“МЕН ЭМЕС, БИЗ!»

  • 18.03.2024
  • 0

«Казак — кандашым, өзбек — өз элим, тажик — тагдырлашым, түркмөн — тамырлашым».            

                                                                                               И.РАЗЗАКОВ

Лейлек районунда Исфана орто мектебинин базасында «Баткен» лидерлери тарабынан Баткен облусунда улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо жана түрдүү улуттардын, этностордун биримдигин бекемдөө, улуттардын маданиятын жайылтуу максатында «Мен эмес, БИЗ!» фестивалы Нооруз майрамынын алдында старт алды.

“МЕН ЭМЕС, БИЗ!"

Биринчи турдан 30 өтүнмөдөн, башкача айтканда, онлайн турдан 13 мектеп жарым финалга өткөн.

“МЕН ЭМЕС, БИЗ!"

Алар:  В.И.Ленин атындагы орто мектеби — Россия Федерациясы; «Ысык-Көл» орто мектеби — Өзбекстан; «Тайлан» орто мектеби — Грузия; №1 гимназия жатак-интернаты — Улуу Британия; «Исфана» орто мектеби — Өзбекстан; «Илим» орто мектеби — Тажикстан; Казыев Кожояр атындагы орто мектеби — Түркия; Д.Жороев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби — Казакстан; Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби — Кытай; «Келечек» орто мектеби — Азербайжан; А.Навои атындагы орто мектеби — Түркия; №4 гимназия-интернаты — АКШ; Амир Темир атындагы орто мектеби — АКШ.

“МЕН ЭМЕС, БИЗ!"

“МЕН ЭМЕС, БИЗ!"

— Бүгүн ошол мектептер түрдүү өлкөлөрдүн жана улуттардын ыр, бийлерин жана сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Ошол өлкө жөнүндө таанытым жасашты. Макал-лакаптарын айтышты. Долбоорду көп улуттуу Баткен жергесине арнаган «Баткен» лидерлерине жана алардын өнөктөшү «Чыгыш» эл аралык өнүктүрүү институтуна ыраазычылык билдиребиз, — дейт Жеңишбек Абдиназаров.

Улуттар биримдиги — улуу байлыгыбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер