БАЛАҢЫЗ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШСИН ДЕСЕҢИЗ, АНДА КАРЖЫ ЖАГЫНАН САБАТТУУЛУККА ҮЙРӨТҮҢҮЗ

  • 11.04.2018
  • 0

БАЛАҢЫЗ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШСИН ДЕСЕҢИЗ, АНДА КАРЖЫ ЖАГЫНАН САБАТТУУЛУККА ҮЙРӨТҮҢҮЗ

Акчаны кантип туура сарптап жана үнөмдөө керектигин үй-бүлөдө чоңдор гана эмес балдар дагы билиши керек. Анткени балдардын каржылык жактан сабаттуу болушу  келечекте ийгиликтүү адам болуп калыптанышына  таасирин тийгизет. Бул макалада ата-энелерге баланы кичинекейинен кантип каржылык сабаттуулукка үйрөтүү керектигинин жолдору сунушталат.   

Окумуштуулар  Стэнфорд университетинде эксперимент жүргүзүшкөн. Ал экспериментте чоң кишилер мектеп жашына чейинки балдарга таттуу  карматып, “биз бир убакка эшикке чыгып келебиз, келгиче бул таттууну жебей турсаңар, экинчисин белекке беребиз. Жеп койгон балага эчтеке жок” дешкен. Мында балдардын 90 пайызы күтө албай жеп коюшкан. 10 пайызы гана мындай азгырууга чыдап, күтүп турушкан.

Окумуштуулар бул изилдөөдөн мындай тыянак чыгарышкан: таттууну жеп албай, чыдамдуу болуп күткөн балдар өзүнүн каалоосун көзөмөлдөй алат жана мындай балдар келечекте чоң-чоң ийгиликтерди багындырууга жөндөмдүү болушат дешкен.

Кийин бул тыянак тастыкталган. 50 жылдан соң окумуштуулар ал балдар  менен жолугуп, 10 пайызды түзгөн балдар жашоосунда жакшы жетишкендиктерге ээ болгонун, ал эми берки 90 пайызды түзгөн балдар жөнөкөй, эмгек акысы аз төлөнгөн жумуштарда иштеп жүргөнүн же кээ бирлери жумушсуз калганын көрүшкөн.

Баланын ийгиликке жетүүсүнүн негизги фактору болуп  – өзүн-өзү тартипке салуу эсептелерин эксперимент көрсөткөн. Ошол учурда пайда алып келе турган нерседен келечекте жете турган ийгиликтин пайдасы үчүн баш тартуу — адамдын болочоктогу тагдырын аныктайт дешкен.

Окумуштуулар тастыктагандай эле, азыркы заманда балдарды кичинекейинен эле каалоонун чегин, болор-болбос нерсени алуудан баш тартуунун жолдорун, кийинки, узак мөөнөткө пландоону үйрөтүү керек. Бул баланын келечектеги ийгиликтүү адам болуп тарбияланышына жардам берет. Андыктан төмөндө ата-энелерге каржылык жактан туура тарбиялоонун бир канча жолдорун сунуштайбыз.

Эч качан балаңыз бир көрүп сураган нерсени дароо сатып бербеңиз

Анткени бала бир көз ирмемдик каалоолоруна баш ийбей, дүкөндөн чыр чыгарышы мүмкүн. Балдардын көбүнчө сатып алуулары шарт эле: көрдү, каалады, сатып алды. Алар дүкөнгө киргенде балдарга арналган текченин жанында тура беришет да, көргөн нерсесин “сатып бер” деп чырдашат. Мындай абал ар бирибиздин эле башыбыздан  өткөн болушу керек. Бул учурда биз балдарды күнөөлөбөшүбүз керек, туура, бул адат кыжырды келтирет, бирок сабырдуу болуңуз.   Сиз биринчи баланы пайдалуу адаттарга үйрөтүүдөн баштаңыз. Балаңыздын ар бир сатып алууларын ойлонууга түрткү бериңиз. Балада оюнчуктары менен текчени көргөндө дофамин гормондору козголуп,  эмнеси болсо да сатып алуу керек деген сезимден ырахат алып, башка нерсени ойлонбой калат. Дофаминдин бир функциясы – адам жакшы нерселерди жаратууга дем берет. Мээнин бир бөлүгү бул оюнчук абдан жакшы экен деп ойлонуп, көңүлү ачылып, бакытка ушул гана оюнчук жетпей жатат деп мээ шыкактайт  да, башка жакка да белги берет.  Балдар ал оюнчукту сатып алганга чейинки процесстен эйфория алып,  ал эми сатып алгандан кийин ага болгон кызыгы таркап кетет да, кайрадан мээ жаңы нерсени издеп баштайт. Мындай ойлонулбаган сатып алуулар психологиялык көндүмдөрдү пайда кылып, мээни кайрадан азыктандырып туруу керек болот.

Бул учурда мээни алдоо керек. Ошол эле күнү оюнчукту сатып алуудан баш тартып, балаңызга каалоолордун тизмесине жазып коюуну сунуштаңыз. Каалоолорду жазып жаткан учурда да балада дофамин гормону  ойгонуп, ошол нерсени күтүү, ойлонуу сатып алуудан да жогору сезимдерди пайда кылат. Эки жумадан кийин балаңыз ал тизмеге көз жүгүртүп, кайсы оюнчукка болгон каалоосу күчтүү болсо ошону тандасын. Бул нерсе обужок сатып алуудан арылтат жана баланын кыялын түптөйт.

Каалоолор тизмесинен улам  балаңыз зарыл же зарыл эмес деп каалоолорун талдаганга, тандоосун ойлонуп кылганга үйрөнөт.  Акырындап балаңыз өз каалоолорун башкарып, керектүү нерсе менен керексиз нерсени ажырата баштайт.

БАЛАҢЫЗ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШСИН ДЕСЕҢИЗ, АНДА КАРЖЫ ЖАГЫНАН САБАТТУУЛУККА ҮЙРӨТҮҢҮЗ

Акчаны колдонгонго мүмкүндүк бериңиз

Балаңызды биринчи каалоолор тизмесин жүргүзгөнгө үйрөттүңүз. Эми сиз балаңызга эркиндик бересиз. Балаңыз эмнени сатып алуу керек же ал каалаган нерсеси чындыгында эле зарылбы деген ойлонуудан сырткары, ага бюджетти кантип бөлүштүрүү керек экенин үйрөтүүңүз керек.

Адатта балдар берилген акчаны майда-чүйдөгө коротуп салышат. Мисалы, сагыз, таттуулар, суусундук ж.б. Канча берсең ошонун баарын коротконго шашышат. Алар азырынча пландоо жана өзүн-өзү контролдоо эмне экенин билишпейт. Сиз балаңызга акча берип, ал акчаны узак убакка өз алдынча бөлүштүрүүнү сураныңыз. Мисалы, бир жумага 300 сом берип, ал акчаны алаары менен коротууга шашпай, бир жуманын ичинде эмнелерди алса болот экенин көрсөтүп бериңиз.

Эмнени тандайсың?

Мисалы, балаңызга туура тандоону үйрөтүңүз. Дүкөнгө кирип, тизмектеги ал каалаган үч нерсесин көрсөтүңүз: эгер азыр алсаң, машина 300 сом турат. Ал эми үч жума чыдап, 900 сом чогултасың да, ал акчага фургон сатып алсаң болот. Эгер эки ай чыдасаң, 2400 сомго чоң лего оюнчугун сатып аласың деп тандоонун түрлөрүн көрсөтүп бериңиз.

Балаңыз дароо эле туура тандоо жасай албайт. Ага капа болбошуңуз керек. Анткени убакыттын өтүшү менен балаңыз туура тандоо жасаганга үйрөнөт. Сизден  жардам: багыт берген суроолорду бериңиз, түрлөрүн көрсөтүңүз, бирок өз оюңузду таңуулабаңыз. Айткан ойлорун талкуулабаңыз, антсеңиз, баладагы ой бөлүшүү,  чечим кабыл алуу каалоосун жокко чыгарасыз.  Балаңызга сиз үлгү болуңуз. Сатып алууга рационалдуу караган үй-бүлөнүн балдары да акырындап өзүн-өзү көзөмөлдөөгө жана келечекти пландоого үйрөнүшөт.

План түзгөнгө жардам бериңиз

Балаңыз тандоо жасаганга үйрөндү дейли. Эми каалоодон конкреттүү түрдөгү иш-аракетке өтүү керек. План түзгөндү үйрөтөбүз. Жакшы түзүлгөн план карта сыяктуу, аны карап отуруп кантип тез жана каалаган жыйынтыкка жетүү керек экенин чечебиз. Мисалы, балаңыз ролик алгысы келип жатат дейли. Аны алуу үчүн биригип план түзгүлө. Ал түзүлгөн планды көзгө көрүнгөн жерге чаптап коюңуз. Аны караган сайын копилкага акча сала баштайт да, кантип чогулуп калганын байкабай калат.

Өспүрүм курактагылардыкы жеңилирээк болот. Алар күнүмдүк коротууларын жана кирешесин жазып турса, каалаган нерсесин алуу үчүн канча чогултуу керек экенин, канча убакытта ал максатына жетээрин билип калат.

Пландоо балдарда жакшы көндүмдү өнүктүрөт. Ал реалдуу максатты кое билгенге, этап-этапка бөлүп иш кылып, максатка жетүүнүн туура жолдорун үйрөтөт.

БАЛАҢЫЗ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШСИН ДЕСЕҢИЗ, АНДА КАРЖЫ ЖАГЫНАН САБАТТУУЛУККА ҮЙРӨТҮҢҮЗ

Чогултууга жардам бериңиз

Балаңызда каалоолор тизмеги, максаты, планы бар. Эми эң негизгиси, акча чогултуу гана калды. Копилкасына биринчи капиталды салып бериңиз. Анан күнүгө же дем алыш сайын балаңызга күнүмдүк керектөөсүнө деп акча берип туруңуз. Ал акчадан канчасын алып керектөөсүнө жумшап, канчасын копилкага салып чогултаарын байкап туруңуз. Эгер балаңыз эч коротпой, берген акчаны ошол боюнча салып турса, анда шыктандырып 100 сом же 50 сом берип, сиз да чогултканга салымыңызды кошуп туруңуз.

Баланын талантына да көңүл бөлүңүз. Ал таланттын өсүүсүнө каражатыңызды аянбаңыз. Баланын сүйүп жасаган иши – финансылык көз карандылыктын жолу экенин унутпаңыз.

Эсиңизде болсун:

Биринчи эле талап кылган нерсесин сатып бербеңиз. Сатып алган буюм көптөн бери эңсегени болушу керек жана ал ойлонуп алынышы керек. Балаңызга тандоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Мажбурлабаңыз. Өзүңүз сатып бербеңиз. Акча чогултуп алганга аракет кылсын. Ката кетиргенден же керексиз чыгымдардан коркпоңуз, бул финансылык сабатсыздыктын баасы, бир ката кетиргенден кийин кайра ойлонуп, балаңызга сабак болот.

Даярдаган Эльвира Какиева

Поделиться

Комментарии