АШЫКЧА САЛМАКТАГЫ БАЛДАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИН ЖАЗАЛАШ КЕРЕКПИ?

  • 27.02.2015
  • 0

Ашыкча салмак адамзаттын турмушундагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп аталууда. Дүйнөдө 600 миллион адам же чоӊ адамдардын 13% семиздиктен жапа чегүүдө. Пуэрто-Рикодо балдары ашыкча салмакта болгон ата-энелерди акчалай айыпка жыккан мыйзам кабыл алуу жөнүндө маселе коюлууда. Талкуудагы мыйзам долбоорунда каралган акчалай айыптын өлчөмү 800 долларга чейин барышы мүмкүн.

Дания дүйнөдө биринчи болуп 2011-жылы майлуулугу 2,3% көп болгон азык-тарга салыкты көбөйткөн, бирок баалар кымбаттаганда керектөөчүлөр Германи-янын чек арасына барып азык-түлүк ала башташты. Ошондон кийин бул аракеттен майнап чыкпады деп өкмөт бул чечимин жоюп салган.

Франция 2012-жылы өтө майлуу паль-ма майына салыкты төрт эсе көбөйттү. Ал эми АКШнын Калифорния штатындагы Беркли шаарында таттуу газдалган жана энергетикалык суусундуктарга өзүнчө са-лык киргизүүөткөн жылы референдумда колдоого алынды. Ошондой эле мындай ичимдиктерди балдарга сатууга Австрали-яда 2007-жылы эле тыюу салынган, бирок көп учурда ал аткарылган эмес.

Ошол эле учурда Англи-яда жана АКШнын бир нече штатында  эгер  балдары ашыкча семиз болсо алар-дын ата-энелерине эскертүү каттары жиберилет.Буга чейин ашыкча салмак менен күрөшүү саясаты неги-зинен салыкты көбөйтүү жана маалымат таратып агартуу жагында болуп келди. Бирок Пуэрто-Рикодо, АКШнын өз алдынча башкарылган шта-тында, балдардын ашыкча салмагын ата-энелердин жоопкерчиликсиз тарби-ясынын натыйжасы ка-тары  карап,  алардын жоопкерчилигин кароо тууралуу маселе кою-лууда.

2013-жылы Пуэр-то-Рикодо төрт жаш-ка  чейинки  балдар арасындагы  ашыкча салмактын  көрсөткүчү 17,9% болуп, АКШнын штаттарынын ичи-нен эӊ чоӊ болуп чыккан.

Эгер мыйзам чыгаруучу жыйын сенатор Гилберто Родригес Валленин планын кол-доп берсе, мугалимдер ашыкча семиздик-тен жапа чеккен балдарды карап, аныктап турууга тийиш болот. Андай балдардын ата-энелери менен саламаттык сактоо бо-юнча кызмат адамдары жолугуп, ашыкча семирүүнүн себептерин жоюу маселесин чечүүнү талап кылып, мөөнөт берилет.

Эгерде семиздиктин себеби тамак-аш-тан болуп жатса, анда атайын диета менен дене-тарбия көнүгүүлөрүнүн программасы сунушталат. Мугалимдер айына бир жолу барып, диета менен көнүгүүлөр кандай аткарылып жатканын карап турушмакчы. Алты айдан кийин баланы кайрадан текше-ришет. Эгерде бир жылдын ичинде салмак такыр эле түшпөсө, анда ата-энелерге 800 долларга чейин айып пул салынат.

Буга каршы болгондор мугалимдерди балдардын салмагын көзөмөлдөгөн по-лиция кылуу идеясы ашыкча салмактагы адамдарды коомдо жек көрүндү кылууга алып барат деп жатышат.Бирок сенатор Родригес Валле жана анын жактоочулары бул чаралар эч кимди кемсинтпейт деп айтышууда.

— Бул чаралар коом үчүн зарыл, — дейт ал. — Ашыкча салмак медициналык көйгөй катары финансылык чыгымга алып келет, анткени ашыкча салмактагы бала диабет, жүрөк оорусу же башка ооруларга чалды-гышы мүмкүн.2013-жылы Пуэрто-Рикодо чоӊдордун дээрлик үчтөн бири ашыкча салмакта экени аныкталган. Ошол эле учурда төрт жашка чейинки балдар арасындагы ашыкча сал-мактын көрсөткүчү 17,9% болуп, АКШнын штаттарынын ичинен эӊ чоӊ көрсөткүч болуп чыккан.

Ошондуктан эгер ата-энелер балдар-дын салмагын башынан кармай албаса, анда мектептер финансылык санкцияларга таянып, бул маселени чечүүгө тийиш деген маселе коюлууда.

К.ЧЕКИРОВ,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии