Экологиялык билим берүү Табиятты коргоо айылдан башталат
- 15.11.2013
- 1
Казакстан Республикасынын “Гүлзар” коомдук бирикмеси, “Гүлстан” илимий-таанымдык журналы, Жамбыл областынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Табиятты коргойлу” аттуу республикалык семинар Кордай районундагы №3 Абай атындагы мектептин базасында өттү. Кыргызстандан Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, профессор Р.Сулайманованы, басма сөз катчысы Адилет Самсалиевди окутуучу Элмира Нааматованы жана республикалык мугалимдердин “Кутбилим” газетасынын мектептер бөлүмүнүн редактору Г.Алыбаеваны официалдуу иш-чарага чакырган казак боордошторубуздун асыл ойлору илимий жактан дүйнөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү негизги пайдубал катары кабыл алынып, эки тараптуу кызматташууда келечек муунду тарбиялоонун мыкты жолу экени баса белгиленди.
Ошентип, таң эрте жол тартып, кыргызстандык делегация бир заматта эле Кордайдагы казак адабиятынын негиздөөчүсү, кеменгер акын, философ Абайдын атын алып жүргөн №3 мектепке кирип бардык. “Эшигин көрүп, төрүнө өт” дегендей, мектептин тазалыгы көздүн жоосун алат. Мектепке киргенде окуучулардын бирдей кийингени, ал эле эмес жаш мугалимдери дагы үстү ак, асты кара юбка кийишери жүрөк жылытты. Бул деген балдарды тарбиялоодо мугалим өзү үлгү болуш керек экенин тастыктады. Аталган мектепте тартип катуу экени айтпаса деле көрүнүп турду. Анткени семинар учурунда бир да баланын залда кыйкырганын, чуркаганын көргөн жокпуз. Окуучулары да, мугалимдери да зымга тизгендей түз басып, акырын сүйлөп, жол көрсөтүп, казак маданиятынын туу чокусун көрсөткөндөй мамиле кылышты. Бул, албетте, мектепти мектептей кармаган жетекчиге байланыштуу эмеспи. Ошондуктан №3 Абай атындагы окуу жай областтагы эле эмес, республикадагы эң мыкты мектептердин катарында экен. Баарыбызды кубантканы мектеп ичиндеги мелмилдеген жылуулук, көрсө, Казакстанда Советтер Союзу учурундагыдай эле 15-октябрдан тарта тегиз жылуулук берилет.
Семинардын ачылышынан соң, Бишкектен, Казак Республикасынын областтарынан, Алматы шаарынан келген коноктор менен бирге окуучулар мектептин айланасына бак отургузушту. Андан кийин семинардын катышуучулары үч секцияга бөлүнүп, иш алып барышты.
Казак мамлекеттик кыздар педагогикалык университетинин профессору, Казакстан Республикасынын билим берүү ишинин мыкты кызматкери, окуу китептеринин автору Рыспай Сатымбеков “Казакстандагы өзгөчө коргоого алынган табигый аймактар”, “Гүлстан” илимий-таанымдык журналынын башкы редактору Гозел Кулжабаева “Экологиялык тарбияны уюштуруунун негиздери”, Жамбыл областынын Б.Бесбаев атындагы орто мектептин директорунун орун басары Майра Турумова “Мектептеги экологиялык маданиятты калыптандыруунун жолдору”, К.Султанбеков атындагы орто мектебинин мугалими Мейрамкүл Нүрмагамбетова “Мектептеги аткарылуучу экологиялык иш-чаралар”, Меркеден “Балауса” бала бакчасынын адиси Зауре Картайганова “Бала бакчада экологиялык тарбия берүүнү өркүндөтүү”, тарых илимдеринин доктору, профессор, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ЮНЕСКО кафедрасынын директору Лейла Ахметова “Медиа билим берүү: Казакстандын тажрыйбасы”, “Гүлзар” коомдук бирикмесинин директору, доцент Батима Кабдолданова “Мектептеги басма сөз кызматтарынын кажеттүүлүгү” ж.б. кызыктуу докладдар окулду. Семинарда баяндама жасаган мугалимдер, окумуштуулар заман талабына ылайык мектептеги экологиялык билим берүүнүн артыкчылыктарын, далилдүү фактыларды видеоролик аркылуу көрсөтүп жатышты. Белгилей кетчү жагдай, Жамбыл областынын Б.Бесбаев атындагы орто мектептин директорунун орун басары Майра Турумованын “Мектептеги экологиялык маданиятты калыптандыруунун жолдору” аттуу доклады мактоого арзыды. Анткени бул мектепте жөн эле өсүмдүктөр менен мектептин айланасын көрктөңдүрүп койбостон, окуучулар, ата-энелер менен тыгыз иштеп, ар бир окуучу гүлдүн, бактын, суунун баркын билип, бапестеп турушаарын айтты. Мектептин айланасында өскөн алма бактарынан алган түшүмдөрүн да окуучулар өздөрү чогултуп алышат экен. Бул деген окуучуларды эмгекке да үйрөтүп, табият менен таттуу жашаганга да ар дайым үндөп турушаарынан кабар берет.
Ал эми дүйнөнүн гүлүн чогултуп, Казакстандын шартына көндүрүп, өстүрүп, алардын тарыхынан баштап кандай өстүрүш керек, кандай багуу керек деп балдарга окутуп, мекенчилдикке, табият менен таттуу жашаганга тарбиялап, үндөп жаткан Гозел Кулжабаева быйыл 10 гектар жер алып, анын бир гектарына “Гүлдөр алиппесин” өстүрөөрүн билдирди. Ошондой эле быйылкы жыл “Аналардын (энелердин) жылы” деп Казак Республикасынын Президенти Н.Назарбаев жарыялагандан кийин, Гозел айым демилге көтөрүп ар бир инсан өз энесине арнап бак отургузушу керек деп чыгыптыр. Мисалы, бир мектепте 60 мугалим болсо, ар бири өз энесине арнап бир бак отургузуп койсо, мектептин айланасына 60 бак олтургузулуп калат, эң башкысы, бул — энеге болгон таазим, урмат экенин айтып өттү. Мамлекетти көрктөндүрүү айылдан башталаарын, ошондуктан экологиялык билим берүү боюнча семинарларды борбордо эмес, алыскы айылдарда өткөрүп жатканынын себеби дагы ошондо экенин баса белгиледи.
Секциялык иштерден кийин семинардын уюштуруучулары Бишкектен келген конокторго “Алкыш каттарын”, белектерин тартуулашты. Ошондой эле активдүү иштеп жаткан казакстандык мугалимдерге да сертификаттар тапшырылды. Ошентип, бир күндүк семинар миң күңгө тете болду. Ушул күнү “кыргыз-казак бир тууган, калгандарын ким тууган?”, тили, дили ж.б.у.с. окшош жактарын баса белгилеп, ар кыл ойлор айтылып, экологиялык жактан калыптандырууга педагогикалык мекемелердин, маалымат каражаттарынын ролу зор экени айтылды. Айтмакчы, “Кутбилимде” казак окумуштуулар тууралуу чыккан материалдар казак мектептерине таратылып жатканын айтпай кетпесек болбойт. Демек, маалымат каражаты аркылуу эки өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелерине тажрыйбалар жайылтылып, эки тараптуу кызматташтык күч алып, окутуучулардын усулдук чеберчилигин жогорулатуу иш-чаралары уюштурулуп тураарында шек жок.
Ошентип, эзелтен ата-бабаларыбыз бир болуп, кыз алып, кыз берип дегендей, каныбыз да, жаныбыз да бир болгон казак туугандарыбыздын экология маселесине абдан терең жана кенен карап жатканы кийинки урпактарыбызга да таасир калтыраарында шек жок.
Баса, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту (ПКМДИ) менен Казакстан Республикасынын “Гүлзар” коомдук бирикмеси, “Гүлстан” илимий-таанымдык журналы эки жылдан бери тыгыз кызматташып келатышат. ЖОЖдордун, мектептердин, бала бакчалардын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү үчүн ПКМДИнин сегиз студентин казак тарап быйыл бекер окутуп, практикалык иштерди көрсөтүп, көрктөндүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүштү.
Рахат Сулайманова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор:
— Адамзат табият менен тыгыз байланышта жашап келген. Ата-бабабыз бизге өткөрүп берген табиятыбызды коргоп калуу баарыбыздын милдетибиз. Ислам дининде эң негизги үч парздын бири – кийинки муундарга бак олтургузуп кетүү. Биздин ата мекендей бир да мамлекет жок, жылдын төрт мезгили: кышы да, жайы да, жазы да, күзү да бар. Биздин табиятыбыздай сулуу өлкөлөр аз. Бийик тоолору, кенен талаалары, токойлору, суулары, бейиштин төрү болгон сулуу жерлерибизди ар дайым сактап калуу биздин парзыбыз. Мына экологияны сактоо боюнча эрдик жасап жаткан казактын баатыр кызы Гозел Кулжабаева эжебиз мактоого арзыйт. Биз бир жылдан бери эженин түзгөн “Гүлзар” коомдук бирикмеси менен иштешип келатабыз. Эгерде Казакстанда эң бир орчундуу иш жасалып жатса, бул ошонун бири деп айтсак болчудай. Мамлекетти өнүктүрүүдө ириде жаратылыш экологиясын сактоодон, коргоодон башташыбыз керек экен.
Кыргызстандагы мугалимдерди даярдап жаткан бирден бир институт биздики болуп эсептелет. Ошондуктан окуучуларга таалим-тарбия бергенге окуп жаткан келечек адистерди ириде экология маселесине чоң көңүл буруу керек экенин айтып, тажрыйба алмашуу максатында аларды казак туугандарыбызга жиберип окуттук. Эми ал тажрыйбаны Бишкектеги мектептерге, бала бакчаларга жайылтсак деген оюбуз бар. Айтмакчы, жакында биздин институтта мугалимдердин билимин өркүндөтүү курсу ачылды. Жакында КРнын Эл мугалимдери, белгилүү окумуштуу-педагогдору жана методист-окумуштуулардын катышуусунда салтанаттуу ачуу аземин өткөрүү менен алардын баалуу кеп кеңеши, көмөгү артында ушул ишке белсенип, киришүү алдында турабыз. Бул жасап аракет-келечек муун үчүн пайдалуу иш катары эсептейбиз. Буга дейре сиздер менен экологиялык тарбия берүү жана илимий-изилдөө багытында иш алып барып келсек, мындан ары мугалимдердин кесипчилик чеберчилигин жогорулатуу боюнча да кызматташууга өбөлгө түзүлөт деген ойдомун.
Лейла Ахметова, Аль-Фараби Казак улуттук университетинин ЮНЕСКО борборунун директору, профессор, “Өрүтпес” ОЮЛ АКНОнун президенти:
— Казак мектептеринде кантип экологиялык билим берилип жатканын угуп жана көрдүк. Биз бекеринен Кордайда чогулган жокпуз. Бул Астана же Алматы эмес, катардагы эле жөнөкөй мектеп. Мындай мектептер Казакстанда миңдеп саналат. Ушундай мектептерде экология маселеси курч турат жана актуалдуу, ошондуктан биз ар дайым чогулуп бирге бул маселени чечип жатабыз. Маселени чечүүдө иш-чаранын башкы уюштуруучусу Гозел Кулжабаева чоң жардам көрсөтүп жатат. Ал Алматы менен Алматы областынын мугалимдерин, окуучуларын окутуп, көрктөндүрүүгө чакырууда. Ал жөн эле бак-дарактарды, гүлдөрдү айдап койбостон, ар бир гүлгө, бакка ылайыктуу ырларды жазып, аларды багуу боюнча окуу китептерин, методикалык пособиелерди жарыкка чыгарып жатат. Илим менен практиканын айкалышынын жыйынтыгы мыкты натыйжаларды берип жатканын көрдүк. Мен “Медиа билим берүү: Казакстандын тажрыйбасы” аттуу доклад окудум. Анткени маалымат каражаты аркылуу жаштарды эле тарбиялабастан, коомчулукту өлкөнү сүйүүгө, аны жашылдандырууга чакырышыбыз зарыл.
Галия Шарипова, №3 Абай атындагы орто мектептин директору, Кордай:
— Биздин мектепте 2008-жылдан бери экологиялык билим берүү боюнча сабак берилип келатат. Максатыбыз — ата-энелер, мектеп окуучулар менен бирдикте мектептин тегерегин көрктөндүрүү, жашылдандыруу. Бүгүнкү семинардын катышуучулары биринен өтүп экинчилери экологиялык билим берүү боюнча аткарып жаткан эң мыкты иштерин көрсөтүштү.
Жаш муунду тарбиялоодо ириде айлана-чөйрөсүн таза кармоого үйрөтүшүбүз зарыл. Андан соң, кийген кийимине, окуган китептеринин кармалышына да басым жасалат. Маселен, биздин мектепте окуучу кыздар жоолук салынып келишпейт жана узун юбка кийүүгө тыюу салынган. Ошондой эле, ата-энелерден бир да тыйын чогултулбайт. Мектептин ремонтуна жыл сайын республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп келет, ошол акчаны жеткирүүгө аракет кылабыз.
Рыспай Сатымбаев, Казак мамлекеттик кыздар педагогикалык университетинин профессору, Казакстан Республикасынын билим берүү ишинин мыкты кызматкери, окуу китептеринин автору:
— Казакстанда 10 мамлекеттик табигый коругубуз бар. Биология окуу китептеринде “Казакстандын экологиялык маселелери” деген бөлүмү бар. Окуулуктардын арт жагында түшүндүрмөсүн бергенбиз. Ар бир коруктун ачылган жылы, жер көлөмү, кайсы жери корголот, кайсы жерден орун алган ж.б.у.с. Мугалимдер көп кайрылышат, тестте табигый коруктар тууралуу суроолор көп келет деп. Ошондуктан 11-класстын окуу китебинин арт жагына бердик. Айта кетчү жагдай, кээ бир мугалимдер изденбейт. Казакстан деген он томдук улуттук энциклопедиябыз бар. Орто Азия боюнча “Экокурьер” деген маалымат каражаты бар, ал жерде ар дайым төрт бет ата мекендин табиятын коргоо боюнча макалалар жарыяланып турат. Ошондуктан изденип, көп жерден маалымат чогултса болот. Азыр биз казак-орус сөздүгүн түзүп жатабыз: экология, медицина, химия, биология боюнча. 12000 терминге жетти. Кээ бир терминдер экологияда да, химияда да, биологияда да кездешет.
Гозел Кулжабаева, Казакстан Республикасынын “Гүлстан” республикалык илимий-таанымдык журналынын башкы редактору, “Өсүмдүктөр ааламы” окуу-методикалык комплексинин автору:
— Мектепте семечка чагуу, кагаз таштоо деген азыр жок. Мектепти көрктөндүрүү аркылуу биз баланы табиятка жакындатабыз. Балага табиятты сактап калалы деп айтуудан мурда өзүбүз тартиптүү болушубуз керек. Мугалим өзү окуучуга үлгү көрсөтүшү зарыл. Биздин өзөгүбүз айылда жатат. Мен ириде өзүм чоңойгон айылдагы үч мектепти, бала бакчанын айланасын көрктөндүрдүм. Ал жерге барганда жөн эле бак тигип кетип калбастан, окуучуларга кадимкидей сабак өтөм. Кичинекей кезинен балдарды табиятка жакындатып, үйрөтпөсөк убакыт текке кетет. Көбүнчө учурда мектептин тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү биолог менен мектеп жетекчисинин милдети деп айтышат. Бул туура эмес. Ар бир адам көрктөңдүрүү менен алектениши керек. Мен күн-түнү менен балдардын келечеги үчүн, мамлекеттин таза болушуна иштедим, өмүрүмдү байладым, арнадым. Элимди, жеримди, улутумду жакшы көрөм. “Ана (эне) жылына” карата 10 гектар жерге 6 миң агач, 6 миң гүл түптөдүк. 130 баатыр апаларга арнап бак олтургуздук. Демек, айылдын гүлдөнгөнү — мамлекеттин гүлдөнгөнү деп билебиз. Кийинки муундар айтпайбы, эмнеге ата-бабаларыбыз бизге такыр жерди калтырышкан деп, ошондуктан ар бир мектепте канча мугалим болсо, ар бири апасына арнап бак тиксе, канча деген жашыл өсүмдүктөр койкоюп өсүп чыгат.
Светлана Ли, №43 орто мектебинин мугалими, Тараз:
— Биздин мектеп өзгөчө мектеп. Өзгөчөлүгү – экологиялык долбоор менен иштейбиз, бииринчиден. Экинчиден, биздин мектеп экологиялык билим берүү боюнча шаардык аянтча. Үчүнчүдөн, биздин мектептин окуучулары дүйнө жүзүндөгү эң мыкты балдар, анткени алар мектепте, шаарда, өлкөдө тазалык үчүн күрөшөт. Биздин окуучулар жазган мыкты долбоорлор сайтка коюлат. Ар кандай сынактарга катышып, интернет аркылуу баалуу сыйлыктарга ээ болуп жүрөбүз.
Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”
Комментарии