БАУдан — баа жеткис мүмкүндүк

  • 26.06.2015
  • 0

Ысык-Көлдүн жээгинде, Корумду айылында Борбордук Азия Университетинин (БАУ) алгачкы жайкы лагери ачылды. Лагердин ачылышына аталган университеттин жетекчилигинен Шамш Кассим-Лакха, Арифф Качра, Билим берүү жана илим министринин орун басары Адилет Бекбоев, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олмос Рахимов катышып, окуучулар менен кеӊири пикир алышты. Лагердин ачылышында куттуктоо сөздөрүнөн соӊ, аземдин катышуучулары үчүн Борбордук Азиянын үч өлкөсүнүн маданиятын чагылдырган көрсөтмө болуп, андан соӊ окуучуларга концерт тартууланды.

Болочок студенттер иргелет

Лагерге Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын мектептеринин 76 мыкты 10-класстын окуучулары катышууда. Аларга уникалдуу билим деӊгээлин жогорулатуу тажрыйбасы сунушталып, англис тили жана математика боюнча жөндөмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү менен бирге жергиликтүү жана эл аралык университеттерге тапшыруу боюнча керектүү колдоо көрсөтүлөт. Лагердин катышуучулары – жалпысынан 950 талапкердин арасынан тандалып алынган Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү мектептердин эӊ мыкты окуучулары болуп эсептелет.
— Жайкы лагерь – БАУнун регионалдык университет катары, аны негиздеген үч өлкөнүн жөндөмдүү мектеп окуучуларын бириктирүү боюнча алгачкы демилгеси. Лагердин катышуучулары жөндөмдүү окуучулардын арасынан тандалып алынган эӊ мыктылары. Биринчи кампусу келээрки жылдын сентябрь айында ачыла турган БАУда окуу иш жүзүндө кандай болоорун катышуучулар лагерь учурунда байкай алышат. Ошону менен бирге, бул демилге биздин университет үчүн дагы баалуу тажрыйба болот, — деди биз менен болгон маегинде аталган окуу жайдын өкүлү Шамш Кассим-Лакха.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Адилет Бекбоев быйылкы жайкы лагердин ачылыш даярдыгы жогорку деӊгээлде экендигине токтолду.
— Буйруса эмки жылы мындай жайкы лагердин форматын кеӊейтүүгө министрлик чоӊ кол кабыш кылат деп ойлойм. Бул туурасында окуу жайдын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, — деди А.Бекбоев. Министрдин орун басары андан ары окуучулар менен пикир алышып, лагердеги балдарга түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.

Лагердин уюштуруучулары — заманбап адисттер

Жайкы лагердин жетекчиси Кыргызстандык Мырза Каримов — Борбордук Азияда жана Ооганстанда билим берүү тармагында 15 жылдык тажрыйбасы бар инсан. Жетекчинин орун басары Канадалык Фаррак Камани — жаштар үчүн лагер уюштуруу жаатында кеӊири тажрыйбалуу адис. Жайкы лагердин кызматчылар тобуна жети өлкөдөн келген, тажрыйбалуу 20 администратор, мугалим жана кеӊешчилер кирип, азыркы күндө үзүрлүү иш алып барышууда.
БАУнун бул жайкы лагери 2015-жылдын 7-июлуна чейин өтөт. Лагердин окутуу программасы сабактарды жана башка билим алуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыган программалык планына ылайык өткөрүлүүдө. Катышуучулар күнүнө үч саат англис тилин, бир саат математика окушат. Мындан тышкары, катышуучуларга университеттерге тапшыруу, кесип кызыкчылыгына ылайык окуу программасын тандоо жана университеттерге тапшырууга даярдануу боюнча атайын семинарлар жана маалымат сунушталат. Спорттук иш-чаралар, сахна оюндары, дебат жана экскурсиялар лагерь катышуучуларына англис тили боюнча жөндөм жана билимдерин практикада колдонуу, башка катышуучулар менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.
— БАУ – бул эл аралык стандарттарга умтулган Борбордук Азия университети. Жайкы лагерь дагы ушул принциптин негизинде уюштурулган. Программа эл аралык алдыӊкы тажрыйбаны жана Борбордук Азиянын өзгөчөлүк жана муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Сабак өтүү жана башка иш-чаралар Борбордук Азиялык жана эл аралык курамдан турган тажрыйбалуу кызматкерлер тобу тарабынан ишке ашырылат, — деди БАУнун академиялык маселелер боюнча деканы Арифф Качра.
Бул жерден окуучулар өздөрүнө көптөгөн досторду табышып кайтат. Англис тилин дүйнөлүк дегээлдеги тажырыйбасы бар адисттер өзгөчө усулдук ыкмада берип жатышканын окуучулар ырасташты.

Мыктылардын мыктысы кантип тандалды?

Эске салсак, жогорку окуу жайга ийгиликтүү тапшырып, өтүүнүн бир нече себептери бар. Алар студенттерге университетте жакшы окууга жана келечекте мыкты кесиптик карьеранын негизин түптөөгө жардам берет. Атап айтканда – алдыга туура максаттарды кое билүү, күчтүү жана алсыз жактарды баалоо, математика жана чет тилдерин үйрөнүүгө керек болгон негизги көндүмдөрдү жакшыртуу жана, эӊ башкысы, өз келечегин көрө жана түзө билүү болуп саналат.
2015-жылдын март жана апрель айларында төрт жума бою, дем малыш күндөрү жалпы Борбордук Азиядан 10-класстардын 950 мыкты окуучусу билим жана тажрыйбаны байытуу боюнча Борбордук Азия Университети (БАУ) уюштурган өзгөчө программага – Жайкы лагерге катышууга мүмкүнчүлүк алышып, өздөрүнүн алысты көрө билгендиктерин далилдешти.
«Эмне үчүн?» деген суроого окуучу кыздардын бири ал үчүн аталган лагерь абдан кызыктуу экендигин айтып, мындай деди: -Бул лагерь башка лагерлерден айырмаланып турат; анткени ал мектептин программасын гана сунуштабастан, университетке кантип өтүүнүн жолдорун үйрөтөт жана башка өлкөлөрдөн келген окуучулар жана мугалимдер менен жакындан таанышууга да мүмкүндүк берет.
Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстан боюнча сегиз ири жана кичи шаарларда тестирлөө борборлоруна чогулган бул дымактуу окуучулар 17-июндан 7-июлга чейин Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгиндеги БАУ уюштурган Жайкы лагерге чектелүү 76 орундун бирин ээлөө үчүн кылдат тандоо элегинен өтүшкөнүн дагы бир ирет айта кетели. Себеби, бул окуучу балдардын алгачкы жеӊиши десек аша чапкандык болбос.

Жогорку билим алууга мыкты даярдык

— Бул Жайкы лагерге жазылуу үчүн уюштурулган тестирлөө БАУнун кийинки жылы ачыла турган Нарындагы кампусуна кабыл алуу үчүн кирүү экзамендерине карата «алдын ала даярдык» катары каралганын баса белгилегим келет. Ал эми тестирлөөнүн шарттары таза жана ачык болушун камсыз кылууга чоӊ басым жасадык, — деп түшүндүрдү БАУнун окуу боюнча проректору, доктор Арифф Качра. – Биз жарандыгына, экономикалык абалына, жынысына жана шаардык же айылдык экендигине карабай, бардык кызыкдар студенттердин катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүк түздүк.
Кабыл алуу шарттары жана жолдору англис тили, математика жана логикалык ой-жүгүртүү боюнча мыкты академиялык жетишкендиктерге ээ болгон жана окуудан тышкары да ар кандай маданий-коомдук иш-чараларга жигердүү катышкан, жаӊы нерсени үйрөнүүгө дилгир окуучулардан куралган жайкы лагердин алгачкы классын тандап алуу үчүн иштелип чыккан.
— Ар тараптуу билимди камтыган тесттерин атайын даярдалган 30дан ашуун экзаменатор жүргүздү. Эл аралык адистер тарабынан иштелип чыккан тесттер эл аралык тесттердин жана Борбордук Азиянын окуу программаларынын компоненттерин камтыйт. Тесттер ойлонуп жооп жазуу, бир нече жооптун ичинен туурасын тандоо сыяктуу суроо-тапшырмаларды камтуу менен бирге, окуучунун тилдик жана маданий өзгөчөлүгүнөн көз каранды болбогон акыл эс менен аӊдап түшүнүү жөндөмдөрүн да баалоо үчүн түзүлгөн, — дейт лагердин жетекчиси Мырза Каримов. Лагерде азыр окутуунун 70 пайызы англис тилинде өтүп жатыптыр. Ар бир окуучуга 21 күн ичинде күнүнө 1300 АКШ доллары сарпталат. Мунун орто эсеп менен 300 долларын окуучу өзү төлөгөн. Кыргызстан боюнча окуучулардын 30 пайызы Бишкекетен экен. Калгандары аймактардан келгендер. М.Кармиовдун айтканына караганда лагерь аяктаган соӊ дагы бир жолу окучулар тесстен өтүшөт.
— Биз башында лагерь эмес, мектептеги балдар БАУда окуй алабы деп мониторинг жүргүзөлү дегенбиз. Себеби, эмки жылы кабыл алуусун пландап жаткан БАУда негизинен англис тилинде окууга туура келет. Бирок, лагерь аркылуу кайсы бир деӊгээлде балдарды даярдай алабы го деген чоӊ үмүт бар,- дейт М. Каримов.
— Бул тест мен үчүн татаал болду. Мурда мен логикалык жактан ой-жүгүртүп жооп берип көргөн эмес элем, — деп жооп берди окуучулардын бири конкурс жөнүндө бизге айтып жатып.
— Акыйкатта, тесттер жазылып бүткөндөн соӊ, билим берүү жаатында эмгектенген тажикстандык, кыргызстандык, казакстандык жана канадалык сегиз адистен турган кабыл алуу комиссиясы тесттин жыйынтыктарын жана талапкерлердин тапшырган кошумча материалдарын изилдеп чыгышкан. Туура жана калыс баалоо үчүн талапкерлердин аты-жөнү алынып салынып, тапшырмалар аткарган деӊгээлине жана ийгиликтерине жараша бааланды. Теӊ салмактуулукту сактоо үчүн комиссия окуучулардын өлкөсүн, жынысын, шаар жана айыл жергесинен экендигин да эске алып, жыйынтыгында 76 талапкер тандалып алынды, — дейт андан ары өз сөзүндө М.Каримов.
— Тандап алуунун катаал процесси биринчи жайкы лагердин окуучуларынын лагерь сунуштоочу ресурстар менен мүмкүнчүлүктөрдөн гана пайдаланбастан, аларды максималдаштыра ала турган контингентин да түзүүгө түрткү болду, — деди Арифф Качра. – Жайкы лагерибиздин командасы борбордук азиялык таланттуу, дилгир жаштар менен иштешүүгө жана аларга өз келечегин курууга көмөктөшүүгө даяр.

Майрамбек Токторов, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии