Догдуркүл Кендирбаева: «Мугалимдин ишмердүүлүгүн баалаган система жок»

  • 19.02.2015
  • 0

фото2015-жылы дүйнө кыз-келиндер абалын жакшыртуу боюнча Пекин аракеттер Платформасы кабыл алынганынын 20 жылдыгы, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясы кабыл алынышынын 15 жылдыгы белгиленет. Ошондой эле Кыргызстан Аялдар кыймылынын 90 жылдыгын белгилөө боюнча Кыргызстан Аялдарынын Улуттук форумун өткөрүү демилгесин өлкөбүздөгү аялдар коомчулугу көтөрүп чыкты. Форумга бүткүл республикадан жана башка өлкөлөрдөн 1000ден ашык адамдын келүүсү күтүлүүдө. Форум 2015-жылдын 2-3-мартында өтөт. Бул иш-чараны Бириккен улуттар уюму да колдоп чыкты. Форумдун максаты, жүрүшү тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева маек куруп берди.

— Догдуркүл Шаршеевна, Улуттук аялдар форумунун демилгечиси ким? Форумдун максаты эмнеде?

— Форумдун максаты — улуттук аялдар кыймылынын диалогу жана кызматташтыгы үчүн платформаны түзүү, кыз-келиндердин укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туруктуу өнүктүрүү жана демократиялык башкаруу, Пекин+20 процессинин контекстинде динден тышкары болуу максатында аялдардын жана эркектердин күч-аракеттерин бириктирүү болуп саналат. Бул келечектеги он жылда бүткүл өлкөнүн жана республикабыздын жарандарынын андан ары өнүгүшү үчүн дем берет. Кыргызстан Аялдар кыймылынын 90 жылдыгы, Пекин платформасына Кыргызстан кабыл алынышынын 20 жылдыгы, Бириккен улуттар уюмунда аялдардын тынчтык куруучу катары ролунун белгиленгенинин 15 жылдыгы белгиленет. Муну Бүткүл Кыргызстандагы демилгелүү аялдар кыймылы уюштуруп, аны ишке ашыруу жана алып баруу жагы «Р.Отунбаева демилгеси фондуна» жүктөлгөн.
Кезегинде Кыргызстандын өнүгүшү үчүн чоң иштер жасалган. Маселен, эң алгачкы ФАПтарга, төрөт үйлөрүнө, бала бакчаларга, мектептерге кадр даярдоо максаттуу түрдө ишке ашып, т.а. аялдарды социалдык тармактарга тартуунун негизинде тез эле коомдун өнүгүүсүнө чоң демилге берген. Аталган форумга кыргыз аялдары айылдан баштап көтөрүлүп келип, бир гана Кыргызстан үчүн кызмат кылалы, өлкөнүн келечегин кептеп, түбөлүгүн түптөш үчүн биригели деп баарлашуу платформасы уюштурулуп жатат. Анткени Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуп жүргөн миң деген жөнөкөй аялдар ички, тышкы рынокто иштеп, Кыргызстан кабыл алган социалдык программасын аткарып жатышат. Бирок ошол программанын кайсынысы аткарылып, кайсынысы аткарылбай жатат? Маселен, бир жагынан диндик кырдаалдар башка жерлерде кандай кооптуу болуп турат. Балдарга болгон зордук-зомбулуктардын көбөйүшү, билим берүүнүн сапатынын төмөндөп кетип баратканы, аялдарга жоолук кийгизүү менен билимге болгон укугун чектөө же болбосо эртелеп эле күйөөгө берүү ж.б.у.с. терс көрүнүштөр бир деңгээлде жетишкен ийгиликтерибиздин баарын жокко чыгарууда. Анын үстүнө шайлоо келатат, биримдиктин, ынтымакты бекемдоо зарылдыгы бар. Ошондуктан Кыргызстанды чайпалтпай бириктирип, форумда беш багыт боюнча маселе көтөрүп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө сунуштарды берели деп жатабыз.

— Кайсы багыттар боюнча маселелер каралат?

— Негизинен беш багыт боюнча 2 мартта конференция болот. Экономикалык укук, саясий укук, сот адилеттүүлүгүнүн жеткиликтүүлүгү, билим берүү, аялдардын ден соолугу.

Аялдардын экономикалык укугу. Пирамиданы элестетсеңиз, чокусунда эркектер турат, төмөнкү баскычтагы кара күчтү талап кылган иштерде жалаң аялдар эмгектенет. Базарда ысыктын аптабында, сууктун ызгаарында олтурган да аялдар. Чакан насыя алып, чоң пайыз менен төлөп жаткан да аялдар. Мына ошолорго кандай шарт түзүп бере алабыз? Аялзаты экономиканы оңдойм деп далбастап жатканда, мамлекет ага кандай жардам берип жатат? Кандай шарт түзүш керек? Ушул сунуштар айтылат. Аялзаты каражатты маңдай тери менен таап, өлкө экономикасын кандайдыр бир деңгээлде көтөрүп келатат. «Эшектин күчү адал, сүтү арам» дегендей, жогорку кызматтарга келгенде эле эмнегедир аялдар көрүнбөйт. Кыргызстанда бир эле аким аял бар, айыл өкмөттөрүндө алардын саны өтө аз. Жогорку эшелондордо мыйзам чегинде белгиленген квоталар аялдарга берилип жатат, бирок массалык деңгээлде эмес.

Сот адилеттүүлүгүнүн жеткиликтүүлүгү. Бүгүнкү күндө аялдар ар кандай кырдаалда ажырашып, баласын жетелеп көчөдө калган мезгилдер көп. Өкмөт бөлүп берген үлүштүк укугуна да ээ боло албай калууда. Мыйзам тарабынан соттук туура баа берүүгө келгенде, аялдардын укугу толугу менен чектелип калып атат. Анткени ал эркектердей өзүнүн укугун коргоодо акча төлөп, адвокат да жалдай албайт. Акыркы маалыматты алсак, кызыңа туура тарбия берген эмессиң деп күйөөсү аялын бычактап, өлтүрүп салыптыр. Бирок коомдогу түйшүк бир эле аялзатка тиешелүү эмес да?! Албетте, бул жат көрүнүш. Мына ушундай мисалдардын артында, ошолорго туура укуктук баа берилип жатабы, сот акыйкаттыгы аялдарга жеткиликтүүбү, мамлекетке кандай сунуштарды берсек аялдардын түйшүгү жеңилдейт эле деген талкуулар өтүп, тиешелүү органдарга сунуштар берилет.

— Менимче, аялдар коому бириккенде гана ушундай терс көрүнүштөрдү сүрүп чыгып, ийгиликтерге жетишишет. Дүйнөлүк практикада тастыкталган да...

— Ооба, туура. Бүткүл дүйнөлүк иликтөөлөр боюнча, аялдарга, балдарга болгон зомбулук жакшы мыйзамдан же жакшы иштеген соттун ишинен эмес, ошо аялдар коому «Зомбулукка жол жок!» деп бириккенинен ийгиликтерге жетишишкен.

Аялдардын ден соолугу. Бүгүнкү күндө статистикага кайрылсак, онкология оорусуна биринчи кезекте аялдар кабылышат. Анткени репродуктивдүү багыттагы билимдин жоктугунан, ал өзүнө кам көрбөйт. Жергиликтүү медициналык тейлөө кызматтын солгундап кетишинен энелердин жана балдардын өлүмүнүн статистикасы төмөндөбөй турат. Тиешелүү мыйзамдарды алууга Жогорку Кенеште болсо ар кандай пикирлер айтылууда. Төө куштай болуп проблемадан башыбызды катып алганыбыз менен маселе өзүнөн өзү чечилип кетпейт да. Ушул маселелерге карата сунуштар берилет.

Аялдардын билим алууга болгон укуктары. Функционалдык билим алууга болгон муктаждык жана анын жеткиликтүүлүгү. Карап көрсөк, бала кезинен баштап өнүгүүнүн башкы пайдубалы түптөлөт. Бүткүл дүйнөгө кайра-кайра алып келе турган түгөнбөгөн жалгыз байлык — бул адам. Адам ресурсу адам капиталына айланат. Ал социалдык-экономикалык өнүгүүнүн өзөгүн түзөт. Башкача айтканда, кайсы өлкөдө баланын эрте өнүгүүсүнө кам көрсө, шарт түзсө ошол өлкө экономикасы күчтүү өлкөгө айланат. Акыркы иликтөөлөргө караганда, Бишкек шаарындагы же болбосо райондун борборунда орун алган бала бакчаларда балдардын мектептеги билим сапатын өнүктүрүүгө таасирин кошо алса, айыл жердеги бала бакчалардын билим сапатын өнүктүргөнгө эч кандай таасир көрсөтө албаганын көрсөттү. Анткени кадр даярдоо оор маселе. Бүгүнкү күндө мыкты мугалимдерди мектепке тартуу жана мугалимдердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча мазмундуу иштерди жүргүзүү зарылдыгы бар. Эл аралык уюмдардын байкоолорунда жана жер-жерлердеги кездешүүлөрдө ички жана тышкы миграциянын натыйжасында белгилүү сандагы мектеп жашындагы балдар мектепке барбаганы жөнүндө маалыматтар айтылууда. Жалгыз Билим берүү жана илим министрлигинин күчү менен бул меселе чечилбейт. Булар боюнча дагы сунуштар айтылат.

Маселен, акыркы фактыларга таянсак, окуучулардын жетишкендиктерин баалоодо кайрадан 65% бала окуганын түшүнбөйт деген чечим чыгарылды, б.а. эгерде окуучу өзү окуп жаткан текстти түшүнбөсө, ал эч качан маселени чыгаралмак түгүл, маалыматттык компетенттүүлүгү жок да. Бул өтө оор көрүнүш. Белгилүү Soni корпорациясынын негиздөөчүсүнүн бири Масару Ибуканын «Үчтөн кийин кеч» деген китеби бар. Анда ал 1967-жылы Японияда япон жаштарынын митингге чыгып, эч кимге моюн бербегенинин себебин иликтеген. Көрсө, согуштан кийин эч кандай бала бакчаларга барбай, эрте өнүгүүдөн кем калган балдардын социалдык жоопкерчилиги, бири-бири менен мамиле түзүү, баарлашуу жөндөмү, билгичтиги жок болгондугунан «кеттик» десе эле сүрмө топко аралашып кетишкен. Учурда кыргыз тилинде ата энелерге арналган бул китепти биздин фонд Япониядан Масару Ибуканын небересинен уруксатын сурап, кыргызчага которуп, наристелерди тарбиялап өстүрүүдө япон тажрыйбасы менен эң жеткиликтүү тил менен окурмандарга тартуулаганы турат. Бул китеп ата-энелерге наристени тарбиялоодогу эң башкы баалуу маалыматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Ар кайсы шылтоолорго таянуу менен ата-энеси бар туруп камкордугу, коомдо туруп кароосу жок калган наристелерге аяр мамиле жасоого чакырат.
Бүгүн биз алардын туура өнүгүүсүнө шарт түзө албасак, эртең кеч болоорун бардыгыбыз дайыма эске алуу менен сөз менен эмес, иш жүзүндө натыйжалуу иш алып барууга чакырабыз.

Аялдардын саясий укугу. Эмне үчүн 30% деген бар? Эмне үчүн парламентке дыйкан аялдар келалбайт? Эмне үчүн мамлекеттик кызматтарда 3-орун басарлар жалаң аял болуш керек? Мисалы, Дания өлкөсүн алсак, Скандинавияда эң биринчи орунда аял турат. Эне маселесине өзгөчө көңүл бөлүнөт. Ырас, биз кыйкырып атабыз экономика оңолмоюнча, коом оңолбойт деп. Бирок экономиканы оңдой турган адамзат да. Адам баласын туура тарбиялап, туура билгичтик көндүмдөрүн калыптандырбаса, эртеңки күнү кеч болуп калат. Анткени өлкөдө бизди жулмалап турган коркунучтар көп.

— Форум качан өтөт, кимдер келет жана аны ким каржылап жатат?

-2-март күнү төрт жогорку окуу жайдын жана Улуттук китепкананын базасында беш багыт боюнча конференция болот. Кыргызстан боюнча 1200дөн ашык аялдар чогулат. Аларды эч ким каржылаган жок. Өлкөбүздүн булуң-бурчунан аялдар уюмдары, жекече дагы өз демилгеси менен келатышат. Мен катышам, өз үнүмдү берем деген аялзаты абдан көп экен. Биз балансты кармап жатабыз: социалдык укук боюнча мынча, саясий, экономикалык укук боюнча, саламаттык жана билим берүү боюнча мынча адам келсин деп жатабыз. Анткени Т.Сатылганов атындагы филармония болгону 1108 киши гана батыра алат экен. Баса, жаштарга тажрыйба көрсөтүү менен, туура багыт берүү үчүн жаш лидер окуучулар, студенттер чакырылды. Коомдун чакырыгына бардыгыбыз биригишибиз керек. Биз кызыкпасак, ким кызыгат? Аялзат кандайдыр бир бирөөнүн маселесин чечүүдө оюн катары инструмент болбостон, күтүп жаткан, жаныбызда турган, тегеректеги ар кандай коркунучтуу чакырыктардан бир кишидей чыгуунун жолдорун сунуштайбыз. 3-мартта филармонияда 1200 аял катышкан иш-чарага чечим кабыл алчу өкмөттөн өкүлдөр келет. Бизди президент, парламент, өкмөт, БУУ дагы колдоп атат. Филармонияда чечим кабыл алчу органдар бир жактагы креслодо орун алышса, беш топтон шайланган өкүлдөр бир жакта олтуруп, 2 мартта топтордо иштелип чыккан сунуштар боюнча суроолор берилип, чечүү жолдоруна жоопторду күтөбүз.

— Берилген сунуштардан жыйынтык чыгат деп ишенүүгө болобу? Ага ким кепилдик берет?

— Негизинен өлкөдө үй-бүлө институту жок. Үй-бүлөнү, балдарды коргоо инструменттери чабал болуп, ата-энеси болсо да кароосуз, зордук зомбулукка кабылган аялдардын жана балдардын саны өсүүдө. Мисалы, ар кандай донорлордун колдоосу менен гендердик бөлүм же болбосо үй-бүлө менен иштөө бөлүмү түзүлүп, кайрадан ал жоюлуп калат. Булардын ишин координациялаган эч кандай уюм жок. Балким, ошону өкмөттүн алдында түзүү боюнча сунушубузду беребиз. Ошол аткарылган иш тажрыйбаны ар бир тармактык пландарга киргизип, аны ишке ашыруу боюнча амбициоздук сөздөр айтылышы мүмкүн. Ишке аша турган гана, толугу менен керектөөчүлөргө багытталган сунуштар болот. Азыр эле мыкты сунуштар берилип атат, биз аны иликтеп, анализдеп, эл аралык эксперттердики менен өзүбүздүн эксперттердин ишин салыштырып жатабыз. Ар бир төрт тайпада мыкты эксперттер, аналитиктер, практиктер иштеп жатышат. Мындан кыргыз эли гана пайда табат деп ойлойм. Анткени Кыргызстанды акка, көккө бөлүүгө эч кимдин акысы жок. Кыргызстанды гүлдөтүп балдарга өткөрүп берүүгө баарыбыз милдеттүүбүз.

— Билим берүү тармагына кайрылсак. Форумда эмнеге өзгөчө басым жасалат?

— Бул боюнча чоң иштер аткарылып жатат. Чоң медиаплан түзүлгөн. Роза Исаковна башында туруп, аймактардын тургундары менен жолугуп, эл менен кездешип келдик. Билим берүү тармагын алсак, барган жерлерде биринчи маселе бала бакчанын жоктугунан мектептеги билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин айтышты. Экинчи — мигранттардын балдары кирип, чыгып окуган факторлор көбөйгөнү белгиленди. Үчүнчү маселе — алдыңкы маалыматтык технологияны башкарууда билим берүүнүн ролу чоң. Айрыкча, аялдардын 54% жогорку билим алат экен, бирок жогорку чечим кабыл алган органдарда аялдар жокко эсе деген маселе көтөрүлүп чыкты. Эмне үчүн дегенде, салттык көз караш боюнча аялдар социалдык тармакта гана иштөөгө татыктуу экен. Алар же мугалим, же дарыгер болгонду тандап алат. Ошол эле учурда көп акча ала турган, мисалы, тоо-кен, илимий техникалык иликтөө, маалыматтык башкаруу адисдиктеринде аялдар жок.

Эгерде билим берүү тармагындагы пирамиданы карасак, анын өзөгүн мектепке чейинки балдарды эрте өнүктүрүү түзөт. Бирок ал пирамиданын жарымы эле болуп калып жатпайбы. Сынык же борпоң бош. Экинчиси — мектептик билим берүү. Сапаттуу адисти даярдоо боюнча жоопкерчилик менен эркиндиктин ортосунда балансты сактай алып жатабызбы? Кесиптик билим берүү бүгүнкү күндө коом сурап жаткан адистерди даярдап жатабы? Ошол адистер жумуш орду менен камсыз болдубу? Ушул сыяктуу маселелер каралат, сунуштар берилет.
Кийинки чоң маселе — билим берүүнү коомдун кошулушу менен, же болбосо социалдык шериктештик, өнөктөштүк менен өнүктүрүү жолдорун сунуштоону карайбыз. Биз аны тана албайбыз. Эне-атаны, донорлорду, айыл өкмөттөрүн бириктирүү керек. Себеби бир багытта адам капиталын өнүктүрүү боюнча программада кимдин кандай жоопкерчилиги бар экени такталган эмес. Ошондой кеңири маселелер каралат.
Элеттин айымдары өзгөчө үч маселени талап кылды. Биринчиси — мектепке чейинки даярдык, андан кийин балдардын билим сапаты, балдардын ар кандай шылтоолор менен билимге тартылбай калган учурлар бар экени айтылды.

— Билим сапатынын төмөндөшүн көп учурда мугалимдер эмгек акынын төмөндүгү менен түшүндүрүшөт.

— Мунун оң жагы да, сол жагы да бар. Эгерде салыштырмалуу карап келсек, мен үч мезгилде иштедим — союз учурунда, өткөөл жана учур мезгилинде. Мугалимдер туура айтышат, советтик мезгилдеги социалдык гарантиялар жоголду деп. Керек болсо, билимдүү болуу деген баалуулуктун өзү дагы жоголду. Жалпы мамлекеттик, жалпы инсандык баалуулуктар бүгүн таптакыр өзгөрүп калды. Эмне үчүн? Биз айтып жатабыз: беш жыл бала бакчадан, он жыл мектептен билим алып, дагы 5-6 жыл жогорку окуу жайда окуп, 40 жаштын тегерегинде бардык жагынан калыптанган кыйын инсан болот десек, коомдо терс көрүнүштөр басымдуулук болуп, жаштарга терс жагынан үлгү болгондор көбөйдү. Тигил же бул партиянын катарына кирип, эч кандай билими жок эле каалаган бийликке жетип атат. Билим албай туруп эле каалаган бийлик баскычтарына жетсе болот экен деген тайкы көз караштар орун алды. Кандайдыр бир кара күчтүн күчү менен деле тез эле социалдык жакшы жашоого жетишсе болот экен деп калышты. Көпчүлүк учурда билим алайын, туура иш кылайын деген жаштарыбызга ушундай өзөк сындырар жаман образ, жаман тарбия болуп жатат. Мыктылардын мыктылары мугалимдик кесипке келбей калды. Мугалим адамдардын асылы, акылдуусу деген түшүнүк артта калып калды.
Мугалимдин эркиндиги жана жоопкерчилиги деген суроого ошол айлык акыга канчалык деңгээлде өлчөнгөн билим сапатын берип атышат? Аны эч ким баалаган жок. Бизде мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасын баалоо боюнча система жок. Балким, ошол боюнча бар болсо айта алат элек, канча жерде мугалимдин күнөөсү бар деп. Экинчиден, мугалимдердин кесиптик квалификациясынын сапатын өнүктүрүү боюнча базасын түзүүгө мүмкүнчүлүктөр өтө чектелүү. Мугалим бүгүн маалыматтык технологияны башкара албайт. Ага караганда жаш бала заманбап телефондун 99 операциясын билет.

Мектептерде маалымат технологиясын башкарууга мугалимдердин билимин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн эмес. Үчүнчүдөн, билим берүүдөгү чоң иш атайын чет өлкөлүктөрдүн практикасындай кылып, өзгөчө сезимтал, аярлуу адистиктерди көп жылга чейин кошо демилгелеп жүрүү практикабыз жок. Муну моюнга алышыбыз керек.
Мектепте сабак өтүлбөй калбасын деп сырттан окугандарды алууга туура келүүдө. Талап кылынган баалуулук өзгөрдү. Мурда мектепте иштегенде ата-эне дагы, мугалим дагы, коом дагы бир сүйлөчү. Мектепте оң тарапка тарбиялоо процесси жүрүп жатса, үйгө келгенде ал теңирден тескери болуп жатса, аны көргөн баланын кызыкчылыгы жоголот. Анан калса, эне-ата билим берүү системасына дегеле катышпай калды. Алар бар болгону эле мектеп талап кылган каражатты төлөп коюп, баласын сактагыч жайга бергендей эле мамиле кылышат. Мугалимдердин билим сапатынын төмөндүгү — окуу-методикалык колдонмолорду, дидактикалык материалдарды тандоонун жана жабдуунун жоктугунан деп айтсак болот. Окутуунун алдыңкы технологиялары жок. Көпчүлүк учурда мамлекеттик заказ жок. Экинчиден, аттестациялык категориялар алынып салынган, ошондуктан курстан өтсөң да, өтпөсөң да категория көтөрүлбөйт. Бир сөз менен айтканда экономикалык, моралдык, социалдык көп факторлор бар.
— Лейлектеги №3 гимназиянын директору Г.Мадаминов агай «Энелер мектебин» уюштурган. Ушундай демилгелер республикалык масштабда уюштурулса жемишин берет беле?

— Биздин фонддун Мамлекетибиздин социалдык, саясий жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан көптөгөн демилгелери бар. Биринчиден, коомду билим берүүнү жакшыртууга багытталган саясаттарын алдыга жылдыруу. Келечекке инвестиция жасоо. Өнүгүүнүн демократиялык баалуулуктарын бекемдөө, улуттар маданиятын даңазалоо. Чет жерде жашап жана иштеп жаткан мекендештерибиздин үйрөнгөн алдыңкы тажрыйбасын мекенибизге буруу, туулган жерди өнүктүрүүгө болгон атуулдук сезимин ойготуу. Эл аралык алдыңкы тажрыйбалар менен таануу жана пайдалануу. Биз билим берүү конференциясын уюштурууга милдеттүүбүз. Анткен себеби, билим берүү тармагында 90%тан ашык аялзаты иштейт. Баланы төрөгөн, аны баккан, мектепте тарбиялап жаткан да аял. Эркектер эмнегедир инсанды калыптандыруу процессинде көрүнбөй калды. Эркектин коомдогу омоктуу ролу байкалбайт. Дүйнө жүзүндө аял менен эркек эриш-аркак иш алып барган мамлекеттерде туруктуу өнүгүү болуп жаткандыгы тастыкталган. Советтик мезгилде «Энелер мектеби», атайын кызматтар бар эле. Албетте, энелер өз милдеттерин унутпашы керек. Мындан оор учурларды башыбыздан өткөргөнбүз. Мектепте иштеп, айлык албай, анын ордуна арак, көгөргөн ун менен айлык алган учурлар болгон. Ошондо да мектепти таштабай, жеке кызыкчылыгыбызды көздөбөстөн балдарга сапаттуу билим берүүнүн үстүнөн иштегенбиз.

— Билим берүү системасында жүрүп жаткан реформалар эмнеден аксап жатат деп ойлойсуз?

— Реформа жүргүзүүдө ириде өткөндөрдү карап чыгыш керек. Кайсы жакшы жактары бар, кайсы жагы начар деп анализ жүргүзгөндөн кийин гана күчтүү жагын алып, реформаны улантуу керек. Көпчүлүк учурда реформаны проектиде олтургандар жүргүзүп, ошолор отчет беришет. Коомдук угуулар жүргүзүлбөйт. Чоң кемчилик ушул жерде.

Маектешкен Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии