МЕКЕНИМ МЕНДЕН БАШТАЛАТ, ӨЛКӨБҮЗ  БИЗГЕ АМАНАТ!

  • 05.02.2024
  • 0

Нарын районундагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын колдоо жана ишке ашыруу максатында «Мекеним менден башталат, өлкөбүз бизге аманат!» аталышындагы райондук семинар болуп өттү.

МЕКЕНИМ МЕНДЕН БАШТАЛАТ, ӨЛКӨБҮЗ  БИЗГЕ АМАНАТ!

Маалыматка ылайык, cеминар Манастын училтигин жайылтуу боюнча Жарлыгы менен башталып, окуучулар ураандап «Манас» чакырып, иш-чараны көңүлдүү маанай менен ачышты. Бул семинардын алкагында Жарлыктар тууралуу сабак өтүлүп, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилер, билим берүү кызматкерлери, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Ал эми Мирзат Мамбетова «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна — 100 жыл» аталышындагы сабак өтсө,  Чолпон Нарынбек кызы «Улуттук нарк»,  Турдалиева Сүйүн менен Ишеналы кызы Жумакан «Ысырапкорчулук — кедейликтин белгиси», Медеров Марс, Жумаалы уулу Мелис, Бексултанова Нургиза «Ак илбирс өлкөнүн улуттук символу»,  Намыраева Айзада «Кыргыз жараны», Усупова Нуржан, Баялиева Элзат ата-энелер программасынын негизинде «Үй-бүлөдөгү тарбиялоонун ыкмалары, үй-бүлөдөгү жазалоо жана мактоо жана жаман жактары», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» темасында ары кызыктуу, ары чыгармачылык менен даярдалган ачык сабактарды жогорку деңгээлде өтүп, семинардын катышуучуларынын жакшы пикирлерине арзышты.

Иш-чара “Менин дүйнөм ыр менен» аталышындагы концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Жарлыктардын максаты жана түшүнүктөр боюнча айыл тургундарына, айылдык кенештин депутаттарына, соцкызматкерлерге, айыл тургундарына, мектеп жамаатына жана окуучуларга кеңири түшүнүктөр берилди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер