РАЙАН ХОЛИДЕЙ:  ИНТЕЛЕКТИҢДИ ӨСТҮРҮҮ ҮЧҮН КИТЕПти КАНТИП ОКУУ КЕРЕК

  • 28.10.2022
  • 0

Китеп окуу боюнча эң жакшы кеңешти мага кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча бир кинопродюсер айткан эле. Ал өзүнүн анчалык атак-даңкы жок болсо да, 100 миллиондон ашык альбомдорун сатып, кассага миллиард доллардан ашык акча түшүргөнгө жетишкен.

РАЙАН ХОЛИДЕЙ:  ИНТЕЛЕКТИҢДИ ӨСТҮРҮҮ ҮЧҮН КИТЕПти КАНТИП ОКУУ КЕРЕК

Ал мага мындай деген: “Райан, китептин баарын окуй берген жарабайт, улуу иштерди жасап лидер болом десең, лидер сыяктуу окуу керек”. Ал азыркы эч ким китеп окубаган заманда, колуна китеп кармап жүрүү эле, элден башкача ойлонгон кишинин белгиси деп айткысы келди окшойт. Балким ошондойдур, бирок колуңдагы бир китеп жетишсиз экени талашсыз. Лидерлер канчалык кыйналса да, “өз деңгээлинен” жогору китептерди окушат. Кыскасы, ар бириңерде сөздөрү оор, түшүнүксүз тил менен жазылган чыгарма колго тийген учурлар болгондур. Мына ошондой зор эркти талап кылган “оор” китептерди окууну, мээңди машыктыра турган булчуң сыяктуу карап, зор ынтаа менен окуп чыгуу керек.

Мен үчүн окуу – бул жеңил-желпи жазылган китептерден оолак болуп, бейтааныш, оӊой окулбай турган китептерди түшүнгүчө баш көтөрбөй карап чыгуу. Бул фантаст Фридманды эмес, Ричар Фейнманды, ишкердик жөнүндө китептерди эмес, биографияларды, учурдун адабияты эмес, классиканы окуйм.

Бул кеңеш мен үчүн керемет болду: он тогуз жашымда Голливудда топ-менеджер болдум, жыйырма бир жашымда биржада кадыр-барктуу компаниянын коммерция боюнча директору болдум, жыйырма төрт жашымда беш бестселлер чыгарууга катыштым да, жазган китебимди дүйнөдөгү эң чоң басмаканага саттым. Ооба, мен колледждеги окуумду таштап салдым, бирок ансыз деле мыкты мугалимдерим бар эле: алар окууга татаал чыгармалар болчу.

Батиримде теория боюнча акылым жетпечүдөй болгон китептер толтура эле. Практика жүзүндө төмөндөгү купуя сырларды пайдаланып, канчалык кыйын болсо да ал китептерди окуй бердим.

Процесс китепти ача электе эле башталат

Биринчи бетти окуурдан мурда… мектептен акыл-эсиңе сиңирилген көрсөтмөлөрдү алып ыргытуу керек. Мектептеги окутуу процесси алган билимди текшерүүгө негизделген. Бирок байкасаңыз, баалар ал материалды окуучунун түшүнүп, өз турмушуна пайдалуу бир нерсе ала билгенине эмес, жөн гана окуп келгенине коюлат. Мугалимдер чыгармалардын ар кайсы жеринен тандап алышып: «Бул бөлүмдүн аталышын айтчы?» же “Төртүнчү баптагы негизги каарман ким?” деген сыяктуу бир кызыктай суроолорду беришет десең.

Ушундай мамиле баланын акыл-эсине сиңип, өмүр бою калат. Ошондуктан бул чындыкты эске бекем сактоо керек: жетилген адам өзү үчүн гана окуйт. Мисалы, сиз Фукиддин “Тарыхын” алдыңыз дейли. Керкира менен Коринфтин жаңжалы Афина менен Спартанын ортосундагы согушка алып келген, бирок ал кайсы жылы башталганын эстеп калуу зарыл эмес (мен жаңжалдын катышуучуларынын аттарын карагам, бирок алардын аттары К тамгасынан башталары гана эсимде). Сиз каршылашкан тараптар Афинадан союздаш катары кандай күткөнүнө байланыштуу чыр чыкканын түшүнүп алышыңыз керек.

Бир тарабы: “Силер бизге жардам берүүгө милдеттүүсүңөр”, — деп кекирейишсе, экинчи тарабы жардам бергени үчүн көрө турган пайдасын эсептей башташкан. Бул чырдан ким утушка ээ болгонун түшүндүңүз го дейм. Адамдардын аттары, кайсы мезгилде, качан болгону маанилүү эмес, окуган нерседен алган сабак маанилүү.

Сенека мындай деген: “Биз күн сайын өзүбүздүн ички дүйнөбүздөгү бороонго жолугуп, кемчиликтерибиздин айынан азап тартканда – Одиссейдин, Италия менен Сицилиянын ортосундабы же дүйнөнүн бизге белгилүү жерлеринен тышкарыбы, дегеле кайсыл жерден бороонго кабылганын билүүгө убакыт коротуунун кереги жок”.

Китептеги окуяларды майда-баратына чейин жаттап алыштын кереги жок, анын эң негизги айтайын деген оюн туура түшүнүп, аны өз жашооңузда пайдалана билиңиз.

Китептин аягы эмне менен бүтөрүн

алдын ала билип алгандан коркпоңуз

Мен колума китеп тийгенде көбүнчө Википедияны, Амазонду карайм же китеп эмне жөнүндө жана кандай аяктайт деп досумдан сурап алам. Анткени окуучунун максаты – эмне үчүн ошол нерсенин болгонун түшүнүү. Ал эми ошол нерсенин өзү – экинчи маселе.

Китептин окуясынын негизги учурларын жана аягы эмне менен бүтөрүн алдын ала билип алгандан коркпоңуз, бул сизге эки суроонун тегерегинде берилчү жоопторго көңүлүңүздү топтоого мүмкүнчүлүк берет: 1. Бул өзү эмне болду экен? 2. Мен ага макулмунбу?

…Автордун айтканынын тууралыгын жана андан кандай пайда таба аларымды түшүнгөнүм жакшы. Эгерде сюжетти билип алсам, биринчи жолу окуганда эле керектүү жерлерин таап алууга жеңил болот.

Китеп тууралуу башкалардын пикирлери менен таанышып чыгыңыз

Китепти окуп чыккан адамдардан алардын ою боюнча бул китепте эң негизги нерсе эмне экени жөнүндө пикирин билип алгыла. Гезиттерге чыккан баяндамалар, сын макалалар болсо окуп чыккыла. Негизги маселелер жөнүндө билип алгыла, ошондо ашыкча убара чекпей, оңой түшүнө аласыңар.

Эми китептин өзүнө келели

Кириш сөздү окуп чыккыла. Билем, билем… мен дагы өзү эки жүз барак болсо, анын сексен бети бет ачарына, тааныш-жакындарынын автор жөнүндө ар түрдүү пикирлерине арнаган китептер колума тийгенде жактыра бербейм, бирок булардан деле керектүү нерселер сөзсүз жолугат. Кириш бөлүгүн окубай кетип, кийинчерээк кайрадан ага кайрылган учурларым көп болгон. Эч нерсесин калтырбай окугула. Бул китептин мазмунун тез өздөштүрүп кетүүгө өбөлгө түзөт. Эсиңерде болсун: өз деңгээлиңерден жогору турган китепти окуганда аны түшүнүүгө жардамы тиер бардык каражаттарды колдоно билгиле.

Сөздүктөрдү, маалымат берүүчү

китептерди колдонгула

Лидер катары окуган кишиге сөзсүз белгисиз, түшүнүксүз сөздөр менен көз караштар жолукпай койбойт. Аны түшүнгөн кишидей түр көрсөтпөй, сөздүктөргө, маалымат камтыган булактарга кайрылгыла. Мага мисалы, Википедия жагат. Мисалы, согуш тарыхы жөнүндө китеп окусам, согуш болуп өткөн жер тууралуу кошумча маалымат алгым келсе, Википедияны ачып, ал жердин картасын жана башка маалыматтарды таап алам. Эскерте кетерим, жер-суунун, шаарлардын, адамдардын аттарын чаташтырып алгандан сак болгула, автор эмнени айткысы келгенин түшүнүүгө аракет кылгыла.

Белгилерди койгула

Мага жабышып калчу майда түстүү баракчалар жагат, өзүмдү кызыктырган, ойлондурган же маанилүү жерлерин тапсам ал баракчаларды пайдаланам. Эгерде андай баракчалар жок болсо, анда барактардын учтарын бүктөйм. Сөздүктөрдөн кароо керек болсо, барактын жогорку бурчун бүктөйм. Адатта колума карандаш же калем алам да, окуп жатканда жаралган ойлорумду, сезимдеримди беттин четине жазып коём. Ой келер замат жазып албасаң, аны кармай албайсың. Китепти сатып алган болсоңор, анын беттерин белгилөөдөн тартын-
багыла.

Китепти окуп бүткөндө…

Окуп чыккан китепти кайра карап чыккыла. Мен дайыма бир эрежени сактайм. Окуп чыккан китепти бир-эки жума өткөн соң кайра карап чыгам. Окуп жатканда маанилүү деп белгилеген сүйлөмдөрдү, ойлорду атайын камдап койгон карточкаларга көчүрүп алам. Бул ыкманы Мишель де Монтень, Тобиас Вулф жана Рэймонд Чандлер сыяктуу адамдар колдонушкан (Р. Чандлер бир жолу: “Эгерде сиз бир сөздү көчүрүп жазып алган болсоңуз, качандыр бир кезде пайдасын көрөрүңүз анык”, — деген). Андан соң карточкаларды темаларга бөлүп, атайын камдап алган кутучаларга салып коём.

Беш-алты жылда менде он тема боюнча – сүйүү менен билимден баштап өлүм жөнүндөгү ой толгоолор, ар кандай тамашалар жазылган миңден ашуун карточкалар топтолду. Өзүм жаза баштаганда, ишкерлик жана башка маселелер боюнча кеңештер керек болгондо бул акылман ойлор, асыл кеңештер жазылган карточкаларымды пайдаланам. Алар менин эч нерсе менен алмашылгыс байлыгыма айланган.

Ар бир окуган китепте пайдаланылган адабияттардын

арасынан бир китепти тандап, аны окуп чыккыла Менин мындай эрежем бар: ар бир окулган китептин аягында китепти жазууда пайдаланылган адабияттардын ичинен сөзсүз бир китепти тандап алып окуп чыгам. Ар бир тармак боюнча билимдин базасы дал ушинтип түзүлөт. Өзүңөргө “каалоолордун тизмесин” түзүп алгыла. Менде ошондой тизме бар. Өткөн айда психология илиминин эволюциясы жөнүндө китепти окуп чыктым, бул маселе боюнча ал китепте көрсөтүлгөн булактардын сексен пайызын мурда окуп чыгыптырмын, анткени мурдагы окуган ар бир китептеги көрсөтүлгөн булактардан бирден китепти окуп жүрбөдүм беле.

Алган билимди сөзсүз пайдалангыла

Китептен терип алган ойлорду жөн гана эске тутуп албастан, аны керектүү учурлардын баарында колдонгула (сүйлөгөн сөзүңөрдө, документтерде, каттарда ж.б.у.с.) Чогулган коллекцияңыздан канчалык көп пайдалансаңыз, аны андан ары көбөйтүүгө кызыкчылыгыңыз да артат. Кыскасы, аны пайдаланбай таштап койбоңуз.

Кайрадан Сенекага кайрылайын: “Бакытты издөөдө философтордон укканыңарды жана окугандарыңарды пайдалангыла. Жасалма, кооз айтылган сөздөргө кызыкпагыла. Силерге пайдалуу ойлор, аракет кылууга шыктандырган санат сөздөр керек. Аларды өзүңөргө сиңирип, аракетке айландыргыла”.

Эсиңерге сактагыла: биз китепти адеп-ахлагыбызды калыптандыруу жана турмушка керектүү билим алуу үчүн окуйбуз жана Сенека айткандай, окуган сөздөрдү аракетке айландыруубуз керек.

Бардыгы өзүңүздөн

Албетте, айткандарымды жасоо оңойго турбайт. Колумдагы китепти көргөн адамдар менден көп сурашат: “Эмне, бир жерде окуп жүрөсүңбү?” Анткени алар менин китептеримдин барактары бүктөлүп, баракчалар чапталып, белгилер коюлуп турганын көрүшөт. Жөн эле кызыкчылык үчүн ушунчалык жан-алакетке түшүп окууга болобу? Ооба, болот – мен ошенте алам, бул мени түркөйлүктөн алыстатып турган жалгыз касиет. Бул ыкмалар мени курбу-курдаштарымдан бир топ алдыга кетишиме себеп болду, мээмдин “булчуңдарын” тигини кыл, муну кыл деп көрсөтмө берген жеке машыктыруучунун көмөгүсүз эле өз алдымча көнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Көп акча, убакыт кетет деп кыжаалат болбогула. Мен миңден ашык китеп сатып алып, аларды изилдеп окууга көп убактымды кетирдим. Бирок ишкерликти үйрөнүүнүн курстарына баруу деле оңой эмес чыгымдарды талап кылат. Менин оюмча, акыркы 5000 жыл аралыгындагы жазылган классикалык чыгармалардан конференцияларда айтылган нерселерге караганда бир топ эле арбын акылман ойлорду табасың. Албетте, ал китептерди туура пайдалансаңар жана алдыдагы кыйынчылыктарды жеңе билсеңер.

Ошентип, мындан ары лидер катары окуп көргүлө: китеп жөнүндө маалыматтарды таап изилдегиле, китептин өзүн кунт коюп окугула, бирок анын майда-барат жактарына алаксыбагыла, окуп бүткөндөн кийин алган билимиңерди жашооңордо колдонгула. Ошентсеңер, өзүңөрдүн деңгээлден жогорку китептерди окуй алаар жөндөмүңөр бар экенине тез эле ынанып, башкаларга үлгү болот деп ишенем.

Аракет кылсаңар, берекетин сөзсүз көрөсүңөр. Улуу акын жана китепкөй Петрарка мындай деген экен: “Китеп укмуштуудай ыракат тартуулайт. Алар биз менен камыр-жумур аралашып, досубузга айланат.” Анда эмесе жакшы китептер менен достошкула!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ (“РухЭш” сайтынан алынды)

Бөлүшүү

Комментарийлер