МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧУУ АЙЫМДАРДЫН ИШИН ИЛГЕРИЛЕТТИ

  • 07.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин “2023-жылдын жыйынтыгы жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2026-жылдардагы пландары” талкууланган жыйында Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялоонун натыйжасында өткөн жылда аткарылган иштердин бири “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы консолидацияланган Мыйзамынын жана “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы болгонун белгиледи.

МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧУУ АЙЫМДАРДЫН ИШИН ИЛГЕРИЛЕТТИ

Докладчы өз сөзүндө жаңы мыйзамда бала бакчаларды лицензиялоо жокко чыгарылып, аккредитациялоонун ордуна окуучулардын жетишкендиктерин көз карандысыз баалоо, окуу жайлары үчүн киреше алып келүүчү иш-аракеттер, окуу жайлардын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурстук тандоо жана аларды андан ары аттестациялоо, курстарга лицензияны жокко чыгаруу киргизилип, билим берүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө басым жасалганын айтты.

Айрыкча республикабыздын борбор калаасында чыныгы таңсыздыкка айланган бала бакчаларды ачуу үчүн мурда документтин 16 түрү талап кылынып, лицензия алуу чоң тоскоолдуктарды жаратып келген. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен 2023-жылы үй тибиндеги бала бакчаларды иштетүүгө кеңири жол ачылды.

Учурда үй тибиндеги бала бакча ачуу демилгеси республикада кеңири жайылууда. Ушундай ыкма менен ачылып иштеп жаткан 42 бала бакчада 1000ден ашык бала тарбияланат. Алсак, Бишкек шаарында жалпысынан 36 (Биринчи Май районунда — 18, Ленин районунда — 18) ачылса, Чүй облусунда бирөө, алыскы Баткен облусунун Баткен районунда эки жана Лейлек районунда эки жеке менчик бала бакча ачылган. Баткен шаарында эже сиңди Махабат жана Ибадат Алимова ачкан “Интеллект-Баткен” билим берүү борборунда мектеп жашына чейинки балдардан тышкары кошумча окуулар, курстар ачылып, алды республикалык, эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратып жатат. Ал айымдар акселераторлор программасынын жардамы менен каражат таап, тапкан кирешелерин кайра эле балдардын билим алуусуна жумшайт.

Докладчы сөзүндө жеке менчик бала бакчаларды мындай ыкманын жардамы менен ачуунун негизинде аял ишкерлиги колдоого алынып, аларды мамлекет өзү каржылоого алуу жагы да каралып жатканын айтты.

Балдарды бала бакча менен камсыздоо билим берүүдөгү эң артыкчылыктуу багыт болуп калууда. Жакынкы жылдары бала бакча менен камсыз кылуу көрсөткүчү бала бакчалардагы кыска мөөнөткө гана колдонулуп келген уктоочу бөлмөлөрдү оптималдаштыруу, өкмөттүк акселерация программасын жайылтуунун натыйжасында бала бакчалардын санын көбөйтүү жана үч сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчалардын жардамы менен балдарды мектепке даярдоо көрсөткүчүн 40% жеткирүү максат кылынууда. Азыркы учурда бул көрсөткүч болгону 26,4% түзөт.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер