдай пайда болсо, эксперттер тийиштүү текст келкилерин оригинал деп көрсөтүлгөн булактагысы менен салыштырып көрүп, ачык-жарык тыянак чыгарат. Тескерисинче, антиплагиат дал ушул коррупцияны азайтууга багытталган.

— Авторефераттардын эле эмес, диссертациялардын толук текстин да коомчулукка жеткиликтүү сайтка койсо, уурдалган тексттерди, тезистерди студент болобу, башка катардагы окурман болобу, ким тапса, ашкерелеп тургудай мүмкүнчүлүк ачылат эле деген пикирди ар кимден угуп жүрөм. Ушундай кылса болобу?

— Биздин сайтта авторефераттар коюлуп жатат, ким кааласа тааны-шып көрө алат. Иштердин толук текстин изденүүчүдөрдүн макулдугу менен Улуттук китепкананын электрондук бөлүмүнө өткөрүп берип жатабыз, ал жактан да ким кааласа текшере берсе болот.

КҮРӨШПҮ ЖЕ ТИРЕШПИ?

Илим  жаатындагы  плагиат,  курстук  иш деӊгээлиндеги  диссертациялар  ж.б.у.с.  осол көрүнүштөр тууралуу «Кутбилим» буга чейин далай ирет маселе коюп, конкреттүү көрүнүштөрдү сынга алып келген. Ушул жааттагы соӊку чуулгандуу талаш медицина илимине байланыштуу болду.

2013-жылы 26-июнда Саламаттык сактоо минис-трлигине караштуу Адамдын тукум улоо борборунун деректирлигине Аида Токтоматова бекитилген. Кол алдындагы кызматкерлери менен чырдашып кал-ган соӊ, алардын даттануусунун негизинде министрликтин алдындагы Кеӊеш деректирди тартипке чакыруу өтүнүчү менен прокуратурага кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында А.Токтоматованы бул кызматтан бошотуу сунушу айтылган. Буга эӊ башкы жүйө катары деректирдин докторлук диссертациясы талапка жооп бербестиги көрсөтүлгөн. Ал илимий ишин Борбордук Азиядагы Америка университети-нин илимий кеӊешинин сунуштоосу менен АКШнын Калифорния штатында жактаган. Талапка ылайык, илимий иш жакталганга чейин 25 илимий макала жарыяланышы керек болсо, А.Токтоматова сегизди гана жарыялаган, оппоненттеринин саны да талап-тагыдай үчөө эмес, бирөө гана болуп калыптыр. Бул жагдайларды эске алып, Эл аралык медицина академиясынан жакталган Токтоматованын дис-сертациясын Кыргыз Республикасынын ЖАКы жа-раксыз деп тапкан. Муну БААУ ректору Э.Вахтель да тастыктап, адам өмүрүнө тикелей байланышы бар илим багытында айрыкча катуу жоопкерчилик болушу керектигин баса белгилеген.

Албетте, А.Токтоматованын диссертациясынын четке кагылышын саясий себептер, тактап айткан-да, анын жубайы Ахматбек Келдибековго карата

бийликтин мамилеси менен байланыштыргандар да бар. Мисалы, Адамдын тукум улоо борборунун деректиринин орун басары Арыстанбек Атыканов талаш туудурган диссертацияны толугу менен та-лапка жооп берет деп эсептейт.

СОӉКУ СӨЗ ОРДУНА

Коррупцияга каршы күрөш ырааттуу, эч кайсы жагдайга (кимдин кызыкчылыктарына тиешелүү экендигине карабай) элдешкис түрдө жүргүзүлсө гана жакшы натыйжа болору анык, жок эле дегенде ушундай мүдөөнү чын ыкластан көздөгөндөргө бул түшүнүктүү. Кечээ жакында Кыргызстандын Коргонуу кеӊеши илимдеги коррупциянын тамырын кыркуу аракети дагы эле талаптагыдай жүргүзүлбөй, ушул Кеӊештин сунушу боюнча 2014-жылы диссертанттардын электрондук кезеги гана киргизилип, калган иш-чаралар ойдогудай аткарылбай же фор-малдуу мүнөздө болуп жаткандыгын белгиледи. Бүгүн (27-февралда) КР Жогорку аттестациялоо комиссиясынын отчеттук жыйыны болот. Анда башка маселелер менен катар дал ушул коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү жөнүндө да сөз болору күтүлүүдө.

Даярдаган Жолдош ТУРДУБАЕВ.

Поделиться

Комментарии

Камил / 30.03.2017 15:33
Кыргызстанда эч кандай илим жок. Акыркы жылдары жакталып жаткан, өзгөчө медицина, экономика, педагогика, тил илимдери боюнча диссертациялар, дагы бир топ илимдер, жадакалса математика илими боюнча да, кыпындай сапат жок. Бардыгы акча менен гана бүтүп жатат. Ошондуктан бизде эч кандай өнүгүү жок. Экономика илимдери боюнча илимдин докторлору эле 100 жакын болуп кетти окшойт, а бирок өлкөбүздүн экономикасынв мышык ыйлайт, медицина илимдеринде да ошондой, а элдин ден соолугу абдан начар, педагогика илимдеринин кандидаттары менен докторлоруна эсеп жетпей баратат, балдарыбыздын билимдер дүйнөнү бул жакка кой, КМШ да эң артта экен. Деги мындай илимпоздордон пайда барбы деген суроо аргасыздан пайда болот. Диссертациялык кеңештердин бардыгын жаап, беш жылга мараторий жарыялоо керек. Андан соң илимден мамлекеттке пайда боло тургандай приоритеттүү жактарына көңүл бурууга убакыт жетти.