ОРУСИЯ ӨКМӨТҮ ЖАНА БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ МЕКТЕПТЕРДЕГИ ЫСЫК ТАМАК ПРОГРАММАСЫН КОЛДОЙТ

  • 08.02.2024
  • 0

7-февралда Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана өлкөлүк директору Кожиро Накай менен биргеликте Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн каржылоосу менен ысык тамак уюштурулган Чүй облусунун Кант шаарындагы №3 Ивановка башталгыч мектебине жана Д.П.Зубков атындагы №1 гимназия мектебине барышты.

ОРУСИЯ ӨКМӨТҮ ЖАНА БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ МЕКТЕПТЕРДЕГИ ЫСЫК ТАМАК ПРОГРАММАСЫН КОЛДОЙТ

2023-2026-жылдары 300гө жакын мектепке ысык тамак берүүнү колдоо программасына Россия тарап кошумча 15 миллион доллар берди.

ОРУСИЯ ӨКМӨТҮ ЖАНА БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ МЕКТЕПТЕРДЕГИ ЫСЫК ТАМАК ПРОГРАММАСЫН КОЛДОЙТ

Бул демилгенин алкагында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы заманбап ашкана жабдуулары жана байытылган буудай уну менен камсыздап, инженердик баалоо жүргүзүп, мектеп жетекчилигин, мектеп ашпозчуларын окутуп, ата-энелер үчүн сергек жашоого жана туура тамактануу боюнча тренингдерди өткөрөт.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө мектептерге көркөм жана окуу адабияттарын беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер