Ататүрк Ала-Тоо университети “Манасты” англис тилинде окутат

  • 11.02.2015
  • 0

IMG_0782

Ушул жумада Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинде “Манас эпосундагы мотивдер” деген аталыштагы конференция болуп өттү. Конференцияга КРнын Эл баатыры Б.Жакиев, Манас таануу институтунун директору Т.Тургуналиев, Түркиянын коомдук ишмери, окумуштуу, сүрөтчү Мехмет Шахин, манас таануучу, профессор Ж.Орозобекова катышты. Иш-чарага окумуштуулардан тышкары белгилүү манасчылар, сүрөтчүлөр студенттер катышты. Конференциянын демөөрчүсү LION соода маркасы болду.
Аталган окуу жайдын проректору Алмазбек Бейшеналиев конференцияны ачып жатып, университетте Манас таануу багытында аткарылып жаткан иштерине токтоло кетти.
— Ала-Тоо университети 2006-жылдан тартып улуу эпосубуз “Манасты” таанытуу сабагын биринчилерден болуп колго алганын баса белгилегим келет. Ошондон ушул күнгө дейре бул багытта илимий-методикалык иштер жакшы колго алынып, олуттуу көӊүл бурулууда. Азыр окуу жайыбызда атайын Манас таануу борбору иштеп, анда окутуунун бардык шарттары каралууда. Буга чейин биз эпосубузду кыргыз тилинен тышкары орус тилинде окутуу багытын иштеп чыкканбыз. Эми Манас таануу сабагын окутуунун методикасын англис тилинде жазып, иштеп чыктык. Бул эӊ чоӊ жаӊылыкты кубануу менен сиздерге кабарлап олтурам. Окуу китебин буюрса Гейдар Алиев атындагы фонд чыгарып бергени турат, — деди проректор А.Бейшеналиев.
Андан кийин сөз алган жазуучу Б.Жакиев “Манас” бир эле кыргызга эмес бардык адамзатка тиешелүү рухий мурас экендигин айтып, анын ичинде түрк дүйнөсүнүн тарыхы, баскан жолу чагылдырылганын, идеясы элди ынтымакка, биримдикке чакырып турарына токтолуп, Ала-Тоо университетине “Манасты” окутууга ылайыкталган хрестоматиясын белек катары тартуулады.
— “Манасты” билбеген үчүн биз жол талашып, мансапкор, алдамчы, ууру болуп жатабыз. Манасты түшүнгөн кыргыз буга барбайт эле, — деди Эл баатыры каӊырыгы түтөп.
— Мамлекетибизде идеология жок деп келебиз. Аны ойлоп табыштын кереги жок. Ал “Манаста” катылып жатат. “Манасты” жайылтуу бүтүндөй түрк туугандардын милдети. Ал эми азыр эпосубузду биз дүйнө жүзү тургай, өз элибизде жайылта албай турганыбыз эӊ өкүнүчтүү болуп турат. Мисалы, ЖОЖдордо мыйзам боюнча 60 саат окулушу керек болсо, 36 гана саат берилүүдө. “Манасты” изилдөө жагын болсо “чала молдолорго” бербей, нагыз адистерге каратып, андагы чалагайым окуяларды тазалашыбыз керек, — деди Манас таануу институтунун директору Т.Тургуналиев.
“Манас” эпосундагы исламдык мотив” деген темада доклад менен чыккан түркиялык окумуштуу алгач сөзүн Ала-Тоо университетин бүткөн балдар дүйнөнүн бардык тарабында иштеп жатканын көрүп суктанганын айтып келип, аларга “Манастын” духунда мындан да тереӊдетип билим берсек жакшы болот эле деди.
— “Манаста” шумдук тарбия бар. Жакып хандын Манаска айткан акыл кеби, Ногой хан өлөрдө элине биримдигибиз, ынтымагыбыз, улуу-кичүүгө сыйыбыз, наркыбыз кетип, жеӊилип турабыз деп айтканы эмне деген улуу кеп, — дейт Мехмет Шахин. Андан ары ал докладында “Манастагы” исламдык салттардын, жорумдардын, ырым-жырымдардын бар экендигине кеӊири токтолду.
“Манас” эпосу боюнча жакында докторлугун жактаган окумуштуу Ж.Орозобекова “Манас” эпосундагы негизги мотив” аттуу докладында эпостун 7-8 катмардан турарын, анда адамзат туш болгон миӊдеген жылдардагы цивилизациялар, коомдук формациялар камтылганын, негизги идеясы эркиндик, демократия экендигине басым жасады.
— Эпосто бир эле Ислам дини эмес, 8-9 диндик түшүнүктөр орун алган. Анда төрөлүү, өлүү, достук ж.б. философиясынан тартып мифтик көрүнүштөр толтура. Бул эпикалык эпосту тарыхый чыгарма деп баалап, ага олуттуу мамиле жасоого тийишпиз, — дейт баяндамачы.
Конференцияда окумуштуу Р.Ачылова, “Г.Алиев” фондунун жетекчиси Н.Мамедов, манасчы, окумуштуулар Т.Бакчиев, Т.Абдракунов, “Дил азык” басма үйүнүн директору М.Жумалиев чыгып сүйлөшүп, эпоско байланышкан ойлорун, сунуштарын айтышты. Аталган фонддун жетекчиси Н.Мамедов эпосту тектеш тилдерге которуунун колго аларын айтса, Т.Бакчиев университетте эпосту изилдөө үчүн атайын чоӊ борбор ачуу идеясына көӊүл бурууну суранды. Иш-чарада 2-класстын окуучусу, кичинекей манасчы үмөт Болот уулу “Манас” айтып, келген конокторду таӊ калтырды.
— Орустун белгилүү изилдөөчүлөрү бир кезде манасчылык Саякбай менен бүтөт деген эле. Алар жаӊылышыптыр. Үмөт жадакалса тамга тааный элегинде эле күргүштөтүп манас айтып баштаганы алардын оюн таш каптырууда. Манас айтуучулар уланууда. Ал түгөнбөй, түтөй берери турулуу иш болуп калды. Бул эмне деген керемет, — деди конференциянын алып баруучусу, белгилүү окумуштуу К.Мамбеталиев.
Кечеде Эл баатыры Бексултан Жакиев, университеттин негиздөөчүсү Мехмет Шахин окуу жайдын “Ардактуу профессору” наамына ээ болушту. Ардактуу наамдарды Ала-Тоо университетинин ректору Осман Гөкалп салтанаттуу түрдө тапшырды. Мындан тышкары, Кыргызстандагы жаш сүрөтчүлөр Р.Чукушова, З.Илипов, К.Кайыпов, А.Алакуновдун “Манас” эпосуна карата тартылган сүрөттөрүнөн турган көргөзмө ачылып, келгендерди кубантты.
Майрамбек Токторов, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии