УЛУТТУК НАРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮНДӨ

  • 16.05.2024
  • 0

Бишкек шаарындагы №16 жалпы билим берүү орто мектебинде окуучулардын сармерден оюну болуп өттү.

Бабаларыбыздан таберик катары унутулбай уланып келаткан кыз-жигиттин сармердени “Бакдөөлөт” фондунун “Улуттук нарк – улттун жүзү” аталышында жаштар арасында уюштурулган иш-чарасына шайкеш келди.

УЛУТТУК НАРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮНДӨ

— Кыргыздын кылым карыткан каада-салттарын, улуттук наркты уңгусунан таанып-билүүгө үндөгөн биздин сармерден оюнун уюштурууга “Бакдөөлөт” коомдук фондунун “Улуттук нарк – улуттун жүзү” аталышындагы сабактары себепкер болду десем туура болот. Анткени ушул окуу жылдын үчүнчү чейрегинен баштап жогоруда аталган коомдук фонд менен биргеликте мугалимдер, ата-энелер, окуучулар арасында улуттук нарк темасына арналган атайын сабактар бериле баштаган, — дейт мектептин директору Гүлназ Токтогуловна Сарыгулова.

УЛУТТУК НАРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮНДӨ

Учурда №16 мектепте 1371 окуучу билим алат. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Окуучулар Манастын жети осуятын негиз кылып, кыргыз элинин кылым карыткан көөнөрбөс каада-салттары, үрп-адаттары, макал-лакаптары камтылган ырларын, жаңылтмачтарды жана ошондой эле эр жигиттерге мааниси терең жети ата баянын айтып, улуттук бийлерди бийлеп, оюн-зоокторду көргөзүштү.

УЛУТТУК НАРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮНДӨ

Мектептин жетекчилиги жана жалпы эмгек жамаатынын жигердүү катышуусунда, анын ичинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Асель Качкымбаеванын жеке демилгеси менен даярдалган бул иш-чара окуучулардын улуттук нарк туурасында мурда билбегенин билип, кулагына илип, көөдөнүндө уютуп калса деген аруу максатты камтыйт.

— Биздин окуучулардын арасында ата-энелери алыста иштеп жүргөндөр бар. Мындай балдар арасында өзгөчө камкордук, таалим-тарбия үлгүсүн көрсөтүү талап кылынат. Ошондой тарбия иштери мына ушундай жалаң гана көңүлдүү маанай эмес, кылдат даярдыкты талап кылган сармерден сыяктуу оюн-зоок кечелерди уюштуруу аркылуу таасирдүү болот деп ойлойбуз, — дейт Асель Качкымбаева.

 

Үмүт КЕҢЕШБЕКОВА,

Жанат МААТОВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер