ЖҮЗ ЖЫЛДЫККА ЖҮЗ КӨЧӨТ

  • 22.04.2024
  • 0

Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинин мугалимдер  жамааты жана студенттер Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына  карата ”100 көчөт” аттуу акциянынын  алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу токой чарбасынын  Жаңы-Пахта айылынын 12 гектар талаа тилкесине  12 миң түп жаш терек көчөттөрүн отургузушту.

ЖҮЗ ЖЫЛДЫККА ЖҮЗ КӨЧӨТЖҮЗ ЖЫЛДЫККА ЖҮЗ КӨЧӨТЖҮЗ ЖЫЛДЫККА ЖҮЗ КӨЧӨТ

ЖҮЗ ЖЫЛДЫККА ЖҮЗ КӨЧӨТ

Кийинки 150 жылдан бери климат өзгөрүп, температура жогорулагандан жогорулап келет. Бул адамзатты ойлондура турган чоң маселе.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү, натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын негизинде “Жашыл мурас”, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы  “Табиятты сактайлы”, ”Бир окуучу — бир көчөт”, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “100 көчөт” аттуу иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндөгү  буйруктарын аткаруу максатында биздин  колледжде иш план жана план-график түзүлүп, анын негизинде ар бир мугалим аткарылып жаткан иштердин маанилүүлүгү жана аны аткарууга милдеттүү экендигин студенттерге айтып түшүндүрүштү. Ар бир жасалып жаткан иштер боюнча Билим берүү жана илим министирлигине, социалдык барактарга, сайттарга маалыматтар берилди.

Алсак,  чын куран айынын тогузунан он экисине чейин мугалимдер жааматына П.А.Ган атындагы илимий-өнөр жай токой-изилдөө борборунун директору М.Ражапбаев, жогорку илимий кызматкери В.Сураппаева, экология боюнча эксперти Т.Мамбеткулов “Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө” деген темада семинар өтүштү. Студенттерге көргөзмө материалдар берилди. Семинардын уюштуруучулары температуранын жогорулашы боюнча кызыктуу маалыматтарды берип, мисалдар менен түшүндүрүштү.

ЖҮЗ ЖЫЛДЫККА ЖҮЗ КӨЧӨТ

Климаттын өзгөрүүсүнүн себептери жана анын адамдардын ден соолугуна, экономикага, токой, суу, айыл чарбасына зыяндуулугу далилдер менен көрсөтүлдү. Семинар өтө көп талкуу, суроо-жооптор менен коштолуп, максаттуу өттү. Акыркы күнү 32 мугалимге сертификаттар берилди. Теорияны практика менен айкалыштырып мугалимдер  жамааты биринчи жана экинчи курстун студенттери менен Жаңы-Пахта айылынын 12 гектар талаа тилкесине   12 миң түп жаш терек көчөттөрүн отургузушту.  Иш-чараны уюштуруу менен үч күндүк семинардын практикалык сабактарын жогорку деңгээлде аткардык. 32 мугалим, 270 студентке суусундуктар, ысык тамак, таттуулар жана кофе-брейк уюшулуп,  ошондой эле экологияны коргоо темасындагы дубал гезиттер жакталып, сыйлыктар берилди.

Айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, тазалыкты сактоо, жаратылышты коргоо көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында ыктыярчылар тобу түзүлүп, ичилген суунун бөтөлкөлөрү, желим баштык, стакандар жыйналып, таштандыларды чогултуу иштери жүрдү. Жогорку аткарылган иш-чараларды уюштуруу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин жарлыктары толугу менен иш жүзүнө ашырылды.

Ата-бабабыз “Бак тиксең балаңа, терек тиксең өзүңө”, — деп бекер айтпаганына ынанып, жасаган ишибизге ыраазы болуп кайттык. Иш-чаранын жүрүшүн массалык маалымат каражаттары чагылдырышты. Куратордук сааттарда таштандыларды туура бөлүштүрүү, айлана-чөйрөгө туура мамиле, табият менен таттуу мамиледе болуу маселелерин түшүндүрүү дагы уланат.

Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледж көп жылдык тарыхы бар орто кесиптик окуу жай. Бул окуу жайда он кесипке багыт берилип, айыл чарбасын терең өздөштүрүү боюнча кесипкөй адистерди даярдайт. Азыркы күндө айыл жери, айыл чарбасы бул адистиктерге аба менен суудай  муктаж болуп турган учур. Студенттерге  айыл чарбасы боюнча кесиптик багыт берилип келүүдө. Окутуу менен гана чектелбестен, практикалык жана тарбиялык иштер да жүргүзүлүп келет.

Алмагүл МУКАНБЕТОВА, жалпы билим берүү циклдык комиссиясынын төрайымы

Бөлүшүү

Комментарийлер