ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 14.02.2024
  • 0

Аймактарда эмне кеп?

Кызыл-Жол орто мектебинде экинчи ирет мектеп окуучуларынын олимпиадасы өттү. Ага 3-4-5-6-7-8-класстарынын алдыңкы окуучулары (138 окуучу) катышты.

Мектеп олимпиадасы “Жакшылыкта жарыш” фонду менен түзүлгөн пландын жана мектептин жылдык иш мерчеминин алкагында 4-жолу өттү. Саамалык окуучулардын билимге болгон кызыгууларын арттыруу, таланттуу, өзгөчөлөнгөн балдарды аныктап, таанып билүүсүн өркүндөтүү, билим сапатын жогорулатуу максатында уюштурулду.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом, баалуу белектер тапшырылды.

Эскерте кетсек, олимпиада мектеп жетекчилигинин демилгеси жана “Жакшылыкта жарыш” фондунун демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

3-класс

1-орун: Ашимбаев Мухаммед

2-орун: Абдипаттаева Раяна

3-орун: Жусупова Нуркан.

4-класс

1-орун: Джумабаева Раяна

2-орун: Саматова Мээрим

3-орун: Сайфидинов Юсуф

5-класс

1-орун: Сайтбурханова Айгул

2-орун: Айпидинова Сезимай

3-орун: Маматова Аяна

6-класс

1-орун: Камчыев Даниел

2-орун: Исламова Алия

3-орун: Азимов Мирланбек

7-класс

1-орун: Мамашарипова Асия

2-орун: Иматиллаева Хадижа

3-орун: Асанова Сапаргүл

8-класс

1-орун: Ашимбаева Сумая

2-орун: Урузбаева Нуриза

3-орун: Бурханова Хадижа

 

Бөлүшүү

Комментарийлер