Өпкөнүн тиричилик көлөмүн аныктоо
- 18.03.2025
- 0

Эксперимент сабак, SEA методу
Башталгыч экспериментке керектелүүчү каражаттар: аба шары, тараза, метр, секундомер. Батман, маркерлер, түстүү барактар
- Сабактын максаты: Студенттер өпкөнүн курактык өзгөчөлүгүнө жараша тиричилик көлөмүн аныктоо усулун үйрөнүшөт. Теманын үстүндө топтордо чыгармачылык менен электрондук тесттерди иштешет. Практикалык жумуштарды аткарышат.
- Өпкөнүн көлөмү боюнча түшүнүгүн, өз оюн эркин айтып, байкагандарын кагазга түшүрүп, эске сактоосу, логикалык ой жүгүртүү аркылуу чыгармачылыгы калыптанат.
- Алган билимдерин турмушта пайдалана билүүгө, эмгекчилдикке, дем алуу органдарын сактоого, бири-биринин оюн сыйлоого жана уга билүүгө тарбияланышат.
Аудиторияга жагымдуу жагдай түзүү.
«Flippity» интерактивдүү оюнун ойноп студенттерди 4 топко бөлүү. Үй тапшырмасын кайталоо. Joyteka платформасынан түзүлгөн электрондук тест менен кайталоо. https//joyteka.com/100600687
- Башталгыч экспериментти жүргүзүү.
Окутуучу студенттерди байкап турууга гана чакырат да, башка сөз айпастан эксперимент көрсөтөт.
1-эксперимент. Тынч абалда дем алуу жана дем чыгаруу менен өпкөнүн сыйымдуулугун аба шарынын жардамы менен көрсөтүү.
2-эксперимент. Өпкөнүн сыйымдуулугун терең дем алуу жана дем чыгаруу менен аба шарынын жардамында көрсөтүү.
3-эксперимент. Дем алуу жыштыгын секундомер менен эсептөө.
Байкоолор:
— Тынч абалында үйлөгөндө аба шарында ……көрсөттү.
— Терең дем алып үйлөнгөндө аба шарында ……көрсөттү.
— 1 мүнөттө …. жолу дем алды.
Текшерүүчү байкоо:
- Эки студент чыгат. Бирөөсү байкоолорду окуп, туурасына белги коёт.
- Экинчиси тажрыйбаны кайталап жасайт.
Тандалган байкоо: Белги коюлгандарын өткөрөбүз. Студенттерге дептерине жазууну айтам.
Гипотеза жаратуучу суроолор:
— Эмне үчүн тынч абалда дем алып үйлөнгөндө аба шарында …. көрсөттү?
— Эмне үчүн терең дем алып үйлөнгөндө аба шарында …. көрсөттү?
— Эмне үчүн бир мүнөттө…. жолу дем алды?
Божомолдор:
— тынч абалда организм кычкылтекти азыраак керектесе керек.
-…… өпкөнүн көлөмү …. болсо керек.
— канчалык терең дем алса ошончолук абаны чыгаруу керек болсо керек.
— көп дем алганда көп дем чыгаруу керек болсо керек.
-мүнөтүнө … жолу дем алган нормасы болсо керек.
-…. дем алсак керек.
Эмне изилденет (параметр)? Текшерүүчү тажрыйбаны жүргүзүү үчүн:
— дем алуу көлөмүн аныктоо
-терең дем алуунун көлөмүн аныктоо
-мүнөттөгү дем алуунун санын аныктоо
Текшерүүчү тажрыйбаны жүргүзүү үчүн материалдар (верификациялык эксперимент)
1-тайпа: Студент орто, улуу жаштагылардын дем алуу көлөмүн аныктайт. Бирдей курактагы аял жана эркектердин дем алуу көлөмүн аныктайт.
2-тайпа: Дем алуунун тиричилик көлөмүн аныктоо.
Ар бир студент массасын таразага тартып, боюн өлчөйт. Терең дем алып дем чыгарып өпкөнүн тиричилик сыйымдуулугун эсептейт.
3-тайпа: Студенттер бир нече мүнөт тынч отуруп, кийин дем алуусу секундомер менен эсептелет. Эки жолу эсептелип, орточосу чыгарылат. Физикалык күч жумшагандан кийин (бир мүнөт ордунда чуркоо) дем алуусу эсептелет.
Презентация (Ар бир топтон экиден студент чыгат)
1-топтун жыйынтыгы:
— студенттин дем алуу көлөмү
— орто жаш ( ….. ) дем алуу көлөмү
— улуу жаштагылардын дем алуу көлөмү
Бирдей курактагы
— аялдардын дем алуу көлөмү
— эркектердин дем алуу көлөмү
2-топтун жыйынтыгы:
Дем алуунун тиричилик көлөмү боюна, массасына жараша болот. Мисалы, бою узун массасы жогору болгондордо дем алуунун тиричилик көлөмү… болот. Тескерисинче, массасы аз, бою жапыз бирдей курактагы инсандарда дем алуунун тиричилик көлөмү ……. болот.
3-топтун жыйынтыгы:
— Тынч абалда дем алуунун жыштыгы бирдей курактагыларда…. болот.
— Физикалык күч сарптаганда дем алуунун жыштыгы ….. болуп жогорулады.
Концепция
- Дем алуунун көлөмү курагына, жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша ар түрдүү болот.
- Дем алуунун көлөмү бирдей курактагыларда боюна, массасына жараша ар түрдүү болот.
- Дем алуунун жыштыгы тынч абалда жана физикалык күч сарптаган учурда ар түрдүү болот.
Башкача айтканда, физикалык күч сарптаганда организмге кычкылтек көп талап кылынат.
Илимде, техникада колдонулушу:
Демек, биздин бүгүнкү темабыз: «Өпкөнүн тиричилик көлөмүн аныктоо» (студенттер өздөрү теманы аныкташат).
Өпкөнүн тиричилик көлөмү (сыйымдуулугу) — бул абадан терең дем алып, дем чыгарган учурдагы абанын эн чоң көлөмүн айтабыз. Өпкөнүн тиричилик көлөмү спирометр аспабынын жардамы менен аныкталат. Дем алуу — организмдин сырткы чөйрөдөн кычкылтекти алып, аны кычкылдануу жана организмден көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү. Бул процессте организмге керектүү болгон энергия бөлүнүп чыгат. Дем алуу процесси атайын дем алуучу органдардын жардамында жүрөт. Дем алуу кан аркылуу жүрөт.
Дем алуунун көлөмү, жыштыгы куракка карап өзгөрөт. Мисалы, жаны төрөлгөн балдардын мурун көңдөйү өсүп жетилбегендиктен, мурун аркылуу жакшылап дем ала алышпайт. Балдардын мурундарынын ичи кан тамырга бай келет, бирок былжыр суюктугу иштеп чыгаруучу бездер өсүп жетилбегендиктен мурундун ичи кургак кетет да, балдардын бат сезгенүүсүнө шарт түзөт. Эмчектеги балдардын көөдөнү кыска келип, кабыргалары туурасынан жаткандыктан алар үстүрттөн дем алат. Жаны төрөлгөн балдар бир мүнөттө 60 жолу дем алса, 5-7 жашка чейин 25 жолу дем алат, тактап айтканда балдар улам чоңойгон сайын алардын бир минута дем алуу саны акырындык менен азая баштайт. Өпкөнүн тиричилик көлөмү 1440 мл 3520 мл чейин акырындык менен көбөйөт. 17 жашка чейин балдардын өпкөлөрүнүн көлөмү кыздардыкына караганда 90 мл-960 мл кенендик кылат. Дем алуу кыймылынын нормасы ымыркайларда бир минутада30-40 жолу, бир жаш куракта 35-40 жолу, 5-6 жашта 22-24 жолу, чоң адамдарда 16-20 жолу, ал эми спорт менен машыккан адамдардыкы азыраак болот. Дем алуу кыймылына көкүрөк клеткасы жана ичтин чел кабыгынын (диафрагма) катышуусуна жараша көкүрөк түрүндө дем алуу (көбүнчө аялдарда), ич (брюшной) түрүндө дем алуу (эркектерде) жана аралаш дем алуу деп бөлүнөт.
Дем алуу тездиги тынч абалда аныкталат. Ал үчүн колду көкүрөк клеткасына же ичке коюп1 мүнөттө канча жолу дем алуу кыймылы болгондугу саналат.
Демигүү (одышка) — дем алуу кыймылынын тездөөсү. Дем алуу органдарынын жана жүрөк ооруларынын белгиси катары кездешет.
Дем кыстыгуу (удушье) — дем алуунун бузулуусу, бронх астмасы дартынын негизги белгиси.
Баштапкы_эксперимент_SEA[1] (уландысы ушул жерде)
Марипова Замира, Баткен мамлекеттик университетинин Педагогика жана коммуникациялар колледжинин биология окутуучусу
Комментарии