ОШТУДА “ЧУҢКУР” КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТТҮ

  • 25.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин сызма геометрия жана графикалык дизайн кафедрасынын доценти Ырысбай Төлөновдун “Чуңкур” аттуу жеке көргөзмөсү көрсөтүлдү.

ОШТУДА “ЧУҢКУР” КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТТҮ

 

 

Көргөзмө сүрөтчүнүн 70 жылдыгына арналып, автордун чыгармачылык жолунун түрдүү этаптарында жаралган чыгармалары элдин назарына коюлду.

Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, факультеттин жамааты жана студенттер катышты.

ОШТУДА “ЧУҢКУР” КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТТҮ

Ырысбай Төлөнов, сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Гапара Айтиев атындагы сыйлыктын лауреаты. Сүрөтчү 1953-жылы 10-декабрда Кыргыз ССРинин Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.1974-жылы Фрунзедеги С.А.Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик бөлүмүнө тапшырган.

Бөлүшүү

Комментарийлер