АТА ЖОЛУН ЖОЛДОЙМУН, МЕКЕНИМДИ КОРГОЙМУН

  • 18.02.2026
  • 0

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Исфайрам жалпы орто билим берүү мекемесинде мекенди коргоочулар күнүнө карата патриоттук иш чара болуп өттү.

Бул мектепте  2023-жылы улук лейтенант Жусупов Дыйканбай атындагы АЧД каана ачылган.

Иш чарага “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов, бирикменин Баткен облустук төрагасы Тынычбек Массаитов, Ош облустук төрагасы Абдыкалык Эргешов,  коомдук бирикменин мүчөсү Айнагүл Жусупова жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Исраилов катышты.

Жеке ишкер Айнагүл Жусупова алты противогаз, бир носилка, он бир аскердик форма тапшырды.

АЧД мугалими Кубатбек Рысбаев “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин “Кызматташтык” медалы, Айнагүл Жусупова “Мекен коргоочунун энеси” медалы менен сыйланды.

 

Поделиться

Комментарии