Эльвира САРИЕВА, Билим берүү жана илим министри: «ЖООПКЕРЧИЛИКТИ КҮЧӨТҮҮ МЕНЕН БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТАБЫЗ»

  • 24.02.2015
  • 0

Мугалимдердин кесиптик даярдыгынын сапатын көтөрүү, жогорку окуу жайларын оптималдаштыруу жана илим тармагын реформалоо билим берүү тармагынын жаӊырган жылдагы эӊ башкы милдеттери деп жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында министр Эльвира Сариева бул тармактагы орчундуу проблемаларды атап, аларды чечүүнүн стратегиялык планда каралган жолдоруна токтолду.

Министр Эльвира Сариева экинчи этапта министрликтин алдында сегиз миӊден ашуун мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогору-латуу, “Кыргыз Республикасында 2015-2024-ж.ж. мектептерди жана бала бакчаларды ремонттоо жана реконструкциялоо” Мамле-кеттик программасын бекитүү, 17 мектепке көп тилдүү билим берүүнү киргизүү сыяктуу маанилүү иштер тургандыгын белгилеп өттү.

— Быйылкы жылы кесиптик билим берүү тармагында ишке ашырыла турган негизги план катары ЖОЖдорду аккредитациядан өткөрүү үчүн нормативдик укуктук базаны чыӊдоо жана оптималдаштырууну ишке ашыруу эсептелет. Илим жаатында болсо КР Өкмөтүнүн алдындагы Илим боюнча кеӊешинин Жобосун бекитүү, Илимди ре-формалоо концепциясын кабыл алуу жана Илимди өнүктүрүү фондун түзүү иштери турат, — дейт Э.Сариева

Инновациялык жана “акылдуу мектептер”

Стратегияны ишке ашыруунун би-ринчи  этабында  300  инновациялык мектеп ачуу пландаштырылган. Бирок 2012-жылдагы бюджеттин тартыштыгы-нан улам болгону 100 мектеп өткөрүлдү. Учурда билим берүү системасындагы жаӊы инновацияларды ишке ашыруу-да жана апробациядан өткөрүүдө ал мектептерди флагманга айлантуу за-рылдыгы турат. Анын алгачкы кадамы Азия өнүктүрүү банкынын «Билим берүү секторун бекемдөө» долбоору менен бай-ланыштуу. Учурда бул долбоор Жогорку Кеӊеште ратификациялоодо. Долбоор-дун башкы милдети мугалимдерди жаӊы шарттагы кесипкөйлүккө окутуу жана 100 мектептин отузун электрондук контентте билим берген “Акылдуу мектеп” кылуу болуп саналат.

Жакынкы арада Улуттук китепкана-да электрондук репозитор (сактоочу жай) ачуу пландаштырылууда. Андагы материалдар концентрацияланып са-бактарда колдонулат. Ал электрондук карта, электрондук лаборатория катары сабакты ар түрдүү ыкма менен өтүүдө, мыкты мугалимдердин видео-сабакта-рын көрсөтүү ж.б. кызмат кылат. Бирок электрондук лабораторияларды балдар өз көзү менен көрүп, колу менен жасап көрүшү үчүн сөзсүз лабораториялык иш-тер мектепте дагы жүргүзүлөт.

Мугалимдердин эмгек акысы жана жоопкерчилиги  жогорулайт

Министрлик мугалимдердин кесиптик даярдыгынын сапатын көтөрүү келечек-теги ишке ашыра турган эӊ негизги мил-деттердин бири деп эсептейт. Себеби акыркы кездерде мугалимдердин билим деӊгээлинин начардыгы билимдин сапа-тын аксатып жатат деген ой-пикирлер коомчулукта ачык эле айтылып келет.
Педагогдорду аттестациядан өткөрүү сунушу дагы ачык бойдон турат. Ошент-се дагы министрликтин жумушчу тобу мугалимдердин кесиптик өсүш жана компетенттүүлүк деӊгээлинин стан-дарттарын иштеп чыгууда. Мугалимдин ишин баалоонун мындай жаӊы форма-сын эмгек акынын жогорулашы менен 2015-жылдын сентябрь айынан баштап киргизүү пландаштырууда. Белгилүү болгондой учурда мамлекет башчысы-нын тапшырмасы менен мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуунун жолдору каралууда.
— Тилекке каршы, башталгыч клас-стын мугалимдеринин гана эмгек акысы жогорулайт деп жатышат.

Бирок мындай болбошу керек. Бардык мугалимдер-дин эмгек акысын бирдей жогорула-тууга тийишпиз. Бирок кандай жолдор менен жогорулатуу маселеси дагы деле ачык бойдон турат, — дейт ЖК Билим, илим, спорт жана маданият комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Окуу китептери жаӊы стандартка ылайыкталып жазылат

2014-жылдын 21-июнунда Өкмөттүн токтому менен Мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынып, анын неги-зинде жаӊы муундун предметтик стан-дарты иштелип чыкты. Жаӊы муундун «Тилдик билим берүү жаатында» деген стандарты министрликтин 2014-жылдын 30-декабрындагы коллегиясында беки-тилип, Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 5-класстын окуу куралын жазуу боюнча сынак жарыяланган. Бул сынак-ка катышуу үчүн усулчу педагогдордун баардыгы чакырылууда. Окуу жылдын аягына чейин билим берүүнүн башка стандарттары дагы бекитилип, алдын-ала министрликтин сайтына жайгаштырылат.

Ал эми окуу жылынын башында минис-трликте талкууланган жаӊы Базистик окуу планы жакынкы арада педагогикалык коомчулукка сунушталат. Окуу  китептерин  басып  чыгаруу, анын сапатын арттыруу 2012-2014-жыл-дардагы планда башкы маселе катары кирген. Тилекке каршы, бөлүнгөн 100 млн. сомго Кыргызстан боюнча керек-телген китептердин тогуз пайызын гана басып чыгарууга болот. Ал эми 2011-2014-ж.ж.  үчүн  Каржы  министрлиги пландаган 400 млн. сомдун 246 млн. сому гана чегерилген. Буга карабай ми-нистрлик республикалык бюджет жана донорлордун жардамы менен китеп басып чыгаруу ишин 40 пайыздан 75 пайызга көтөрдү. 2014-жылы 21 ата-лыштагы китеп 495 740 нускада кыргыз, орус, өзбек тилдеринде басылып чык-ты. Бирок жаӊы стандарттын кечигип бекитилиши жана Дүйнөлүк банктын жаӊы долбоорунун башталышы менен 2014-жылы 5-класстын китептерин ба-сып чыгаруу планы аткарылган жок. Бул план экинчи этапта аткарылат.Ошол эле учурда чыккан китептердин сапаты мугалимдерди канааттандырбай жатканы коллегияда айтылып, катуу сын-га алынды.

— Буга чейин чыккан окуу китептери са-патсыз, көп материалдар орунсуз кирип, окуучуларга кыйынчылык туудуруп жат-канын мугалимдердин көбү ачык айтып, нааразы болушууда. Айрым мектептерде башка мамлекеттин китептери менен оку-шат. Алардын стандарты башка, мамле-кет башчысы, мамлекеттик символдору башка, анан ал китеп менен кантип оку-туп жатышат билбейм. Ошондуктан бул маселени чечүүдө тез арада чара көрүү керек, — дейт вице-премьер-министр Да-мира Ниязалиева.

Министрлик кагаз жүзүндөгү жана электрондук китептерди басып чыгаруу анын сапатын арттыруу иштерин колго алып, февраль айынын аягында Дүйнөлүк Банктын долбоору аркылуу окуу курал-дарынын авторлорунун жана басмакана өкүлдөрүнүн башын бириктирип семинар өткөрүүнү пландаштырууда. Учурда бир типтүү келишим иштелип чыкты. Анын негизинде министрлик беш жыл бою окуу китептеринин басылышына ачык кийлиги-ше алат. Окуу китептерин ижарага берүү дагы эле күн тартибинде турат.

Бала бакчалардын саны көбөйөт

Бул жылдары мектепке чейинки би-лим билим берүү жаатындагы Мыйзам-дарга  толуктоолор  жана  өзгөртүүлөр киригизилип, натыйжада жеке менчик бала бакчалар ачылып, имараттарды узак мөөнөттүү ижарага алууга уруксат берилди. Мунун негизинде бала бакча-лардын саны 927ге жетип, бакчага бара турган балдардын саны 98 миӊден 132 миӊге чейин өстү. Бирок дагы эле 17,9% бала мектепке чейинки билим алууга муктаж. Андыктан стратегиянын экинчи баскычында дагы бала бакчалардын са-нын көбөйтүү каралган. 2014-жылы Ош, Жалал-Абад, Биш-кек шаарларынын бала бакчаларында электрондук жазылуу киргизилди. Бул системаны акырындык менен башка дубандарга да жайылтуу пландашты-рылууда. 480 сааттык мектепке даярдоо программасын ишке ашыруу дагы экин-чи этапка киргизилген. Тилекке каршы, программаны ишке ашыруу үчүн сар-птала турган 162 миллион сом каражат 2015-жылдын бюджетине кирбей калган. Бирок жыйынга катышкан вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева учурда бул маселе Өкмөттө каралып жаткандыгын жана оӊ жагына чечиле тургандыгын белгиледи.

Орто жана жогорку окуу жайлары оптималдаштырылат

Ар  кандай  тоскоолдуктарга  жана нааразылыктарга карабастан жогорку жана орто кесиптик окуу жайларын оп-тималдаштыруу процесси улантылат. Белгилүү  болгондой, Өкмөттүн  жож-дорду оптималдаштыруу долбоору жыл аягында ачык талкууга коюлган. Анда Бишкек гуманитардык университетин, Кыргыз-Өзбек университетин, ОшТУну, Талас мамлекеттик университетин өзүн-өзү каржылоого өткөрүү жана бир катар эффективдүү иштебеген окуу жайларды бири-бирине кошуу сунушу киргизилген. Бирок бул долбоор коомчулукта жана окуу жайларда бир катар нааразылык-тарды жараткандыктан учурда маселе ачык бойдон калууда. Жогорку,  орто  кесиптик  жана  ке-сиптик лицейлерди аккредитациядан өткөрүү маселеси дагы чечилүү алдында турат. Учурда 18 жож, 22 орто кесиптик окуу жайы жана 13 кесиптик лицей аккре-дитациялоо боюнча укуктук-нормативдик база толук иштелип бүтө электигине байланыштуу   аккредитациядан  өтө албай турат. Бул маселени чечүү үчүн министрлик аккредитациялоо система-сын түзүүдө.

Илим тармагында реформа болот

Белгилүү болгондой, илим тармагын реформалоо коомчулукта жана илимий чөйрөдө чоӊ резонанс жаратып, бул маселенин айланасында ар кандай талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер жаралууда. Өзгөчө илимпоздор Улуттук илимдер академи-ясын жоюп, илимди жогорку окуу жайларга өткөрүп берүү сунушуна каршы чыгып, академияга революциялык эмес, эволюциялык реформа керектигин баса белгилеп келишет. Андыктан илимди ар тараптуу өнүктүрүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Илим фонду түзүлүүдө. Фонд өлкө үчүн пайдалуу долбоорлорду каржылоо каражаттарын концентрациялайт, илимди өнүктүрүү үчүн каржылоо булактарын тартат. Жогорку окуу жайларындагы илимди өнүктүрүү боюнча системалуу иштер башталып, илимий иштердин багыты боюнча ЖОЖдордун алдында инновациялык технология, медициналык-биологиялык жана курулуш багытында беш илимий институт ачылды.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кутбилим” 

Поделиться

Комментарии