ГЕОЛОГИЯ ИЛИМИНИН ЗАЛКАРЫ

  • 27.02.2015
  • 0

Улуу француз жазуучусу Виктор Гюго атактуу “Собор Парижской богоматери” аттуу романында элдин ар бир мууну өз ой-тилектерин кагаз китепке же таштан жасалган китепке калтырат деп айткан экен.Биздин алдыда сөз кыла турган агайыбыз биздин Кыргыздын Ала-Тоосу, кучагына алган суулары, мөӊгүлөрү, асыл-таш, тарых жана бардык эле кен-байлыктары жөнүндөгү ой-тилек, көз-карашын илимий эмгек түрүндө негиздеп жазып, өз киндигин өзү кескен муунга кирет.Сөз геология жана минералогия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык инженердик академияларынын академиги, “СССРдеги кендердин биринчи ачуучусу” деген төш белгинин ээси, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, “ХХ кылымдын чыгаан инженери” жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси Кубат ОСМОНБЕТОВ жөнүндө болмокчу.
Кыргыздын намысына жара-ган эр-азаматтар өткөн кылым-дын 50-жылдардын аягы 60-жыл-дардын башында жаш жигиттер эле. Бирок ошондой жаштыгына карабай, акыл-парасаты, саясий жетиктиги, эл-журтунун эртеӊкисин ойлоп, илим-билимге сугалактык менен умтулуусу, кеменгер даа-нышмандыгы жагынан, алар атүгүл бүгүнкү бизден да ат чабым алды-да болгонуна азыр бир чети таӊ калсаӊ, бир чети жетине албай, сыймыктанып кетесиӊ. Анткени ал убакта, кыргыз деген бу жарык дүйнөдө эки миӊ жылдан ашуун жашоо кечирип келаткан уюткулуу эл экенин, кезинде бүтүндөй Бор-бодук Азияны сурап турган даӊктуу тарыхы болгонун эстемек турсун, өз эне тилинде ой жүгүртүп эмгек жаратуу мүмкүн эмес эле.
Себеби ошол мезгилдеги калыптанган тарыхый система ар бир журттун өз эне тилинде ой-жүгүртүп жаза билүүсү, совет-тик бийлик тарабынан колдоого алынмак турсун, тескерисинче тымызын бут тосуулар көп болуп, улуу Ленин атабыздын тилинде сүйлөөсүн, жазуусун көзөмөлдөө мамлекеттин бирден-бир негизги милдеттери болгону баарыбызга аттын кашкасындай белгилүү. Ошондуктан орус тилинде сүйлөө эмес орустун өзүн көрө элек Теӊир тоонун түпкүрүнөн келген кыргыз жигити Кубат Ос-монбетович үчүн кандай оор болгонун өзүӊөр өлчөп көрсөӊөр болот. Бирок бүткүл жан-дүйнөсү изилдөөчүлүккө, илимге, билим-ге суусаган, табигый эне сүтүнөн жаралган зээндүүлүгү, эмгекчил-диги, өжөрлүгү менен агайыбыз бардык кыйынчылыкты жеӊе би-лип, геология өндрүшүндө өзгөчө ордун таап, илимге чоӊ салым кошуп, жаш муундарга билим берүү багытында да жигерлүү эмгек сиӊирген.
60-жылдардын экинчи жары-мында жалпы эле жер жөнүндөгү илимдерде революция процессте-ринин жандануусу даана байкал-ган. Седиментология, магматизм, метоморфизм, металлогения де-ген багыттар синтезделген, гео-синклиналь теориясы плиталык теория менен алмаштырылып, “глобалдык тектоника” деп атал-ган бүт жер шаарын кучагына алган жаӊы илимий парадигма пайда болуп жаткан.
Геология, геофизика, метал-логения илимдери бири-бири ме-нен жуурулушуп, жер кыртышы гана эмес, тээ тереӊде жаткан жердин мантиясынын, ядросун изилдөөгө киришкен. Кубат Осмонбетовичтин өндүрүштө топтогон тажрыйбасы Кыргыз Тянь-Шанындагы геоло-гиянын бардык доорун камтыган, өзгөчөлөнгөн түзүлүшүнө гана та-анымал болгон металлогениясын ар тараптан изилдөө менен бирге, кара, түстүү, асыл жана сейрек металлдардын уюткусунун жара-луу доорун далилдеп, пайда боло турган жерин да божомолдоп, аны сарамжалдуу иштетүү жолдорун да илимий негизде далилдөөгө мүмкүнчүлүк берген. Жыйынты-гында илимий эмгек болуп 31 монографияларды жана 500дөн ашуун илимий тезистерде, ста-тьяларда чагылдырылган.20-кылымдын экинчи жары-мында геология илимин бий-леген дөө-шаалардын арасы-нан, ары-жөөлөп бери жөөлөп
өзүнүн табигый ордун табыш үчүн ынандырган илимий эм-гекти жаратышка кандай гана аракет, кандай гана акыл эс-тутум, кандай гана кайрат-күч, кандай гана чыдамкайлык та-лап кылынаарын өзүӊөр деле баамдасаӊар болот. Мындай касиеттер ошол 50-60 жылдар мезгилиндеги окуп бүткөн кыр-гыздын чыгаан уул-кыздарына татыктуу болгон. Алардын ката-рында биз жогорудагы кеп кылып жаткан Кубат Осмонбетовичтин талашкыс орду бар экенине жана 1996-2004-ж.ж. өзү жетектеген (мурдагы аталышы Кыргыз Тоо-кен металлургиялык институту) Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунда ушул убакка чейин үзүрлүү эм-гектенип келе жатканына биз чоӊ сыймыктанабыз.
Кубат Осмонбетович Кыр-гыз Тоо-кен металлургиялык институтун башкарып турган мезгилде, Кыргыз тоо-кен ме-таллургиялык институту тоо-кен тармагына жогорку билимдүү кесипкөйлөрдү даярдоо боюн-ча борборго айланган, жеке эле Кыргызстанда эмес Борбордук Азия алкагында да бирден-бир оозго алынган жогорку окуу жайы болуп эсептелген, 27 багытта кесипчиликти даярдоо жүрүп, аны менен бирге эл-аралык бай-ланыштар арбыган. Атай кетсем: Москва тоо-кен университети, Москва технология универси-тети, Москва геология-чалгын-доо университети, Канададагы Альберт университети, Геодезия жана картография боюнча Но-восибирскидеги илимдер ака-демиясы жана көптөгөн тоо-кен менен геология багытында иш алпарган мекемелер менен ты-гыз байланышта болгон. Өзгөчө белгилей кете турган нерсе, гео-логия, экология, география ба-гыты боюнча атайын илимий Со-вет өз ишин ийгиликтүү алпарып, жаш илимпоздор (36 илимдин докторлору жана кандидатта-ры жакташкан) илимий иште-рин жактоого ылайыктуу шарт түзүлгөн. Кубат Осмонбетович өзүнүн жетекчилигинин астында илимдин алты кандидатын жана эки докторун даярдап чыгарган.Айта берсек, агайдын Кыргыз элине сиӊирген эмгектери көп жана түгөнбөйт. Мен жогоруда агайдын турмушундагы орчун-дуу гана учурларын чагылды-рууга аракет кылдым. Кыргыз геология өндүрүшүнө, геология илимине жана жаш муундарга илим-билим, тарбия берүүдө ат көтөргүс зор эмгек сиӊирген Ку-бат Осмонбетович Осмонбетов быйыл 80 жаш кутмандуу курагын белгилегени турат. Биздин каала-рыбыз агайга бекем ден соолук! Сиз, Кубат Осмонбетович бизге, калкка кандай кызмат кылуунун зор үлгүсүн көрсөттүӊүз, дагы бир далай өмүр сүрүп опол тоодой караан болуп, бар болуӊуз.
Акылбек МАРАЛБАЕВ,
академик Ү.Асаналиев
атындагы Тоо-кен иштери
жана тоо-кен технологиялар
и н с т и т у т у н у н д и р е к т о р у

 

Поделиться

Комментарии