ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

  • 18.03.2022
  • 0

Ош облусунда жайгашкан Чоң-Алай районунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын утурлай Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин базасында «30 жылда 30 жылдык эмгегим, ушул менин агартууга белегим» аттуу облустук семинар уюштурулду. Облустагы география мугалимдери үчүн уюштурулган бул иш-чара тууралуу Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ГЕОГРАФИЯ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Ош билим берүү институтунун жылдык планына ылайык уюштурулуп, ага облустун райондорунан география мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмдөрүндөгү аталган предметтин усулчулары, Чоң-Алай районунун бардык мектептеринин география мугалимдери,  райондук администрациянын өкүлдөрү катышкан. Семинардын алкагында катышуучулар Алайчы уулу Саит мектебинде 30 жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбалуу мугалим Кундузкан Жайчибекованын жана мектептин дагы эки мугалиминин ачык сабактарына сабактарына күбө болушуп, өз пикир-сунуштарын билдиришкен. Андан тышкары мектеп музейин таанытуу, Чоң-Алайдын географиясы боюнча көргөзмө уюштурулуп, окуучулардын “Жети облус, жети дубан – бир тууган, берекелүү Кыргызстан” аттуу класстан тышкаркы иш-чарасы менен жыйынтыкталган.

Облустук семинардын соңунда аталган мектептин жетекчилиги, эмгек жамааты, ошондой эле алдыңкы иш-тажрыйбасы жайылтылган К.Жайчибекова жана башка мугалимдер Ош билим берүү институтунун, райондук администрациянын, билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюздук уюмунун сыйлыктары менен сыйланып, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы белгиленген.

Эске сала кетсек, Алайчы уулу Саит атындагы орто мектеп аталган райондогу жалгыз инновациялык мектеп болуп, түрдүү жетишкендиктери менен мактоого арзып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер