АНАРКҮЛ ЭЖЕЙ, ЭСИБИЗДЕСИЗ!
- 12.07.2013
- 0
Мезгил арылаган сайын балалыктын кайталангыс күндөрүндөгү билим дүйнөсүнө жол салган мектеп, андагы эне-атадан калышпай кам көргөн агай- эжейлердин карааны көздөн учуп, сагынычтуу күндөрдүн кусасы менен далай жолу аларга учурашуу үчүн барышаар. Коштошууга ооз барбай кыйылып, алардын сансыз бырыштар чегелеген, ак саамайлуу жүздөрүнө аяр тигилишип, коштошуудан кыйылып турушаар. Бул жарыкчылык менен эртелеп коштошкон асыл эжейлеринин элеси көз алдыга тартылып, үнсүз үшкүрүшүп, ”аттиӊ арман!” деген кайрыктар көмөкөйдүн ары жагында кысылып, эт жүрөктү эзген учурлар болбой тургандыгына эч ким кепилдик бере албас.
Кара-Буура районундагы Рахманаалы Осмонов атындагы орто мектептин жамааты өткөн жылы орду толгус жоготууга учурады. 35 жылдан ашуун өмүрүн жаш муундарга арнап, мугалимдик кесиптин ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп, балдардын келечеги үчүн өмүрүн аябаган асыл мугалимдердин бири, ушул мектептин директору Анаркүл Мусаеванын күтүүсүздөн каза болгондугу кесиптештеринин, аймак элинин, миӊдеген окуучуларынын кабыргасын кайыштырып, кайгыга батырды. Эжейибиз Анаркүлдүн каза болгондугун укканымда негедир уккан кулагыма ишенбегенсип, ушул оомал-төкмөл дүйнөнүн жалган экендигине аргасыздан ынанып турдум. Мектеп босогосунан аттап чыгып кеткендигибизге 30 жылга чукул убакыт өтсө дагы кечээ гана балалыкты артка таштагансып ал күндөр аргасыздан эске түштү.
Жоон-Дөбө айылындагы Кыргыз эл мугалими Рахманаалы Осмонов жетектеген, ошол жүрөккө жакын, көзгө ысык мектебибиз жөн гана Жоон-Дөбө орто мектеби деп атала турган. Союздун гүлдөп турган маалында жаш муундарга таалим-тарбия, орто билим берүүгө ылайыкталган эӊ сонун шарттары, чоӊ базасы, жатак-интернаты бар, аймактагы саналуу, алдыӊкы, таанымал мектептердин бири эле. Ушул айылдын тегерегинде жайгашкан айыл- кыштактардагы мектептер толук билим берүүгө ылайыкталбагандыктан, 8-классты аяктагандан кийин толук билимге ээ болуп, аттестат алуу үчүн Жоон-Дөбө орто мектебине келип окууларын улантыша турган.
Ошентип, 1984-жылы Суулу-Маймак айылынан 8-классты аяктап, биз дагы Жоон-Дөбө мектебиндеги ар кайсы кошуна айылдан келген окуучуларды топтогон класста окуп калдык. Бөтөн айылдагы мектепте чоочун мугалимдерден корунганыбыз аз келгенсип, катарыбызга кошулган жаӊы классташтарыбыз менен алгач тил табыша албай убара болгонбуз. Орус класста окуган тыӊчыкмалары болсо “колхоздор келди, мыркалар” дешип ары-бери жөөлөп өтүшөт. Мугалимдерибиз менен четинен тааныша баштадык. Анаркүл эжей менен адеп таанышканыбыз дагы эсте калган. Химия кабинетинин толук мүмкүнчүлүктө сабак өтүүгө ылайыкталып жасалгалангандыгына суктанып, элейип улам бир көргөзмө куралдарга тигилип отурганыбызда ак жуумал, мээримдүү, тегерек жүзүнө бакырайган кой көздөрү, кырдач мурду жарашкан орто бойлуу эжей кирип келди. Бул Мусаева Анаркүл эжебиз эле. Сабакты ушунчалык берилүү менен, жөнөкөй ыкма менен мээге кыт куйгандай сиӊимдүү, жеткиликтүүөтө тургандыгына дароо ынанып, химия сабагын күтүп калуу биз үчүн адатка айланды.
Көрөӊгөсү кенен, келечекти аӊдап биле алган сапат касиеттери бар, түшүнүгү, адамкерчилиги тереӊ Анаркүл айым кесиптештеринин, айылдаштарынын арасында зор кадыр-баркка илинип калгандыгын бала болсок дагы баамдап, эжейибиздин ийгилигине кубанып турар элек. Университетти аяктагандан кийин мугалимдик кесипти аркалаганына аз эле жылдар болсо дагы такшалып, тажрыйбасы мол мугалимдерден калышпай, тырышып аракеттенгендигине биз ал кезде баабызды бергенге дараметибиз жетиштүү эмес болчу.
“Ата-эненин үмүтүн актоо ар бириӊердин парзыӊар. Ал эми билим менен адам баласы каалаган максатына жетип, каалаган бийиктикти багындырат. Ошондуктан ушул алтын мезгилиӊерди бошко өткөрбөй, окуп адам болсоӊор, мээнетти актаганыӊар ошол”, — дечү эжебиз ар сабагында.
Чындыгын айтканда, талабы катуу, тартиби бекем Анаркүл эжейибизден көп окуучу сестенип, батына алышчу эмес. Анткени ал мугалим эт менен челдин ортосунда чайналган, чечкинсиз, өзүнө ишене албаган, жалкоо адамдарды такыр жактырчу эмес. Окууга дитин койбогон, тартиби начар окуучулар менен такай иш алып баруу ал үчүн мыйзам эле. “Окуучулардын жаманы болбойт, алар менен тил табышып иштей албаган тайкы маанай педагог болушу мүмкүн” деген принциби бар мугалимди баардыгы колдошо турган.
Эжейибиздин эртеден кечке жаны тынчу эмес эле. Жаӊы тирилик, жаш балдары болсо дагы, таӊ эртеден күн батканча мектептен кетпей иштей берчү. Предметтик кружокторду, тарбиялык сааттарды такай уюштуруп, ал эмгектери өз кезегинде республикалык жогорку сыйлыктарга татыган. Билим берүүнүн отличниги, ардагер мугалим Мамыт Сыдыгалиевдин улуу келини болгондугу үчүн алдыӊкы мугалимдердин катарында, башкаларга үлгү болушу керек го деп ойлочубуз. Балким чындыгында эле Анаркүл эжейдин эл арасынан чыккан чыгаан агартуучу болуп калышына кайнатасы Мамыт агайдын деле салымы болгондур. Бирок эжейибиздин кесиби гана мугалим болбостон, жашоосунун маани-маӊызы жана өзөгү ушул кесип менен байланышып калгандыгын эч ким жокко чыгара албас.
Кыска убакыттын ичинде эле мамлекетибиз 3 доорду басып өттү. Коом, жашоо- тиричилик заман нугуна жараша өзгөрүлүп турганы менен, келечек ээлеринин татыктуу, патриот, билимдүү болууларын ак эткенден так этип каалап-самаган мугалимдер гана саясат, мансап, байлык менен иши жок өз убаракерчиликтери менен алек болушту. Ушул убакыттын ичинде Анаркүл эжейибиздин агартуу тармагындагы жараткан ийгиликтери менен кабардар болуп, кубанып жүрдүк. Узак жылдар бою мектепти түп тамырынан бери түптөп, жетектеп келген устаты, Эл мугалими Рахманаалы Осмоновдун ордун басып эчен жылдар бою өз үйүндөй болгон мектептин директору болуп эмгектенди. Аянбай төккөн маӊдай теринин, таман акысынын акыбетин эми көрө баштаган маалда тымызын кыйнап келген оорунун кесепетинен акыркы сапарга узап кетти. “Апа, жумушту кое туруп, өзүӊдү, ден соолугуӊду карачы!”, — деп суранган уул-кыздарынын өтүнүчтөрүн улам кийинкиге жылдырып отуруп, акыры ушундай болгон тура. Аттиӊ, ошол өрүшү кенен өсүп-өнгөн мектебибизди Анаркүл эжейибизсиз элестете албай кыйналып, көкүрөктөрү букка толгон канча адам, канчалаган бүтүрүүчүлөр бар болду экен? “Эсил кайран, эзелки эжей” деп айтканга оозубуз барбаганы менен, ажалдын улуктугуна айласыздан ынандык. Биз үчүн сиздин карааныӊыз ошол мектептин айланасында түбөлүккө калгандай.
Кечээ жакында гана мектепте өткөн акыркы коӊгуроо салтанаты биринчи жолу Сизсиз өткөрүлдү. Мектебиӊиз, жамаатыӊыз, миӊдеген окуучуларыӊыз шуу үшкүрүп, каӊырыгы түтөп, Сизди жоктоп турушту. Ошол мектептин мугалими, “келечекте кайненемдин ордун бассам” деген изги тилектери бар келиниӊиздин ошол күнү “Апамсыз деле мектептин жашоосу уланып, той-тамашалар, салтанаттар өтө берет тура”, — деп буркурап боздогонун, элдин баарын ыйлатканын угуп, өмүрүӊүздүн, асыл эмгектериӊиздин текке кетпегендигине ынандык.
Эсил кайран эжейибиз, сиздин калтырган зор эмгектериӊиз, бийик адамдык асыл сапаттарыӊыз менен элдин, келечек муундардын эсиндесиз. Урпактарыӊызга, уул-кыздарыӊызга, неберелериӊизге ыйык рухуӊуз келечекке айкын жол көрсөтүп, колдоп жүрсүн! Жаткан жериӊиз жайлуу, топурагыӊыз торко болсун!
Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА, журналист
Комментарии