ОшТУда ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 18.01.2023
  • 0

ОшТУда ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

Германиянын JIZ уюму тарабынан “Кооперативдик билим берүү логистикасы” аттуу эл аралык семинар-тренинг өттү.

Иш-чарада логистика багыты боюнча ар тараптуу маселелер талкууланып, кеңири маалыматтар берилди. Германиядан келген профессор Френк Нойман бүгүнкү күндө коомдо логистика багытынын өндүрүшкө жана эл чарбасына тийгизген таасири, экономикада колдонулушунун зарылдыгы, логистикалык борборлордун болушу, алардын иш-аракеттери жана башка логистикага тиешелүү болгон бардык маалыматтарга токтолуп, катышуучуларга лекция окуду. Бул эл аралык тренингдин биринчи этабы болуп эсептелет, ошондуктан коңшулаш Өзбекстандан атайын профессор-окутуучулардан турган топ дагы бул иш-чарага катышты. Кийинки этабы  коңшу мамлекетте өткөрүлөт.

ОшТУда ЭЛ АРАЛЫК СЕМИНАР ӨТТҮ

Профессор Френк Нойманды ОшТУнун ректору Ж. Турсунбаев жеке кабыл алып, мындан ары эки тараптуу кызматташуу тууралуу маселелер талкууланды. Сүйлөшүүлөргө ылайык Германиянын жогорку окуу жайлары менен да тыгыз байланышта болуп, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашыруу жолго коюлат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер