Мугалимдин чеберчилиги: замандан артта калбайлы

  • 14.05.2024
  • 0

Билим берүү системасы абдан тездик менен өнүгүп жаткан убакта мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу абдан маанилүү багыттардын бири. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып жатканда билдирди.

Ал эски ыкма менен эле иштеп жүргөн мугалимдер бар экенин моюнга алып, тез арада заман талабына ылайык жаңылануу зарыл деди.

– Учурда 12 жылдык окуу моделине өтүүгө даярдыктар кызуу жүрүп жаткан кез. Бизге тилди, заманбап технологияны билген мыкты мугалимдер аба менен суудай керек болуп турат. Мына ошол мугалимди сиздер даярдайсыздар. Ошондуктан тез арада жаңыланып, үлгү болушуңар керек, – деди Эдил Байсалов.

Ооба, Э. Байсалов белгилегендей, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдерге багыт берүүдө башкы ролду ойнойт. Институт бул маселени терең изилдеп чыгып, бүгүнкү күндүн талабына ылайык программалар менен мугалимдерди окутууда. Күнүгө өзгөрүп турган заманда мугалимдин билими эскирип кетпеши керек экенин түшүнүп, институт бул максатта өзүнүн ишмердигин, милдеттерин, компетенциясын аныктап алган.

Айта кетчү жагдай, быйыл институтта Кошумча кесиптик билим берүү борбору ачылган. Мында азыркы учурда 15 багытта кесиптик билим берилет. Андан сырткары дагы беш багыт боюнча лицензия алууга документтер даярдалып жатат. Окуу мөөнөтү – 1,5 жыл, окуу формасы – сырттан. Окууну аяктагандар кошумча кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат. Окуу группа топтолору менен ачыла берет. Ошондой эле кайра даярдоо курстары да жанданууда.

Институттун директору Алмазбек Токтомаметов билим берүү тармагын трансформациялоодогу өзгөрүүлөрдү мугалимдерге жеткирүүдө мекеменин ролу абдан чоң экенин айтып, билим берүү тармагын бир нече багытка бөлгөн. Ага ылайык мазмун, контентти жаңылоодо билим берүү стандарты, окуу программалары өзгөрүүгө муктаж. Окуу усулдук комплекси, окуу китептери, методикалык дептерлер жаңыланат, алар менен кантип иштөөнүн усулу мугалимдерге бул мекеме аркылуу жетет. Жалпы эле билим берүүдөгү жаңылыктардын баарын мугалимге, мектепке жеткирип, андан ары алып кетүү иши институтка жүктөлгөн.

– 12 жылдыкка өтүп калсак, 1-класс үчүн 2 500-3000ге жакын башталгыч класстардын мугалимдерин даярдашыбыз зарыл. Ошол мугалимдерди даярдоо үчүн кайра даярдоо курстары ачылды. Алдыда бул багытты да күчөтүшүбүз керек. СТЭМ — предметтерди интеграциялап окутуу маселеси турат. Аны кантип окутуу керек экенин дагы мугалимдерге үйрөтүп жатабыз. 12 жылдыкка даярдыкта Сингапурдун мугалимдери келип биздин тренерлерди окутат. Биздикилер башка тренерлерди окутуп, алар жер-жерлерге барып мугалимдер менен бөлүшөт. Биздин институттун бир багыты ошол болот, – деди директор.

Директордун айтымында, учурда институт тарабынан жасалып жаткан иштердин баары 12 жылдыкка даярдык. Функционалдык сабаттуулук боюнча да мугалимдер окуп жатат. Ал үч бөлүктөн турат: окуп-түшүнүү, табигый предметтик, математикалык сабаттуулук. Бул окуулардан өтүп мугалимдер PISA даярданып жатышат. Мындан сырткары, институтта Moodle электрондук платформасы ишке киргизилген. Анда каалоочулар үчүн аралыктан окуу мүмкүнчүлүгү бар. Портал аркылуу мугалимдер өзү жашаган жеринде туруп эле чеберчилигин өркүндөтүп алса болот. Ал үчүн порталга кирип өзү тандап алган курска каттоодон өтөт. Институт тарабынан логин, пароль алгандан кийин өздүк кабинетине кирип алып сабактарга катыша берсе болот.

– Мугалим окууда канча убак отурганы, кайсы темаларды ачып окуганы, тапшырмаларды аткарганынан бери бизге көрүнүп турат. Курстан өткөн мугалимдердин толук маалыматы жогорудагы электрондук порталга топтоло берет. Быйыл бул платформа менен 60 миңден ашык мугалим курстан өткөн. Учурда Баткенден бир мугалим окуп, сертификат алса, Оштон эки мугалим окуп жатат. Электрондук порталдан тышкары сайтта атайын “Методикалык куржун” бөлүмү түзүлгөн. Бул бөлүмдө мугалимдерге жардам иретинде мыкты, көрсөтмөлүү сабактардын иштелмелери, долбоорлор, азыркы учурда актуалдуу темаларды камтыган видеосабактар институттун мугалимдери менен биргеликте тартылып, ал жакка жүктөлүп турат, – деди А. Токтомаметов биз менен болгон маегинде.

Бул видеосабактарды тартуу үчүн институтта бардык заман талабына ылайык техникалар менен жабдылган кабинет бар. Анда кесипкөй мугалимдер менен биргеликте үлгү сабактар тартылып, сайтка жүктөлүп турат.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер