СЕГИЗ БАЛАЛУУ ЭНЕ БАТИРЛҮҮ БОЛДУ

  • 28.05.2024
  • 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге Токмок шаарынан үч бөлмөлүү батир берди. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин турмуштук оор кырдаалга кабылган келин Ташиевге турак жай берүү маселесин чечип берүү мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кайрылган.

Батир жашоо шартына керектүү бардык эмеректер менен жабдылдаган. Сегиз чүрпөлүү жалгыз бой эне УКМКнын башчысына маселени чукул арада чечип бергени жана көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер