Алп жазуучунун эстелиги мектептин алдында орнотулду
- 26.06.2015
- 0
Ч. Айтматов атындагы №63 гимназияда залкар жазуучунун эстелигин ачуу жана бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Эстеликти №63 гимназиянын “Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча мыкты билерман” олимпиадасынын жеңүүчүлөрү 10-б класстын окуучусу Султаналиев Эдил жана 9-б класстын окуучусу, мектептин президенти Бабаназаров Нурислам салтанаттуу ачышты.
2013-жылы 1-октябрда Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын буйругу менен №63 гимназияга Кыргыз Эл баатыры Ч.Айтматовдун аты ыйгарылган болчу.
— КР маданиятынын мыктысы жана Ч.Айтматовдун эл аралык сыйлыгынын лауреаты Марлен Бакачиев баласын мектепке берип жатканда ал бюстту бизге белек кылып тартуулаган эле, — дейт №63 гимназиянын директору Аида Давлетова.
Директордун айтымында, эстеликти скульптор эки жыл ичинде иштеген. Анын көлөмү 3 м. 10 см. Эстеликтин төрт капталында жазуучунун “Жаныбарым, Гүлсары!”, “Ак кеме”, “Жамийля” жана “Биринчи мугалим” чыгармаларынан эпизоддор чегилген.
— Бийик гуманизмди чагылдырган мындай эстеликтин тарбиялык таасири зор. Эстеликти орнотуу иш-чарасына жардам көрсөткөн “Алтын мектебим” уюштуруу бөлүмүнүн директору К. Кыдырмышевге жана Д. Токтоналиевага, А.Осмонкуловага, “МАЭК-СТРОЙ” ЖЧК курулуш компаниясынын директору Маралбаевге жана анын орун басары Н. Жакиевге терең ыраазычылык билдирем. Эстеликтин архитектуралык-пландаштыруу документтерин биздин гимназиянын бүтүрүүчүсү Алыбаев Медер даярдады, – дейт мектеп жетекчиси.
Иш-чаранын соңунда мугалимдерге, жакшы окуган бүтүрүүчүлөргө “Ч.Айтматовдун философиясы” аттуу китеп жана мактоо баракчалары, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө орто билим туурасындагы аттестат тапшырылды.
Айтмакчы, аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Д. Бекешев, жазуучунун уулу Аскар Айтматов, жазуучу А.Кенжебаев жана эстеликти орнотууга жардам көрсөткөн “Алтын мектебим” уюштуруу бөлүмү, “МАЭК-СТРОЙ” ЖЧК курулуш компаниясынын өкүлдөрү, коноктор жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.
Мафтуна Исраилова,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин 2-курсунун студенти.
Комментарии