ЧЫГАРМАЧЫЛ, ЗАМАНБАП МУГАЛИМ КЕРЕК
- 12.07.2013
- 0
Ырас, жыйырма жылдан бери жүрүп келе жаткан реформалар эл аралык жогорку окуу жайлардын, чет элдик каржылоо менен ачылган билим берүү мекемелеринин, борбор шаарыбыздагы айрым мектептердин мугалимдеринин алган айлыгын, жашоо шартын, иштөө ыкмасын өзгөрттү. Бирок мамлекеттин жана ата-энелердин каржылоосу менен жашап келген мекемелердеги мугалимдин абалы олуттуу өзгөргөн жок.
Биз реформаны так ошол орто деӊгээлде иштеп жаткан карапайым мугалимдин жан дүйнөсүн, ишке болгон мамилесин, жашоо сапатын жаӊы баскычка жогорулатуу менен гана кыймылдата алабыз деп ойлойм. Ал мугалимдер үчүн чоӊ акчалар, жаӊы технологиялардын жетишкендиги гана эмес, эӊ биринчи коомдогу кадыр-баркы, жанаша жашаган адамдардын сый-урматы жана артында калтырчу жаш муундардын жакшы эскерүүсү, түйшүктүү ак эмгеги баалуу болуп эсептелет.
Жаш адамдын жан дүйнөсүн азыркы татаал жана албуут келген дүйнөнүн агымына даярдоо, алардын ар биринен өзгөчө кылдаттыкты жана чыгармачылыкты талап кыла тургандыгы анык. Ошондуктан биз “Заманбап мугалим эмес, чыгармачыл мугалим кандай болуш керек?” — деген суроону койсок туура болгудай. Заманбап мугалимдерибиз көп, алар ар бир жарыяланган долбоор менен иштеп, жаӊы ыкма- усулдарды эпчилдик менен үйрөнүп, талаптагыдай жыйынтыктарды тезирээк берип, сыйлыктарга да көбүрөөк ээ болуп жаткандыгын көрүп турабыз. Ошентсе да окутуу- тарбиялоо ишинин заманбап технологияларын өздөштүрүү – бул чыгармачыл мугалимдин устаканасындагы тынымсыз изденүүлөрдүн бир багыты гана болуш керек. Эӊ негизгиси мугалимдин инсандык дарамети, балдар менен аяр жана чыгармачыл мамилеси, өз элинин эртеӊи үчүн зор жоопкерчилигин сезген тазалыгы, улуттун угутун өз мээнети менен сугарган мекенчилдиги деп ойлоймун.
Мугалимдин ички жана сырткы маданияты ушундайча айкалыша келгенде гана чыгармачыл ишмердик башталат. Өзүнүн инсандык дарамети өнүккөн мугалим гана башка адамдын эркин инсанын калыптандырууга умтулат. Демек, чыгармачыл ишмердик мугалим мурда өздөштүргөн интеллектуалдык жана эстетикалык байлыктары аны курчаган дүйнөнү таанып билүүнүн, кайра жаратуунун куралы болуп калганда гана ишке ашат.
”Инсандын жан дүйнөсү толук ачылган чыгармачылык ишмердик кайнаган жерде гана бала мугалимге, адам адамга магниттей тартылат”, — деп жазган чыгаан педагог В. А. Сухомлинский. Азыркы реформанын ташын айландыруучу так ушундай жан дүйнөсүнүн дарамети магниттей күчтүү мугалимдер жетишпей жаткандай туюлат. Мектеп турмушун жаӊы ашуудан өткөрүп, жаӊы деӊгээлдерге чыгарчу мугалимдин чыгармачылыгын кантип ойготобуз? Дегеле мугалимдин кесиби илим менен искусствонун туундусу катары чыгармачылык ишмердиктин кенен чабытын билдирет.
Мугалимдин ишмердиги багытталган ар бир баланын жан дүйнөсүнүн уникалдуу экендигинен сырткары, иш жүзүндө окутуп жаткан билимдин мазмуну, аны жеткирүү каражат-ыкмаларынын жаӊы шарттарда байытып жана өз алдынча өзгөртүп бергендигинин өзү эле чыгармачылыктын бир көрүнүшү эмеспи. Ал эми чыгармачылыктын эӊ бийик өрүшүнө көтөрүлгөн кесиптештерибиз окутуп- тарбиялоонун, жаш адамды өнүктүрүүнүн жаӊы, натыйжалуу тутумун түзүп жаткандыгынан көрө алабыз.
Мугалимдин чыгармачылыгы – анын ички маданияты, инсандык дарамети болсо, экинчиси – анын кесипкөйлүгү, азыркы тил менен айтканда, компентенттүүлүгү жана коомдун колдоосу болгондо гана педагог жаратман эмгектин бийиктиктерин багынта алат. Педагогдун чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, багыттоого жана башкарууга мугалимдин өзүнөн башка кызыктар тараптар барбы? Азыркы учурда мугалимге методикалык жактан жардам көрсөтүп, алардын демилгесин жана чыгармачыл изденүүлөрүн, педагогикалык табылгаларын ар тараптан колдоого алып турган мекемелер жокко эсе десек жаӊылышпайбыз.
Мектеп директорлору чарбалык жумуштар менен, тийиштүү көмөк көрсөтүүчү илимий-методикалык кабинеттер, мекемелер өз түйшүгү менен алектенүүдө. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуучу эӊ негизги күчтү ишке чегүүнү мектеп жетекчилигинен баштап, кезектеги реформалардын башында турган министирликтин да эсинен чыгып кеткендей. Мугалимге, анын ички инсандык түйшөлүүлөрүнө жана изденүүлөрүнө болгон кайдыгерлик, балага жана анын келечегине карата кайдыгерлик болуп кайтарылып жатат. Карапайым мугалимге ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, коомдун татыктуу баасына жана көӊүл буруусуна ээ болгондо гана биздин мектеп чыгармачылыктын жандуу абасы менен кайра жарала баштайт.
Советтик жана орус о к у м у ш т у у л а р ы мугалимдин чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн ырааттуу жана натыйжалуу жолдорун изилдешип, төмөнкүдөй багыттарды бөлүп көрсөтүшкөн:
1. ”Мугалимдин бош (эркин) убактысы – мугалимдин чыгармачылыгын азыктандырып туруучу тамыры”, – деп айткан В.А.Сухомлинский.
Чынында эле ашыкча тапшырмалардан, окуу жүктөмдөрүнөн чарчаган бош убактысы жок мугалим кайсы чыгармачылыкка көӊүлдөнөт дейсиз? Билим берүүнүн жана коомдук башка таасир берүүчү бийлиги бар мекемелер окуучу балдарды гана эмес, аларды окуткан мугалимдерди да бекер же арзан иштеп берүүчү күч катары жогортон ылдый карашат. Кезектеги саясий кампаниялар болсун, ишембилиги болсун, пайдасыз жолугушуулар же тойлор болсун мугалимдин баалуу, алтындай убактысын уурдамайынча өтпөй тургандыгын баарыбыз билебиз. Башкаруучу мекемелер мугалимден талап кылганды, пайдасыз көрсөтмөлөрдү көбөйткөндөн башка анын түйшүгүн жеӊилдеткен, окуу- тарбия процессине пайдалуу иш-чараларды өткөргөнү, методикалык табылгаларды презентациялаганы сейрек көрүнүш болуп калды.
2. Мугалимди материалдык жактан камсыздоо – чыгармачылыкты өнүктүрүүнүн эӊ негизги шарттарынын бири экендиги талашсыз. Бирок биз материалдык дегенде эле айлык акы, кошумча сыйлык же даражалар гана эмес, мектеп китепканасынын, методикалык кабинеттин ар тараптуу, заманбап жана мазмундуу жабдылышын эске алуубуз зарыл. Айрыкча, илимий-методикалык китептер, журналдар, аудио-видео жазылмалар менен жабдылган методкабинеттер мугалимдин чыгармачылык лабораториясы болушу керек. Ар бир региондун алдыӊкы мугалимдеринин тажрыйба-табылгаларын топтогон картотекаларды, окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө ылайык окуу мүмкүнчүлүктөрүнүн таблицаларын кайсы мектептин кабинетинен таба алабыз? Азыр республикабызда мугалимдер үчүн окуу- методикалык адабияттарды, журналдарды (ЖОЖдордо чыгарылган аз нускадагы атайын басылган журналдарды эске албаганда) ырааттуу чыгарган басмакана, илимий мекеме жокко эсе.
Жыйырма жылдан бери кандай кыйынчылык болсо да, кандай заман ооматы келсе да мүдүрүлбөй чыгып келе жаткан ”Русский язык и литература в Кыргызстане” аттуу журналдын жамаатына, дегеле бардык методикалык жактан шайма-шай камсыз болушкан орус тилчилерге суктанбай койбойсуӊ!
3. Мектеп жетекчилиги тарабынан ар бир мектепте мугалим үчүн түзүлгөн жагымдуу маанай – чыгармачылыктын пайда болуп андан ары өнүгүүсүнүн дагы бир негизги шарттарынын бири. Чыгармачылык болгон жерде карама-каршылыктар, келишпестиктер иштин пайдасына гана чечилип, жамаат ичиндеги майда чыр-чатактарга, жердешчиликке, кошоматчылыкка бөгөт коё тургандыгын психологдор дайыма белгилеп келишет. Айрым алдыӊкы мектептерде мугалимдер эс алуучу атайын жайлар жасалгаланып, акыл-сезимди калыбына келтирип жана өнүктүрүүчү аутогенндик тренингдер, тайдзи көнүгүүлөрү, медитациялар чакырылган адистер тарабынан өткөрүлө тургандыгын көрүп жүрөбүз.
4. Мугалим өзү да дайыма демилгелүү болуп, өзүнүн чечилбеген маселелери, максаты жана тажрыйбадагы табылгалары тууралуу мектеп жетекчилигине билдирип туруусу зарыл. Айрыкча, мугалимдин чыгармачыл табылгаларын бир гана мектептин эмес, райондун, республиканын деӊгээлинде доклад, илимий эмгек түрүндө жайылтууга ар бир жетекчи кам көрүшү керек.
5. Чыгармачыл мугалимдин өнүгүшүндөгү жыйынтыктоочу этап катары анын демилгелүү жана ийгиликтүү иштери колдоого алынып жаткандыгын сезүүсү болуп эсептелет. Ошондо гана мугалим өз жетишкендиктерин андан ары талдап, дагы көбүрөөк эмгектенүүгө умтулуп, кесиптик жана инсандык жаӊы деӊгээлдерге көтөрүлөт.
Демек,чыгармачыл мугалим гана азыркы учурдун катаал талабына жооп берген, реалдуу турмуштун сыноосунан жол таба билген, чыгармачылык менен ойлоп, башкалар менен ийкемдүү мамиле түзүп жана мыкты иштей билген компентенттүү инсанды окутуп-тарбиялай ала тургандыгы анык.
Курманкан АБДИЕВА , Бишкек шаары
Комментарии