ОшМУ Кытайдын алдыңкы окуу жайы менен кызматташат

  • 15.05.2024
  • 0

ОшМУга  Кытайдын  Түндүк-Батыш университетинин делегациясы келди. Делегациянын курамында аталган окуу жайдын «Жибек жолу» институтунун, эл аралык байланыштар департаментинин, Экономика, Мененджмент жана Журналистика институттарынын директорлору жана кыргызстандык PhD докторанттары да бар.

ОшМУ Кытайдын алдыңкы окуу жайы менен кызматташат

Алар окуу жай башчысы баштаган структура жетекчилери менен жолугуп, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, кытай тили мугалимдеринин алмашуу программасы жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди карады. Жыйында студенттердин 2+2, 3+1 программалары жана факультеттер аралык журналистика, медицина, информатика жана экономика багытында тыгыз кызматташуу тууралуу кошумчаланды.

ОшМУ Кытайдын алдыңкы окуу жайы менен кызматташат

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен билим берүү, тил үйрөнүү жана кесипкөй адистерди даярдоо жөнүндө сунуштар берилип, эл аралык байланыштар боюнча суроо-жооптор болду.

Буга чейин министр Догдуркүл Кендирбаева баштаган кыргыз делегациясынын Сиань шаарына болгон иш сапарында  Түндүк-Батыш университетинин жетекчилиги менен химиялык инженерия, археология боюнча адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн караган. Симпозиумда Түндүк-Батыш университети менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Бөлүшүү

Комментарийлер