Ысык-Көлдөгү эл аралык жайкы мектеп

  • 26.06.2024
  • 0

ОшМУ, Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Бикокка Милан университеттеринин өнөктөштүгөндө «Жашыл энергетика жана туруктуу өнүгүү» жайкы мектеби ишин баштады. ”GEM-SILKWAY” долбоорунун алкагында  уюштурулган жайкы мектеп Ысык-Көлдүн жээгинде 24-28-июнга чейин өтөт.

Ысык-Көлдөгү эл аралык жайкы мектеп

GEM-SILKWAY – дүйнө боюнча 17ден ашык өнөктөштү камтыган эл аралык долбоор болуп саналат. GEM-SILKWAY CENTRAL ASIA долбоорунун өзгөчөлүгү — бул алардын туруктуулук жана адамдык өнүгүү сыяктуу түшүнүктөрдүн маанисин изилдөөгө арналгандыгында.

GEM-SILKWAY бул жылы 11-жайкы мектебин өткөрүүдө. Максаты — туруктуу өнүгүү жана адамдык өнүгүү сыяктуу түшүнүктөрдүн маанисин талдоодо маданияттар аралык көз карашты кабыл алуу.

Тренингге Италия, Бельгия, Финляндия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын университеттеринен 20га жакын катышуучу катышууда. Жайкы мектепте Италиянын, Түркиянын, Азербайжандын, Кыргызстандын жана Казакстандын окумуштууларынын лекциялары болот. Анда Борбордук Азиядагы энергетикалык өткөөл, геосаясат, жалпыга болгон укуктар, аймактарды туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу, кампустарды жашылдандыруу, туруктуу өнүгүү үчүн тобокелдиктин мааниси, жашыл энергияны башкарууда жасалма интеллект, жашыл энергетиканы өнүктүрүү тенденциялары боюнча темалар талкууланат.

Ысык-Көлдөгү эл аралык жайкы мектеп

Жайкы мектепти ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Н. Омуров, Евразия улуттук университетинин проректору Д. Айтмагамбетов жана Л. Нуркатаева, Италиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Италиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү – Федерико Фалла жана Винченцо Спинелли, Милан Бикокка университетинин проректору Сильвана Стефани жана Маурицио Ациарри ачып беришти.

ОшМУ билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана “Жашыл экономика” сыяктуу долбоорлорго катышуу менен туруктуу өнүгүү боюнча билимдерди калыптандырууга жана жайылтууга салым кошуп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер