ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛАТ

  • 16.01.2024
  • 0

Кыргызпатент ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата республикадагы бардык орто билим берүү мекемелери катышкан атайын иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

ОЙЛОП ТАБУУЧУ БАЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛАТ

Ага таланттуу, чыгармачыл, жаратман окуучулар өздөрү ойлоп тапкан жаңычыл эмгектери менен катышат. Ал эми алыскы аймактарда жашаган балдар жаңы долбоор менен онлайн түрүндө тааныша алат.

Бул таланттуу балдар үчүн жөн гана бир күндүк иш-чара эмес, аларга Кыргызпатент өткөрө турган ири долбоорлорго катышууга жол ачат жана даярдайт.

Аталган иш-чара эртең 17-январда саат 11.00дө Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары, 58 А дарегинде жайгашкан Инновациялык борборунда өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер