ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАР

  • 17.07.2024
  • 0

Быйыл өлкө  аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрү тапшырган Жалпы республикалык тесттин сапаттык көрсөткүчү мурдакы жылдарга салыштырмалуу эң жогору болду. Эң жогорку упай алган элүүдөн ашык бүтүрүүчүгө Президент Садыр Жапаров Ала-Арча резиденцияда “Алтын сертификат” жана баалуу белектерди салтанаттуу кырдаалда тапшырды. Быйыл да “Алтын сертификат” алгандардын басымдуу бөлүгү шаарда жана менчик мектепте окугандар болду. Тилекке каршы тест тапшырууда айылдын катардагы мектебинен суурулуп чыккандар бирин-серин эле болууда.

ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАРАлардын бири Талас районунан эң жогорку упай алган жалгыз окуучу Курманбек кызы Нуржанат. Ал Талас шаарынан 15 км аралыктагы Козу-Чак айылынан болот. Атасы Курманбек Борукеев 2016-жылы 42 жашында автокырсыктан улам каза болуп калган. Апасы Жылдыз Казымбекова балдарына таалим-тарбия берген үйкожойкеси. Нуржанат алты бир туугандын экинчиси. Улуу эжеси Гүлжанат медициналык окуу жайды бүтүп, Талас шаарында медайым болуп иштейт. Нуржанаттын өзүнөн кийинки сиңдиси Роза 9-классты бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана  архитектура университетинин колледжинде окуйт.  Сиңдиси Уулкелсин жана иниси Өмүрбек мектеп окуучулары.

ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАРНуржанат тест тапшырууга кандай даярдык көргөнүн, мээнет кылып “Алтын сертификатка” эки упай жетпей калганын  “Кут Билим” медиа борборуна мындайча айтып берди.

“ Мен 10-класстан баштап даярданууну баштагам.  11-класста көңүлдүн баарын ЖРТга бурдум. Үч ай бою күн сайын айылдагы мектептен кийин Талас шаарына такси менен жарым саат жол жүрүп, үч саат тестке даярдоочу кошумча сабактарды “Салымбеков” жана  ЖРТга даярдоочу “Secom” жеке менчик курстарында окуп алып, кайра айылыма келчүмүн. Ошентип эки жылкы эмгемдин үзүрүн  көрүп, ЖРТ жыйынтыгында 223 балл алдым. Эң негизги менин  билим фундаментимди түзгөн бул – өзүмдүн билим алган мектебимдеги эжей-агайларым жана апам болду”,- дейт Нуржанат.

» ЖРЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАРТга даярдоочу “Secom” жеке менчик курсунда 2 ай окудум. Айына 2700 сомдон 5400 сом төлөдүм. Ал эми “Салымбеков” жеке менчик курсунда дагы эки айга чукул даярдык көрдүм. Айына 2500 сомдон төлөдүк. Өзүм билим алган Козу-Чак айылындагы Мырзабек Мамбетов атындагы орто мектебимдин эмгек жамаатына терең ыраазычылыгымды билдирем. Айрыкча математика мугалимим Бурмакан Айдаралиева менен кыргыз тили, адабиятынан сабак берген Самара Мусаканова эжейлерим колдоо көрсөтүшүп, текстке даярдоого зор салым кошушту.  Чынында сынамык тесттерди көп тапшыруу дагы жакшы таасирин тийгизет экен. Кайра-кайра сынамык тест тапшыра берип, толкундануу жоголуп, негизги тесттин өзүнө киргенде оюң бир жерге топтолуп, алагды болбой каласың- деген пикирин кошумчалады.

ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАРУчурда Нуржанат Эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин прикладдык математика жана информация факультетине IT программалоо адистигине тапшырып, сынактарынан ийгиликтүү өтүп, үйүнө кубаныч менен кайтып баратат.

Ал математикадан сырткары чет тилдерин үйрөнүүгө кызыгат. Түрк  жана англис тилдерин өз алдынча үйрөнүп жүрөт. Ошондой эле эне тилин барктап, баалап, кыргыз тилиндеги көркөм адабияттарды кызыгып окуйт. Сүйүктүү жазуучусу- доорубуздун залкар, даанышман инсаны Чыңгыз Айтматов. Спортко да кызыгып, мектепте волейбол ойноп жүргөн. Бош убактысында шахмат, шашки — акыл оюндарына да ойноп жүрөт. Кыргыздын тогуз коргоол оюнун дагы үйрөнсөм деп тилек кылууда.

Нуржанаттай болуп, ЖРТга кошумча окуп даярданууга мүмкүнчүлүк айылдык окуучулардын баарында эле боло бербейт. Айылдык көп ата-энелердин колунда жок. Айыл мектептеринде окуунун сапаты да төмөн экенин адистер айтып, сынга алып жүрүшөт. Айыл жергесинде шаардагыдай кошумча курстар, билим берүү борборлору да жокко эсе. Ошондуктан айылдарда эгер республикалык тесттен жакшы натыйжа чыккан учурлар болсо, ал жеке аракеттердин аркасында болуп жаткан жыйынтык десе жарашат.

ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАРОшондой ЖРТдан 229 упай алып, “Алтын сертификатка” ээ болгондордун бири Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектептин бүтүрүүчүсү Айганыш Дөөлөтбекова. Ал  окуу жылынын башында «Алтын сертификат» тууралуу ойлонгон эмес.

«-Окуу жылынын башында жогорку упай топтой алам деп ойлогон эмесмин. 130 упай топтой алсам болду деген ойдо болгом. Сынак тестке барганда 186 упай алдым. Ошондон тарта өз алдымча ЖРТ даярдана баштадым. ЖРТга даярдоочу курстар жакшы маалыматтарды берерин билгем. Бирок өз алдымча даярданууну туура көрдүм. 10-класста математика сабагынан кошумча сабакка барып жүрдүм. Математика сабагы көп жага берчү эмес. Ошондуктан 6-класстын программасынан баштап даярданайын деп сайттан өз алдымча окудум. Мындан тышкары англис тилиндеги адабий китептерди, орус тилинин грамматикасын окудум. ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАРЭкинчи сынак тестте 208 упай алдым. Күн сайын баш көтөрбөй окудум деп айта албайм. Айрым күндөрү өзүмө эс алуу арнап жаттым. Үчүнчү сынак тестте 221 упай алыптырмын. ЖРТга жакын калганда окугум келбей баштады. Бул учурда апам мага колдоо көрсөтүп: «Тоонун туу чокусуна жетейин деп калганда отуруп калдың. Билим алуу -ийне менен кудук казгандай. Кайраттан, жыйынтыгы жакшы болот» деп мени күчтөндүрдү. Сынак тапшырган күнү ооруп калып, абдан кейидим. Жыйынтыгы жакшы чыкпай калды деген ойдо болгом. Бардык классташтарыма «мен тестти тапшыра албай калдым, окшойт» деп айта бергем. Жыйынтык чыккан күнү классташым телефон чалганда, «жогорку упай алдым го» деп ойлондум. Ал мага «Алтын сертификатка» ээ болгонумду айтканда абдан сүйүндүм. Эгер сынак тапшырган күнү ооруп калбасам, мындан да көп упай топтомокмун. Буга чейин Нарын шаарындагы эл аралык окуу жайга тапшырып, бюджеттик негизде өтүп кеткем. Азыр «Алтын сертификат» алгандан кийин Бишкектеги Борбордук Азия Эл аралык Университетинин прикладдык математика жана информатика бөлүмүнө тапшырып, сынактан өтүп, окуу жайга кабыл алындым. Апам алгач медицина тармагын сунуштап жаткан. Себеби атам Дөөлөтбек оорунун азабын тартып, кыйналып жүрөт. Мага сабак берген бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирем», — дейт Айганыш Дөөлөтбекова.

ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАР-Айганыш бала кезинен эле жакшы окууга, терең билим алууга дилгир. Анын башталгыч класстагы мугалимим Гүлнара Темирбековна окууга болгон кызыгуусун ойготуп, билим пайдубалын түптөп берди. Биринчи класстан он биринчи класска чейин бардык предметтерди жалаң беш деген бааларга окуду. 10-класста англис тили жана математика сабактарынан Борбордук Азия университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз  билим берүү мектебининдеги мугалимдери Айнура Осмоновна, Элмира Жумашевна жана Клара Казаковнанын курстарынан терең билим алууга мүмкүнчүлүк болду -деди Айганыштын апасы Сагынбүбү Дүйшеева.

АйЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАРганыштын апасы, билим берүүнүн мыктысы Сагынбүбү Дүйшеева Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы лицей жатак мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Ал кызынын «Алтын сертификат» аларына ишенгенин айтты: «Кызыма мен багыт гана берип койгонум болбосо, үйгө берилген тапшырмасын аткарып берген эмесмин. Тилдерге кызыгуусу күч болуп, англис тилин баскычтар менен окуп бүтүрдү. Англис тилиндеги китептерди көп окуп, кинолорду көп көрүп, Нарында иштеп жүргөн америкалык мугалими Вал Юбанкстан кошумча сабак алып жүрдү. Учурда англис тилинде эркин сүйлөйт. Өзүм мугалим болгондуктан, Айганыштын жогорку упай аларына ишенгем. “Алтын сертификатка” ээ болгонун айтканда аябай сүйүнүп, атасы баш болуп толкунданып ыйладык. Кызыма билим, таалим-тарбия берген Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин мугалимдерине, текстке даярдаган Профессионалдык жана үзгүлтүксүз  билим берүү мектебининдеги мугалимдерге да  ыраазымын», — дейт ал.

ОшЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАРондой эле Айганыш баскетболду жана тогуз коргоолду дагы мыкты ойнойт. Шаардык, облустук мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген. Бала кезинен бери карандаш менен графикалык сүрөт тартат. Искусствого кызыгат.  Өзүнөн улуу үч агасы үйлөнүп, бала-чакалуу. Айганыш үй-бүлөдөгү кенжеси. Аны кино режиссура да кызыктырат. Сүйүктүү жазуучулары Оскар Уайлд, Федор Достаевский, Виктор Гюго, Марк Твен жана Чыңгыз Айтматов болуп саналат. Англис тилинде 20дан ашуун китеп окуп, Доктор Хаустун 160 сериясын англис тилинде көргөн.  Келечекте чет өлкөлөрдө окуусун улантсам, кыргызды дүйнөгө таанытсам деген тилекте.

Бүтүрүүчүлөргө дем берүү үчүн аймактарда шыктандыруучу кошумча аракеттер да көрүлө баштады. Жер жерлерде мыкты көрсөткүчкө жеткен окуучуларга автоунаа ыйгаруу, акчалай сыйлык берүү жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Мунун баары аймактагы билимдин сапатын арттыруу максатын көздөп, активисттер көтөрүп чыккан демилгелер.

Нарын шаарындагы орто мектептердеги  өздөрүнүн  окуудагы артыкчылыктарын көрсөтө алган 10-11-класстарынын окуучуларына арналган окутуу боюнча долбоор башталганын,  быйыл 70 окуучуну ЖРТга даярдануусуна көмөк көрсөтүлүп, алардан 20сы тандалганын Нарын шаарнын вице-мэри Элнура Чекирова билдирди.

ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАР-Борбордук Азия Университети, Нарын облусундагы КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Нарын шаардык мэриясы менен кызматташтыкта уюштурулуп жаткан билим багытындагы аракетте шаарыбыздагы таланттуу окуучулар так илимдер багытында окутулуп, жогорку окуу жайларга ташырууга колдоо көрсөтүү жана шыктандыруусун арттыруу үчүн жалпы республикалык тестке даярдалды. ЖРТга даярдоо боюнча 8 орто мектебинен 10-11-класстан 70 окуучу бала тандалып алынып, окутулду. Бул долбоорду ишке ашырууда “Greeblight”, “Мегаком” компаниялары жана жеке ишкер Руслан Акун колдоо көрсөттү.  70 баланын ичинен эң жакшы упай берген окуучулардан 20 бала тандалып, окутулуп, алардын ичинен 1 окуучу “Алтын сертификатка” ээ болду. Нарын шаарында 2016-жылдын бери “Алтын сертификат” алган окуучу болгон эмес. 8 жылдан кийин Айганыш аттуу кызыбыз татыктуу болду. Иш-чаранын экинчи максаты адам капиталын өнүктүрүү багытында ролу чоң болуп келген экономика илими жаатында билим берүүнү кеңейтүү жана бул тармакта эл аралык олимпиада жеңүүчүлөрүн даярдоо жана катышууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат. Жана жаш муунга финансылык сабаттуулук боюнча билим берүү,-дейт Элнура Асангазиевна.

ЖРТДАН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ОКУУЧУЛАР«Мен Нарын районуна караштуу Он-Арча айылында жашайм. Үч ай бою Нарын шаарына барып, тестке даярдоочу “Secom” курсунан окуп жаттым. Бул биз үчүн бир топ ыңгайсыз, кыш-жаз айларында кыйын эле болот. Күн сайын Нарынга такси менен барып келүү, кыз киши үчүн абдан түйшүктүү экен.Ошондуктан башкаларга окшоп бир жыл бою бул курсту толук окуй алган жокмун. Эгерде толук курсун бир жылдай окусам, “Алтын сертификатка” жетмек окшойм.  Ошондо да 210 балл алып, жакшы жыйынтык болду. Элестетиңиз, бир жыл бою даярдансам, кандай жетишкендик болмок эле»,- деди Жусуп Иманалиев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Малика Асангелдиева.

Билим берүү министрлиги өз кезегинде элеттеги бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын дагы да жакшыртуу үчүн тийиштүү чараларды көрө турганын айтууда.

Расмий маалымат боюнча, быйыл тест тапшырган 51 946 бүтүрүүчүнүн 67,8% босого балдан өттү. ЖРТнын орточо сапаттык көрсөткүчү быйыл башка жалдарга караганда эң жогору болуп, 128,4% түздү.

“Алтын сертификат” алуу укугуна Бишкек шаарынан – 34, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.

2022-жылы айылдагы орто мектепти бүтүп келген он бир окуучу “Алтын сертификатка” ээ болсо, 2023-жылы алардын саны үчөө гана болуп калган. Быйыл болсо элеттен келген сегиз окуучуга “Алтын сертификат” ыйгарылды.

Жалпы республикалык тест сынагы Кыргызстанда 22 жыл мурун коррупциядан арылуу максатында таза жол катары киргизилген. Бул жагынан ал Борбор Азиядагы эң ийгиликтүү долбоор болуп макталууда.  Бирок ага даярдануу шарттары айылдык, колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдарына анча жеткиликтүү болбой келатат.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер