НЕМИС ТИЛЧИ МУГАЛИМДЕР КУРУЛТАЙГА ЧОГУЛАТ

  • 22.04.2024
  • 0

2024-жылдын 27-28-апрелинде «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинде өтө турган немис тили мугалимдеринин XIV  республикалык курултайы өтөт. Бул маанилүү иш-чара немис тилин жайылтуу жана тереңдетүүгө арналган билим берүү тармагындагы адистерди чогултат.

НЕМИС ТИЛЧИ МУГАЛИМДЕР КУРУЛТАЙГА ЧОГУЛАТ

Маалыматка таянсак, курултай немис  тилин ийгиликтүү окутууга көмөктөшүүчү заманбап окутуу ыкмаларын талкуулоо жана алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү максатын көздөйт,   немис  тилин окутуунун сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү профессионалдык өнүгүү жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү  болуп саналат.

Иш-чарада билим берүү тармагынан чакырылган адистердин презентациялары, эл аралык программалардын алдыңкы сабактары, ошондой эле мамлекеттик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү болот.

Курултайга  Германия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген немис тили мугалимдери жана ошондой эле лингвистикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар адистер катышат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер