ҮЙ-БҮЛӨ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 16.05.2024
  • 0

Бүгүн, 16-майда Бишкек шаарындагы К. Бобулов атындагы №88 орто мектебинде эл аралык үй-бүлө күнүнө карата 2-класстын окуучулары жана анын ата-энелеринин катышуусунда иш-чара болуп өттү.

ҮЙ-БҮЛӨ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Элмира Бейшеева иш-чаранын эң чоң максаты  ата-энелер менен балдардын мамилесин чыңдоо экендигин айтып, үй-бүлөдө ынтымак, сүйүү,тынчтык болсо гана окуучу окууда ийгилик жаратарын кошумчалады. Ошондой эле иш-чарада учурдагы глобалдуу эки маселе: миграция жана гаджеттердин таасири проблемалары көтөрүлгөндүгүн, алар балага кандай таасир тийгизери талкууланганын кошумчалады.

 

  • Үй-бүлө темаларына байланыштуу иш-чаралар бизде байма-бай уюштурулуп турат. Бирок бул жолу масштабдуу деңгээлде ата-энелердин катышуусунда болуп жатат. Мындай иш-чаралар ата-энелерге да жагып, жакшы таасир берерине күбө болдук. Бул күндү ата-энелер балдарына арнап, чогуу убакыт өткөрүүгө бир мүмүкнчүлүк түзүп бердик десек болот. Мындан улам үй-бүлөгө байланыштуу иш-чараларды жыл сайын өткөрүп турууну ойлонуп жатабыз. Негизи буга чейин коноктордун катышуусундагы иш-чараларды өткөрчүбүз, азыр ата-энелер менен бирге иш алып барган жакшыраак экенин көрүп жатабыз, — дейт Элмира Бейшеева.

ҮЙ-БҮЛӨ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Бул иш-чараны уюштурган башталгыч класстын класс жетекчиси Айжан Нурланованын педагогикалык тармакка аралашканына үч жылга жакын убакыт болгон. Жаш мугалим окуучулардын аң-сезимин өстүрүү, окууга кызыктыруу үчүн ар кандай иш-чараларды уюштуруп турат.

  • Менин да балам бар. Уюлдук телефондун көйгөйлөрү менен мен дагы күнүгө күрөшүп келем.Бул иш чарада да дал ушул теманы козгоону чечтим.Биздин класста ата-энеси миграцияда жүргөн, социалдык жетим балдар көп. Алар туугандарынын карамагында. Ага карабай
  • биздин ата-энелер абдан активдүү, ынтымактуу, кандай маселе болбосун дайыма жардам берүүгө даяр. Бүгүнкү иш чарага дагы менден өздөрү кеп кеңеш сурап, улам жаңы идеялар менен келип турушту, — деди класс жетекчи.

ҮЙ-БҮЛӨ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Иш-чарада ата-энелер менен окуучунун мамилесин чыңдоо максатында ар кандай кызыктуу оюндар уюштурулду. Мисалы, көзү таңылган ата-эне бир нече баланын арасынан өз баласын колун кармоо аркылуу тапты. Кыздар жеңил бийин аталары менен бийлешти. Ошондой эле гаджеттердин зыяндуулугу боюнча ата-энелер арасында чоң талкуу болуп, ар бири өз ыкмалары менен бөлүштү. Мисалы, бири кечки саат сегизден кийин үй-бүлөсү менен уюлдук телефонду колдонбосо, дагы бири ар бир күнгө атайын план түзүп, баласын гаджеттен алыстатууга аракеттенет.

ҮЙ-БҮЛӨ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Беш баланын атасы Руслан Бекембаев өзү медицина кызматкери, жубайы математика мугалими. Кызы бала бакчага барбай койгондуктан, кенже кызы Айжамал Токтосунованы беш жарым жашында эле мектепке берип койгон. Жумушуна байланыштуу улуу балдарына көп көңүл бура албаганын айткан ата азыр убакытынын көбүн кичүү кызына жумшайт. Ата-энелер комитетинин төрагасы болуп шайланып, активдүү иш алып барууда.

К. Бобулов атындагы №88 орто мектеби 2006-жылы ачылган.  754 балага ылайыкталып түзүлгөн мектепте учурда 2198 окуучу билим алат. Мектепте кыргыз жана орус тилдеринде окуткан 61 класс бар.

Үммүгүлсүн Кеңешбек кызы, «Кут Билим» гезитинин практиканты

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер