Дүкɵндɵ. Математика сабагы
- 20.12.2024
- 0
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк:
Окуучуларда дүкɵн иштетүүдɵгү математикалык эсептɵɵлɵр болгон чыгаша, киреше жана пайда түшүнүктɵрүн калыптандыруу.
Ɵнүктүрүүчүлүк:
Дүкɵн ичинде соода кылуу менен окуучулар чыгаша, киреше жана пайданы формулалардын жардамы менен чыгарышат.
Тарбия берүүчүлүк:
Дүкɵн иштетүү менен математикадан алган билимдерин туура пайдаланууга үйрɵнүшɵт.
Сабактын жабдылышы: проектор, компьютер, карточкалар, ватман.
Сабактын тиби: жаңы билимди ɵздɵштүрүү.
Сабактын жүрүшү: уюштуруу
Саламатсыздарбы балдар? Бүгүнкү сабакта бири-бирибизди карап жылмайып, жагымдуу маанай тартуулайлы. Азыр мен силерге үч түстɵгү (кара, кызыл, жашыл) баракчаларды таратам, окшош түстɵгү окуучулар биригип топторго бɵлүнɵбүз.
1-топ «Кара түс» — Чыгаша
2-топ «Кызыл түс» — Киреше
3-топ «Жашыл түс» — Пайда
Үй тапшырманы текшерүү: келгиле балдар, үйгɵ берген тапшырманын тууралыгын текшерели.
Ɵтүлгɵн темаларды бышыктоо: кана эмесе, балдар, жаңы темага киришердин алдында силер менен ɵтүлгɵн тема боюнча «Домино» оюнун ойнойлу (мугалим ар бир топко карточка таратып берип, оюндун шартын түшүндүрɵт).
Жаңы тема:
Маселе:
Асан китеп дүкɵнүн ачууну чечти. Алгач ал дүң базардан барып мектепке керектүү китептерди 200 сомдон сатып алып, 350 сомдон сатат. Ал китеп сатуу үчүн атайын жайды арендага алып, арендасына айына 1200 сомдон тɵлɵйт. Эгерде Асан 150 китеп алып келип сатса, ал канча сом чыгаша болду?
Чыгарылышы: 200*150+1200=30000+1200=31 200
Ошондо чыгаша бул туруктуу жана ɵзгɵрмɵлүү чыгашалардын суммасы.
Чыгаша тɵмɵнкү формуланын жардамы менен аныкталат: ТС=а*q+f . Мында а*q -ɵзгɵрмɵлүү чыгаша, f-туруктуу чыгаша.
Эми ушул маселеден эле кирешени эсептесе болот. 350*150=52 500
Киреше бул түшкɵн акча жана тɵмɵнкү формула менен аныкталат: R=p*q
Мында R түшкɵн акчанын чоңдугу, p-товардын бирдигинин саны, q-сатылган товардын саны.
Пайда бул – киреше менен жалпы чыгашанын айырмасы.
Pf=R-TC
Pf=52 500-31 200=21 300
Жаңы теманы бышыктоо:
Келгиле, балдар, ɵтүлгɵн тема боюнча мен силерге карточка таратып берем. Топ менен иштейбиз, ар бир топко маселе берилет.
1-топ — “Чыгаша”
Маселе: Эркайым дүкɵнгɵ “Ак булак” сүт заводу менен келишим түзүп, быштакты 150 сомдон алып, 200 сомдон сатат. Ɵкмɵткɵ ай сайын соодадан түшкɵн акчасынын 3% тɵгɵт. Эгерде ал бир айга 200 быштак алып сатса, анын чыгашасы канча болот?
Чыгаруу:
3%=150*200+(150*200)/ =30000+900=30900
Жообу: жалпы чыгаша 30900 сом
2-топ — “Киреше”
Маселе: Эркайым дүкɵнгɵ “Ак булак” сүт заводу менен келишим түзүп, Быштакты 150 сомдон алып, 200 сомдон сатат. Ɵкмɵткɵ ай сайын соодадан түшкɵн акчасынын 3% тɵгɵт. Эгерде ал бир айга 200 быштак алып сатса, анын кирешеси канча болот?
Чыгаруу: 200*200=40000
Жообу: 40000 сом.
3-топ — “Пайда”
Маселе: Эркайым дүкɵнгɵ “Ак булак” сүт заводу менен келишим түзүп, быштакты 150 сомдон алып, 200 сомдон сатат. Ɵкмɵткɵ ай сайын соодадан түшкɵн акчасынын 3% тɵгɵт. Эгерде ал бир айга 200 быштак алып сатса, анын пайдасы канча болот?
Чыгаруу: 40000-30900=9100 сом
Жообу: 9100 сом
Эми теманы жакшы ɵздɵштүрүп алдыңар деп ойлойм. Азыр ар бир топко PISA боюнча чакан тест таратып берем. Ошону иштегиле.
Сабакты бышыктоо:
Рефлекция
- Бүгүнкү сабакта мен билдим…
- Бүгүнкү сабакта мен үчүн кыйын болгону…
Бүгүнкү сабак мен үчүн … кызыктуу болду.
Үйгɵ тапшырма: ар бириңер ɵз оюңардан үчтɵн маселе түзүп чыгарып келгиле.
Комментарии