Ак жол сага, бүтүрүүчү!

  • 28.05.2014
  • 0

IMG_3472

Ошентип дагы бир окуу жылы аяктап, жумуриятыбыздын булуң-бурчтарында жүздөгөн улан-кыздар мектеп менен кош айтышуу алдында турушат.
24-майда алар үчүн мектептеги акыркы коңгуроо кагылып, салт болуп калгандай эле бул иш-чара бардык мектептерде салтанаттуу белгиленди.
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы Бер-Булак айылындагы О.Турсуматов атындагы орто мектепти быйыл 12 бала аяктады. Бул чакан мектепте уюштурулган аземге бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелеринен сырткары атайын меймандар келишип, мектепти аяктап жатышкан окуучулардын жыл ичиндеги ийгиликтеринин жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды жана Ардак грамоталарды тапшырышты.
Атайын келишкен меймандардын катарында айылдык кеңештин депутаттары, “Эмгек” партиясынын Чүй облусу боюнча координатору Мукаш Осмонов жана мектеп сыймыктануу менен ысымын алып жүргөн Ормонбек Турсуматовдун үй-бүлөсү да болду. О.Турсуматовдун үй-бүлөсү көп жылдан бери мыкты окуган балдарга Оморбек Турсуматов атындагы атайын стипендия, Ардак грамота берүү менен бирге мектептин кандай кем карчы болсо, чечип бергенге аракеттишет. Бул жолу да куру келишпегенин белгилеген анын уулу Илияз Турсуматов окууда жана спорт жаатында өзгөчөлөнгөн алдыңкы окуучуларга стипендия ыйгаруу менен бирге мектеп Wi-Fi орноштуруп алуусу үчүн акчалай каражат тапшырды. Ал окуучулар алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө чын пейлинен балдарга ак жол каалап, аларды өз мекенин сүйгөн патриот болууга, ата-эненин ак кызматын актоого үндөдү.
“Эмгек” партиясынын Чүй облусу боюнча координатору М.Осмонов да бүтүрүүчүлөргө шыдыр жол каалоо менен бирге, мыкты окуган окуучуларга акчалай сыйлыктарды жана көк түстөгү футболкаларды белек катары тапшырды.
Мындан тышкары Таш-Дөбө айылдык кеңешинин өкүлдөрү да балдардын спорт жаатындагы жетишкен өзгөчө ийгиликтерин кубануу менен белгилешип, алар мындан ары да мыкты ийгиликтерге жарата берүүлөрүн каалашты.
Мектеп директору Гүлнара Мамбетиманованын айтымында, мектеп дагы, андагы балдардын саны дагы чакан болгону менен, анын окуучулары облустук, республикалык спорт, олимпиада жана чыгармачылык өнөр жагынан көптөгөн таймаштарда мектеп намысын татыктуу коргошуп, алдыңкы байгелүү орундарды ээлеп келишет.
— Оморбек Турсуматов атындагы биздин мектепти 2013-2014-окуу жылынын жыйынтыгында 242 окуучу аяктады. Мектебибиз чакан болсо да, биздин балдар олимпиадаларда, спорт мелдештеринде, Манас таануу жана башка интеллектуалдык акыл таймаштарында алдыңкы орундарды багынтышууда. Алсак, облустук олимпиаданын жыйынтыгында орус тили жана адабиятынан, физикадан байгелүү орундарга жетиштик. Ал эми “Манас таануу” боюнча республикалык конкурста үчүнчү орунду ээлесек, Салиев Руслан деген окуучубуз “Акыл ордо” телесынагынын финалисти болду. Окуучулардын жетишкендиктеринде мугалимдердин эмгеги зор экени талашсыз. Ардагер устат мугалимдерибиз Зинаш Иманкулова, Шекер Азимканова, Токон Сүйөркуловалардан кеп-кеңеш, таалим-тарбия алышкан адистерибиз алардын жолун татыктуу улап келишет. Алардын катарында Айнуру Алымкулова, Күлжан Бөлөкова, Төлөгөн Мырзабеков, Жаңыл Деркембаева ж.б. атасак болот.
Мектепте спорттук секциялар, комуз жана бий ансамблдери бар. Комузчулар жана бий ансамблдери “Сары-Өзөн чолпондору” кароо-сынагында байгелүү орундарга жетишишти. Натыйжада биринчиликти ээлеген бий ансамбли Турцияга барууга жолдомо алды.
Биз салт катары окуу жылы аяктаганда жылдын мыктыларын белгилейбиз. Быйыл да бул жөрөлгөбүздү улантып, “Жылдын мыкты бүтүрүүчүсү” деп — Асылбек уулу Азиретти, “Жылдын мыкты мугалими” деп – Жаңыл Деркембаеваны жана “Жылдын мыкты ата-энеси” деп Шамуратова Мидинаны атадык.
Мен мектептин администрациясынын атынан өзгөчө ыраазычылыгымды биздин мектеп ысымын алып жүргөн Ормонбек Калманович Турсуматовдун үй-бүлөсүнө билдиргим келет. Алар даталуу күндөрдө жана ушундай жыл жыйынтыгында дайыма келишип, колдорунан келген көмөктөрүн көрсөтүп турушат. Мына быйыл да стипендияларын беришти. Биздин Интернет байланышына муктаждыгыбызды угушканда, акчалай каражат бөлүштү. Эми жакынкы арада мектепке Интернет туташтырабыз, — деди кубануу менен.
Бер-Булак айылынын балдары эки чакырымдай алыс жайгашкан Таш-Дөбө айылындагы мектепке барып окуп жүрүшкөнүн уккан ал кездеги депутат Ормонбек Турсуматов жеке аракеттери менен ушул мектептин, көчөнүн жана жолдун курулушуна зор салым кошкон. Ормонбек Калманович өзү Сокулук районунан болчу. Кыйла жылдар ушул Аламүдүн аймагында жетекчилик кызматтарды аркалап келген. Адатта, мектепке же көчөгө ат коюу сыяктуу аракеттер талаш-тартыш менен коштолот эмеспи. Мында андай болгон жок, Турсуматовдун балдары анын атасынын наамында мектеп жана көчө бар экендигин кийин гана билишкен. “Адам атак-даңкты эмес, атак-даңк адамды ээрчийт” деген сөз калетсиз белем, аламүдүндүктөр 1990-жылдары райондук кеңештин депутаты, төрагасы, андан кийин “легендарлуу парламенттин” депутаты болгон Ормонбек Турсуматовдун алар үчүн аткарып кеткен иштерин ушул убакка чейин даңазалап айтып жүрүшөт.
Салтанатка келгендер бүтүрүүчүлөрдүн урматына даярдалган чакан концертке күбө болуу менен, алардын колунан көккө канат күүлөп учкан көгүчкөндөрдөй алардын да асманы ачык, жолу шыдыр болуусун каалашты.

 

Айнагүл Кашыбаева,
Аламүдүн району.

 

Поделиться

Комментарии