ОШТУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КАЗАКСТАНДА

  • 24.06.2024
  • 0

Ош технологиялык университети менен Казак улуттук агрардык изилдөө университети (КазУАИУ) арасында түзүлгөн келишимге ылайык технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын төрт магистри, эки профессордук-окутуучулук курамы эл аралык “Жайкы мектеп-2024” аттуу иш-чарага барып, квалификациясын жогорулатып келишти.

Аталган иш-чарага АКШ, Малайзия, Кытай, Германия, Польша, Румыния, Түркия, Россия, Беларусь, Кыргызстан, Өзбекстандан 400дөн ашуун өкүлдөрү катышты.

Жайкы мектептин программасына ылайык биотехнология жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы алдыңкы эксперттердин лекциялары ошондой эле, практикалык мастер-класстар жана илимий мекемелерге экскурсиялар уюштурулду. Катышуучулар илимий-изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелерин талкуулап, тажрыйба алмашып, билимдерин тереңдетип келишти.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Ж.Ирматова лекция окуду.

“Жайкы мектеп-2024” аттуу иш-чаранын максаты жаңы билимди, практикалык көндүмдөрдү, инновациялык технологияларды жана илимий изилдөө ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.

ОшТУдан барган делегация 72 сааттык квалификация жогорулатуу курсуна, эл аралык спорт оюндарына активдүү катышып, жыйынтыгында диплом, сертификаттар менен сыйланышты.

 

Асылзат ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер