ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ БУРМАЛАНБАЙТ

  • 07.06.2024
  • 0

Бүгүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунда жалпы республикалык тестке катышкан бардык абитуриенттердин жооптору компьютердик дискке жазылып, сактоо ячейкасына өткөрүп берүү процедурасы өттү.

ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ БУРМАЛАНБАЙТ

Бул процедура ачык-айкындуулукту, калыстыкты камсыздоо жана ЖОЖдорго кабыл алууда коррупциянын алдын алуу үчүн өткөрүлөт.

“Абитуриенттердин жоопторун электрондук маалымат базасына киргизүү, “ачкычтар” түзүлө элек жана жыйынтыгы эсептелбеген учурдагы процедураны компьютердик дискке жазуу дейбиз. Билим берүү жана илим министрлигинин, коомдук ишмерлердин жана басма сөз кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бул дисктер шаардагы банктын ячейкасына салынат. Диск банкта Кыргызстандын бардык ЖОЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу процесси аяктаганга чейин сакталат”, – деп түшүндүрдү ББОУБдун директору Чынара Батракеева дисктерди ишенимдүү өкүлдөргө тапшырып жатып.

Директор бул базадагы упайларды өзгөртүү жана жасалма упайлар менен сертификат берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарарын кошумчалады.

Өлкөдө 17-майдан 24-майга чейин жалпы республикалык тесттин I-II этабы өткөн. ЖРТны өткөрүү үчүн Кыргызстандын ар бир районунда жалпы 118 тест борборлору уюштурулган.

Ар кандай себептер менен тестке өз убагында катыша албай калган мектеп окуучулары жана колледждердин бүтүрүүчүлөрү үчүн ЖРТнын III этабы болот.

Ал 11-июндан 19-июнга чейин Бишкек шаарындагы №24 мектепте жүргүзүлөт. Ош шаарында болсо Ош шаардык билим берүү бөлүмүнө барып катталса болот.

Тест 21-июндан 23-июнга чейин Бишкек жана Ош шаарларында гана өткөрүлөт. 21-июнда негизги тест, 22-июнда мамлекеттик тил боюнча тест, 23-июнда предметтик тест боюнча тапшырышат. Эскерте кетсек, бул тестке ЖРТ 2024төн четтетилген абитуриенттер кайра каттала албайт.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер